Режиссёрду "прибалтикалык кыргыз" дешкен. Альгимантас Видугирис жөнүндө 6 факт

© Sputnik / Александр ФедоровБелгилүү кинорежиссёр Альгимантас Видугирис. Архивдик сүрөт
Белгилүү кинорежиссёр Альгимантас Видугирис. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Бүгүн белгилүү кинорежиссёр Альгимантас Видугиристин туулган күнү. Литвада төрөлүп, Кыргызстанда өмүрүн өткөргөн киночу Ала-Тоо койнунда мыкты эмгектерди жаратып, "кыргыз кереметин" түптөөгө өз салымын кошкон.
Sputnik агенттиги киночунун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Кыргыз кызын сүйүп... Кинодраматург Альгимантас Видугирис 1936-жылы 21-июлда Литванын Каунас шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң 1955-жылы ошол эле шаардагы Политехникалык институттун гидротехникалык факультетине тапшырган. Бирок аны 3-курстан таштап, Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна өтүп, 1962-жылы аяктаган. Андан соң жаш киночу Борбор Азия республикаларын кыдырып, Фрунзе шаарына келип кинофестивалга катышат. Бул жакта актриса Роза Табалдиеваны жактырып, туз буюруп, кыргыз жеринде калган.
"Кыргыз кереметин" жаратуучуларынын катарына кошулган. Бөтөн жерге келген кесипкөй кинооператор "Кыргыз фильмге" ишке алынып, Фрунзеде алгач "Күнгө кайрылуу" кинофильмин тартып, бир нече жыл оператор болуп иштейт. Кыргызстанда биротоло орун-очок алганда өзүн режиссёр, сценарист катары сынай баштайт. 1967-жылы Яков Бронштейн экөө "Кумдагы сепилдер" фильмин жаратып, аталган эмгек далай кинофестивалдарда жеңүүчү аталган. Казакстан, Борбор Азия республикаларынын VII кинофестивалында биринчи даражадагы диплом (1968), Польшадан "Золотой дракон Вавеля", Тегерандан "Алтын статуэтка" алып, Финляндия, Австралияга чейин барып көп сыйлыктарга арзыган.
© Sputnik / Александр Федоров80-летие выдающегося кыргызскогокинорежиссера и кинооператора Альгимантас Видугириса
80-летие выдающегося кыргызскогокинорежиссера и кинооператора Альгимантас Видугириса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
80-летие выдающегося кыргызскогокинорежиссера и кинооператора Альгимантас Видугириса
Токтогул ГЭСинин №1 ардактуу куруучусу. Кийин даректүү, көркөм кинокартиналарды жаратууга бел байлап "Жалаң эркектер", "Вахта", "Нарынский дневник", "Перекрытие", "Это не беда", "В год неспокойного солнца", "Бугу эне" өңдүү кинофильмдерди жаратат. Анын Кыргыз ССРиндеги маанилүү окуяларды баяндаган фильмдери азыр "Кыргыз фильмдин" алтын фондунда сакталып турат. Алсак, Кыргызстанда курулган ири гидроэлектростанция, суу сактагычтардын курулушу жөнүндө фильмдерди тартып Токтогул ГЭСинин №1 ардактуу куруучусу аталган. Ал наам режиссёрдон кийин Кыргызстан коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге берилген. Себеби Видугиристин ошол кинокартиналарынын аркасында Москва ири курулуштарга зарыл болгон кошумча акча бөлүп, республиканын эң негизги гидроэлектростанциясы бүткөрүлүп, башка ГЭСтерде иш уланган.
© Sputnik / Александр Федоров"Жалаң эркектер" даректүү кинокартинасы
Фильм режиссера Альгимантаса Видугириса Мужчины без женщин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
"Жалаң эркектер" даректүү кинокартинасы. Архивдик сүрөт
43 өлкөдө көргөзүлгөн тасмасы. Советтик белгилүү режиссёр 1972-жылы "Кыргыз телефильмдин" алдында өспүрүмдөргө арналган кыска метраждуу фильм тартат. "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында мектеп курагындагы Кубанычбек Алыбаев, Бермет Маликова, Олег Каркавцев, Андрей Сопуев, Андрей Губанов, Элмира Илипаева роль жаратат. Кичинекей балдардын ички дүйнөсү, көз карашы, ой жүгүртүүсү, кылык-жоруктарын баяндаган кинокартина дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлүп, СССРге бир топ киреше алып келген. Ошондой эле 1973-жылы V Бүткүл союздук кинофестивалда дипломго татыган. 1975-жылы "Эң мыкты балдар тасмасы үчүн" Ардак грамотасын жана "Алая гвоздика" сыйлыгын алган.
© Sputnik / Александр Федоров"Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында
Фильм Очкарик — пресс-секретарь президента и советская реклама - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
"Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында
Устат, изилдөөчү, публицист. Чыгармачылыктан сырткары кесипкөй киночу Москва, Будапешт, Алматы, Вильнюс шаарларында студенттерге лекция окуп, Фрунзеде да шакирттерине жол көргөзгөн. СССРдин башкы телевидениесине илимий фильмдерди тартып турган. Эмгекчил изилдөөчү 90-жылдары Евразия элдеринин этнографиясын изилдеп эки томдук илимий эмгегин жарыкка чыгарган. Андан сырткары, Америка, Россия, Казакстанда уюштурулган сынак, фестивалдарда калыстар тобунун мүчөсү болгон.
© Sputnik / Александр Федоров Альгимантас Видугирис өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстанда жашап, актриса Роза Табалдиева менен бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.
77 лет киностудии Кыргызфильм - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Альгимантас Видугирис өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстанда жашап, актриса Роза Табалдиева менен бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.
"Прибалтикалык кыргыз". Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери өзүнүн кинофильмдеринде режиссёр, оператор, сценарист болуп гана тим болбостон, кээде каскадёр да болуп коймой жайы болгон. Видугирис эмгек жолунда жалпы 20дай фильм жараткан. Аны кесиптештери көзү тирүү кезинде тамашалап "прибалтикалык кыргыз", "видукыргыз" деп коюшчу. Альгимантас Видугирис өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстанда жашап, актриса Роза Табалдиева менен бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр уулу Стасис Литванын Кыргызстандагы ардактуу консулу. КР эл артисти Альгимантас Видугирис оорудан улам 2010-жылы 74 жашында акка моюн сунуп, сөөгү Бишкек шаарында жерге берилген.
Көз айнек жана лупа китепте жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Кыргыздар "ак байбиче" деп коюшчу. Изилдөөчү Клавдия Антипина жөнүндө 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0