00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:11
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Особый акцент
Как получить страховые выплаты после ДТП — советы юриста
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КРдин туңгуч премьер-министри 80 жашка чыкмак. Исанов жөнүндө 7 факт

© Фото / из архива семьи ИсановыхПервый премьер-министр Кыргызстана Насирдин Исанов
Первый премьер-министр Кыргызстана Насирдин Исанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
Бүгүн – көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү саясатчы жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Айылга акча салган студент. Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдагы мектепти ийгиликтүү бүтүргөн өспүрүм 1960-жылы сынактан өтүп кетип, Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтуна окуганы жөнөйт. СССРдин борборунда билим алып жүргөн студент бир жарым жылдай кечкисин окуп, күндүз курулушта иштеген. Москвалыктар менен теңтайлашып окуган элеттик жигит коомдук иштерге да активдүү катышып, айылдагы ата-энесине акча жибергенге да жетишчү.
© Фото / из архива семьи ИсановыхНасирдин Исанов (биринчи солдо) 1960-жылы сынактан өтүп кетип, Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда окуганы жөнөйт.
Первый премьер-министр Кыргызстана Насирдин Исанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Насирдин Исанов (биринчи солдо) 1960-жылы сынактан өтүп кетип, Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда окуганы жөнөйт.
Талыкпас эмгек, кызматтык тепкичтер. Өндүрүштүк жана жарандык курулуш факультетин бүтүрүп мекенине кайтып келген инженер-куруучу 1966-жылы эмгек жолун "Ошгорстрой" ишканасында баштап, мастер, прораб, башкы инженер, техникалык бөлүмдүн жетекчисине чейин жетет. Жаш адис ошол эле маалда Политехникалык институттун Ош шаарындагы филиалында студенттерге да сабак берип иштеген. Кесипкөй жетекчи андан ары Ош облустук компартиянын курулуш бөлүмүндө инструктор, 28 жашында эле "Нарынгидроэнергостройдо" парткомдун катчысы болот. Ал кезде аталган кызмат бир районду башкарган райкомдун ыйгарым укуктарына тең келген.
40 жашында министр болгон. 70-жылдары Кыргыз ССРиндеги ири курулуштардын көбүн башка республикадан келген адистер жүргүзсө, Насирдин Исанов аларды башкарган. Иш билги, тыкан куруучуну ошол кездеги Ош облусун башкарган Султан Ибраимов байкап калып, ага жол көргөзгөн. 1976-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти аяктап келген соң Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин шаардык чарба жана курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, 1979-1983-жылдары ошол бөлүмдүн башчысы болуп, 40 жашында Кыргыз ССРинин курулуш министри кызматына киришет. Үч жыл министрликтин башында турганда борбор калаадагы Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, Өкмөт үйү салынган. 1988-жылы Ысык-Көл облусунун аткаруу комитетинин төрагасы кызматына кеткен.
© предоставлено Марией Исановой70-жылдары Кыргыз ССРиндеги ири курулуштардын көбүн башка республикадан келген адистер жүргүзсө, Насирдин Исанов аларды башкарган
К дню рождения государственного деятеля Насирдина Исанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
70-жылдары Кыргыз ССРиндеги ири курулуштардын көбүн башка республикадан келген адистер жүргүзсө, Насирдин Исанов аларды башкарган
Кыргызстандын туңгуч премьер-министри. 1990-жылдагы президенттик шайлоодо бир нече талапкер катышып, экинчи турга Аскар Акаев менен Насирдин Исанов гана өтөт. Анда Акаев алдыга озуп чыгып президент болуп шайланып, Исанов вице-президент болгон. Ал эми 1991-жылдын башында эгемен Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп дайындалат. Экономика илимдеринин доктору өлкөнүн базар экономикасы боюнча концепциясын иштеп чыккан. Анын замандаштары Исановдун калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун азыркыга чейин эскерип келет.
Комуз чертип, ырдап… Саясатчы комуз, мандолинада ойноп, обон созуп, ыр жазган. Ошондой эле кесиби куруучу болгондуктан үйдөгү курулуш иштерин башка адамга карматчу эмес. Мындан сырткары, ал лыжаны мыкты тепкен.
© Фото / из семейного архива семьи ИсановыхСаясатчы өмүрлүк жолдошу Бүзыйнат экөө бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн
Первый премьер-министр КР Насирдин Исанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Саясатчы өмүрлүк жолдошу Бүзыйнат экөө бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн
Эмгекчил уул-кыздын атасы. Саясатчы өмүрлүк жолдошу Бүзыйнат экөө бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда тун кызы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо бөлүмүн жетектейт. Уулу Алмаз президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгын башкарып келет. Анын уул-кызы атасы жумуштагы маселени үйгө айтып келбеген, мыкты тарбия берген үй-бүлө башчысы болгонун эскеришет.
Каргашалуу жол кырсыгы… Август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмерге Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык наамын ыйгарды. Аткаминер 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан каза болгон. Тергөөнүн расмий маалыматы боюнча, 48 жаштагы Исанов бараткан унааны ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзгөн. Бирок каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, саясатчынын жакындары тергөө иштерине ынанбай келет. Кыргыздын камчыга сап уулунун ысымы жогорку окуу жай, айыл, көчөлөргө ыйгарылган.
Белгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Автоунаасына өтүгүн сала жүргөн министр. Султан Ибраимов жөнүндө 9 факты
СССРдин эл артисти, белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Усубалиев жан тарткан маэстро. Дирижёр Асанкан Жумакматов жөнүндө 7 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0