Дүйнөнү багындырган Осмоналиев 70 жашта. Чемпион жөнүндө 5 факт

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүОлимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев. Архив
Олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Бүгүн олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев 70 жашка толду.
Атактуу спортчунун юбилейине карата Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Эмгек менен өткөн балалык. Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген. Бир жарым жашында атасы жол кырсыгынан каза таап, апасы беш бала менен жалгыз калган. Анын балалыгы уй саап, камыр жууруп, талаада иштеп, апасынын колуна кол, бутуна бут болуп жүрүп өткөн.
© Sputnik / Данияр СандыбаевКыргызсткий и советский тяжелоатлет, чемпион Олимпийских игр 1980 года Каныбек Осмоналиев
Кыргызсткий и советский тяжелоатлет, чемпион Олимпийских игр 1980 года Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Спортко 17 жашында келген. Болочоктогу чемпион мектепти аяктагандан кийин шаарда окуйм деген максаты деле болгон эмес. Бирок Каныбектин атасынын бир тууган иниси окууга шыктуу бүтүрүүчү шаарда билим алуусу керек экендигин жеңесине айтып көндүрүп, өспүрүмдү борбор калаага жөнөткөн. Осмоналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине өткөн. Студент кезинде оор атлетика менен машыккан өзү курактуу жигиттер менен бирге спорттук залга барып калат. Бою бир метр 48 сантиметр, салмагы 42 киллограм болгон жаш жигит 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп, машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинет. Машыктыруучу аны шакирти кылып алган.
© Фото / из личного архива Каныбека ОсмоналиеваОлимпийский чемпион, четырехкратный чемпион мира по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев
Олимпийский чемпион, четырехкратный чемпион мира по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
СССРдин эки жолку чемпиону. Ошентип ал 17 жашынан баштап оор атлетика менен машыгып, 20 жашында Кыргыз ССРинин чемпиону болгонго жетишет. Айылдан келген чыйрак жигит жума сайын машыгууга келип жакшы жыйынтыктарды көргөзөт. Каныбек 1973-жылы Таганрог шаарында өткөн Бүткүл союздук студенттердин мелдешинде чемпион аталып, кийинки жылы спорт чебери болот. Андан соң СССРдин жаштар арасындагы мелдештерине катышып байгелүү кайтып, 5-курсунда Советтер Союзунун биринчилигин утуп алат. Эл аралык класстагы спорт чебери 25 жашында чоңдор арасында СССРдин чемпиону болот.
© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүТяжелоатлеты Бонг Чол Хо, Каныбек Осмоналиев и Ген Си Хан
Тяжелоатлеты Бонг Чол Хо, Каныбек Осмоналиев и Ген Си Хан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Америкалыктар суктанган чемпион. Осмоналиев күжүрмөн эмгегинин, маңдай теринин аркасында спорттогу 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болот. СССРдин курама командасына кирген кыргыз 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадага жолдомо алып, ири державанын эң мыкты балбандарынын бирине айланган. Олимпиадада ал 52 киллограм салмактагылар арасында күч сынашып, алтын тагынган. Кыргызстандан барган спортчулар Олимпиадада беш алтын, эки күмүш, бир коло медалга татыган. Ал дүйнөнү багындырган жылдары Американын атынан мелдештерге катышууга чакыруу алган, бирок мекенин сүйгөн уул ага макул болгон эмес.
© Фото / из личного архива Каныбека ОсмоналиеваОлимпийский чемпион, четырехкратный чемпион мира по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев
Олимпийский чемпион, четырехкратный чемпион мира по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Чаалыкпаган устат, чоң ата. Бир топ эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү 30 жашында чоң спорттон кеткен. 1983-жылдан тарта азыркыга чейин машыктыруучулук менен алектенип, учурда ал борбор калаадагы спорттук мектептердин бирин жетектеп келет. Даңк медалынын жана I, III даражадагы Манас орденинин кавалери. Жубайы Медеркан экөө төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Алар учурда 20дан ашык неберенин чоң ата-чоң энеси, таята-таенеси болуп бактылуу өмүр сүрүшүүдө.
СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Кыргыз балетинин жүзү 74 жашка толмок. Чолпонбек Базарбаев жөнүндө 6 факты
Тема боюнча:
КРдин туңгуч премьер-министри 80 жашка чыкмак. Исанов жөнүндө 7 факт
Автоунаасына өтүгүн сала жүргөн министр. Султан Ибраимов жөнүндө 9 факты
Режиссёрду "прибалтикалык кыргыз" дешкен. Альгимантас Видугирис жөнүндө 6 факт
Кыргыз дипломатиясына жол салган Казы Дыйканбаев жөнүндө 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0