Кыргыз балетинин жүзү 74 жашка толмок. Чолпонбек Базарбаев жөнүндө 6 факты

© Фото / из личного архива Чолпонбека БазарбаеваСССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаев. Архив
СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 74 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өрнөктүү өмүрүндөгү урунттуу учурларды эскерип, андагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Атайын боюн 17 сантиметр өстүргөн. Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып билим алган. Окуу жайдагы мугалимдер ага боюң жетпей жатат дешкен, чыйрак талант бутуна гира байлап турникке тартынып, бир жайдын ичинде боюн 17 сантиметрге өстүргөн. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында солист болуп, Москва, Ленинград шаарына чейин гастролдоп барган.
© Фото / пресс-служба Минкультуры КРТанцор и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев
Танцор и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Мээримдүү ага. Болочоктогу атактуу балет бийчиси 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен жалгыз калган. Ошол учурда борбор калаада иштеп жүргөн үйдүн улуусу Чолпонбек бир туугандарын шаарда окутуп, жашоодо өз ордун табуусуна көмөктөшүп, агалык милдетин мыкты аткарган. Анын инилеринин бири Кудайберген Базарбаев азыр эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын аркалап келүүдө.
© Фото / Александр ФедоровБазарбаев театрда алгач массалык бийлерде сахнага кесиптештери менен чыгып, бийлөө техникасы жакшырганда "Бакчасарай фонтаны", "Ак куу көлүн" бийлеп, кийин жалаң гана башкы ролдорго дайындалып, 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Балетте табылган сүйүү. Кыргыз ССРинин эл артисти өзүнүн алгачкы жана жалгыз махабатын Фрунзедеги училищеде окуп жүргөндө тапкан. Колуктусу тувалык Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн. Тун уулу Нурлан эрте эле жарык дүйнө менен кош айтышкан. Экинчи баласы Таалай учурда Кыргызстандын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келет.
© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эл артисти өзүнүн алгачкы жана жалгыз махабатын Фрунзедеги училищеде окуп жүргөндө тапкан. Колуктусу тувалык Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
33 жашында СССРдин эл артисти. Базарбаев театрда алгач массалык бийлерде сахнага кесиптештери менен чыгып, бийлөө техникасы жакшырганда "Бакчасарай фонтаны", "Ак куу көлүн" бийлеп, кийин жалаң гана башкы ролдорго дайындалып, 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Башкалардан ийкемдүүлүгү менен айырмаланган жылдыздуу жигит менен коңшу республиканын белгилүү балериналары бир сахнага чыгууга ашыккан. Ал сахнада Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева менен бийлеп, 25 жылда мыкты образдарды жараткан. Эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдарга катышып, кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан. Таланттуу инсандын күйөрмандары союздук республикалардан сырткары Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүндө да пайда болгон. Эмгекчил, күжүрмөн талант 33 жашында СССРдин эл артисти наамына татыган.
© Фото / Александр ФедоровБалетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Директор, көркөм жетекчи, министр. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти өлкө эгемендүүлүктү алган жылдары Кыргызстандагы театр ишмерлеринин союзунда төрага болуп иштеп, 90-жылдары маданият тармагы каралбай калган кезде Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалап далай жаштарга жол көргөзгөн. Андан соң үч жыл Маданият министрлигин жетектеп, тармакты өнүктүргөнгө аракет кылган. Ал жылдары айрым коңшу республикалар театрларын жаап салган эле.
© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти өлкө эгемендүүлүктү алган жылдары Кыргызстандагы театр ишмерлеринин союзунда төрага болуп иштеп, 90-жылдары маданият тармагы каралбай калган кезде Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалап далай жаштарга жол көргөзгөн
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Эрте кеткен талант. Мамлекеттик ишмер бош убактысынын көбүн жакындары, үй-бүлөсү менен өткөрүүнү жактырган. Күн сайын таң атпай саат төрттө туруп алып алтыга чейин китеп окумай адаты болгон. Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы сентябрь айында борбор калаада жол кырсыгынан көз жумган. Улуу талант болгону 53 жашта эле.
Кызыл учкун адабий ийриминин катышуучулары. Отургандардын оңдон биринчиси Мамасалы Абдукаримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Унутта калган агартуучу. Котормочу, жазуучу Мамасалы Абдукаримов тууралуу 9 факт
Актриса Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0