Автоунаасына өтүгүн сала жүргөн министр. Султан Ибраимов жөнүндө 9 факты

© Фото / Александр ФедоровБелгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов. Архив
Белгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Бүгүн белгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Союз учурунда бир топ жогорку кызматтарды аркалап, иши менен элдин эсинде калган кыргыздын камчыга сап уулунун көзү тирүү болгондо быйыл 96 жашка чыкмак.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага байланыштуу Султан Ибраимов жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Согуш учурундагы тракторчу. Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепте билим алып жүргөн кезде Улуу Ата Мекендик согуш башталып, 14 жаштагы өспүрүм өзү курактуу балдар менен биргеликте талаада трактор айдап колхоздо иштеп, жеңишке өз салымын кошкон.
Ташкентте билим алган жылдар. Согуш аяктагандан кийин, 1946-жылы, Фрунзедеги Гидромелиоратив техникумуна тапшырып, аны 1949-жылы артыкчылык менен аяктаган. 1952-54-жылдары Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженердик институтунда билим алган. Мекенине кайтып келгенден кийин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Энергетика жана суу чарба институтунда иштей баштаган.
© Фото / из семейного архива семьи ИбраимовыхГосударственный и общественный деятель Султан Ибраимов
Государственный и общественный деятель Султан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Саясаттагы жаш окумуштуу. 1950-жылдардын соңунда Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине чакыртылат. Жаш адис ал жакта эки жылдай бир катар бөлүмдөрдө иштеп, саясатка жана республиканын чарбалык иштерине аралаша баштаган. 1959-жылы Исхак Раззаков Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып дайындаган.
34 жашында министр болгон. Жаңы кызматка келген Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев 1961-жылы 34 жаштагы Ибраимовду Кыргыз ССРинин суу чарба министри кызматына коёт. Жаш министр сугат жердин аянтын көбөйтүү менен алпурушуп, республика аймагындагы кокту-колот, дарыялардын баарын кыдырып, талаадагы элге жакын жетекчи болгон. Өлкө аймагында жүрүп жаткан ири гидроэнергетикалык, ирригациялык курулуштардын, суу боюнча бир катар илимий мекемелердин ачылышынын башында турган. Алардын арасында Токтогул ГЭСи, бир катар суу сактагыч, насостук станциялар бар. Эң кызыгы, министр ал жылдары дайыма кызматтык автоунаасына резина жана булгаары өтүгүн сала жүрчү.
Бардык кызматтык тепкичтерди басып... 1968-78-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болуп, облус башында турганда аймактагы тракторчу, сугатчы, малчы, саанчыларга чейин барып кабар алып, мамлекеттик тарабынан жүктөлгөн пландарды ашыгы менен аткарган. Андан соң Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, 1978-80-жылдары Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалып өкмөт башында турган. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер кайсы жогорку кызматта болбосун, айыл-кыштак, колхоз-совхоздорду кыдырып, эмгекчил жетекчи болгонун көпчүлүк замандаштары азыркыга чейин эстеп келет.
© Фото / Александр ФедоровГосударственный и общественный деятель Султан Ибраимов
Государственный и общественный деятель Султан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Кесипкөйлүктү, чынчылдыкты туу туткан. Султан Ибраимов кандай гана кызматта иштебесин кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, иш билгилигин катуу көңүл бурган. Чарбалык иштерде аны башка жетекчилерден да талап кылган. Эч убакта кимдир бирөөнү тааныш-билиш, тууган-туушкандыкка салып кызматка жөнөтчү эмес. Кыргыздын чыгаан уулу мамлекеттик кызматта иштегендерге, кол алдындагыларга орой сүйлөбөй, дайым өзүнүн жөнөкөйлүгүн, кичипейилдигин көргөзгөн. Айрым жетекчилердей өзүнө жакпагандардын артынан тымызын сая түшпөй, кадрларды куугунтуктабай ынтымакка үндөгөн. Ошондой эле паракорчулукту, кошоматчылыкты жактырбаган жетекчи болгонун шакирттери азыркыга чейин айтат.
Табышмактуу өлүм. Султан Ибраимов 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлгө эс алууга барган. Ал түнү 53 жаштагы саясатчыны Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен. Аялы, небереси үчөө Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга барганда аларды бир гана кызматчы тосуп алган, күзөтчүлөрдөн эч ким болгон эмес. Баары Султан Ибраимов айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана пайда болгон. Өкмөт башчынын мындай өлүмүнө, суук кабарга көпчүлүк кыргызстандык оңой менен ишенген эмес. Чуулуу ишти тергөөгө СССРдеги күчтүү чекисттер тартылып, шектүү катары жергиликтүү Смагин аттуу жаран изделген. Бирок Москвадан келген погончондор аны асынып өлгөн абалда тапкан. Анда табышмактуу өлүмгө байланыштуу көп суроолор жоопсуз калган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев принял участие в церемонии открытия памятника, посвященного 85-летнему юбилею Султана Ибраимова
Атамбаев принял участие в церемонии открытия памятника, посвященного 85-летнему юбилею Султана Ибраимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Кыргыз Республикасынын Баатыры. Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2014-жылы көтөрүп чыккан. Парламенттин 2014-жылдын 17-декабрь күнкү жыйынында айтылган сунуш эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, беш жылдан кийин 2019-жылы мамлекеттик ишмерге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Мыкты уул-кыздардын атасы. Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы келинчеги Рева менен студент кезде сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Жаш жубайлар жаңы үйлөнгөндө борбор калаада эскирген кепеде түтүн булаткан. Султан Ибраимов ал кезде кенже илимий кызматкер болуп иштечү. Бир күнү ал турак жайы урап калып, экөө тун кызы менен алачыкта жашап жүрүп батирге жеткендигин кыздары эскерет. Түгөйлөр эки уул, үч кызды тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Айнура Ибраимова саламаттык сактоо тармагында көп жыл иштеген, экинчи кызы Гүлмира Ибраимова журналист. Кенже кызы Элмира Ибраимова — коомдук ишмер. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, Эсеп палатасын төрт жылдай жетектеген. Эркектердин улуусу Эрмек — дипломат. Бир катар мамлекеттерде элчи, эл аралык уюмдарда өкүл болгон. Азыр Кыргызстандын Беларустагы элчиси. Кичүү уулу Айбек Ибраимов борбор калаада дарыгер.
Тема боюнча:
"Кыргыз жери" элдик гимнинин автору, акын Түмөнбай Байзаков тууралуу 12 факт
Режиссёрду "прибалтикалык кыргыз" дешкен. Альгимантас Видугирис жөнүндө 6 факт
Кыргыздар "ак байбиче" деп коюшчу. Изилдөөчү Клавдия Антипина жөнүндө 6 факт
Усубалиев жан тарткан маэстро. Дирижёр Асанкан Жумакматов жөнүндө 7 факты
Кыргыз дипломатиясына жол салган Казы Дыйканбаев жөнүндө 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0