Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыкадырова: спектаклдер терс көрүнүштөрдү ачык көрсөтүп, адам болууга үндөйт

© Sputnik / Асель СыдыковаКасымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова гастролдо бүгүнкү мезгилдин ачуу реалдуулугун чагылдырган терең жана көп маанилүү спектаклдер коюларын айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасы менен Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкек жана Ош шаарларын кыдырат. Бул тууралуу Света Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдыкадырова: спектаклдер терс көрүнүштөрдү ачык көрсөтүп, адам болууга үндөйт
Анын айтымында, 30 адамдан турган чыгармачыл топтун гастролу 29-февралдан 4-мартка чейин уланат.
"Театр труппасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" жана Султан Раевдин "Күн кармаган бала" спектаклдерин шаар тургундарына тартуулайт. Программа боюнча, 29-февраль ("Ак кеме" — 13:30, 18:30) жана 1-март ("Күн кармаган бала" — 13:30, 18:30да) күндөрү спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында, ал эми 3-4-март күндөрү Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында коюлат. Эки спектаклдин теӊ режиссеру Азербайжан Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма жана комедия театрынын башкы режиссеру Уланмырза Карыпбаев. "Күн кармаган бала" чыгармасы үлгүлүү делген айылдын социалдык турмушун чагылдырат. Анда төрөгөн баласын ажатканага таштагандан айбыкпаган аял, жан дүйнө деградациясына учураган, аракка тоюп алган аракечтер, маңкуртчулук менен алмончоктой кыздын зордукталып өлтүрүлүшү, адеп-ахлак кунарсыздыгы көрсөтүлөт, тагыраагы, пейилдин бузулушу бүгүнкү мезгилдин ачуу реалдуулугу экендигин белгилеген терең жана көп маанилүү спектакль десек болот. Коомдогу терс көрүнүштөрдү ачык көрсөтүп, адам баласын өлүм алдында алдастабай, тирүүлүктө адам болуп туура жашап өтүү менен бирге моралдык асылдыкка чакырган чыгарма. Ал эми "Ак кеме" – актыктын, тазалыктын, келечектин символу. Спектаклде чыгармадагы берилген негизги ой толук сакталып, өзүмчүлдүк, адилетсиздик, уятсыздык, мансапкорлук, жан бактылык, кайдыгерлик, алсыздык, көз карандылык, басынтуучулуктун уюгу болгон кардончулардын жексур чөйрөсүндө заманасы куурулган Баланын арманы айтылат. Ошондой эле спектакль жаңыча көз караш менен көрсөтүлүп, Айтматовдун бардык чыгармаларында камтылган "адам уулу канткенде адам бойдон калат" деген негизги проблемасын жана жазуучунун башка чыгармаларындагы негизги каармандардын тагдырын да камтып турат", — деди Абдыкадырова.
Ал спектаклде кандай гана проблема көтөрүлбөсүн ыйман, абийир маселесин курч берип турарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, театр "Күн кармаган бала" спектакли менен 2023-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн ART ORDO -2023 IX эл аралык театр фестивалында жана 2023-жылдын октябрь айында Баку шаарында биринчи эл аралык театралдык фестивалда баш байгени жеңген. Ал эми "Ак кеме" спектакли 2023-жылдын декабрь айында Бишкектеги "Айтматов жана театр" VI эл аралык театр фестивалында баш байгенин бирине (кичи спектакль) ээ болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0