ОшМУда Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков III форум ректоров вузов Кыргызстана и России в Оше
  III форум ректоров вузов Кыргызстана и России в Оше  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Россиянын университеттери ири ишканаларга, чарба субъектилерине, уюмдарга кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп келери белгиленди.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү.
Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашык ректорлору менен профилдик министрликтердин жетекчилери катышты.
Жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулоо, КР менен РФтин билим берүү системасын Евразия интеграциясынын алкагында даярдоо максатында уюштурулду.
Форум КРдин Билим берүү жана илим министрлиги, КРдин Университеттер ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети, РФтин Илим жана жогорку билим министрлиги, РФтин Ректорлор союзу жана Ломоносов атындагы МГУ тарабынан уюштурулду.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү

Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашык ректорлору менен профилдик министрликтердин жетекчилери катышты

Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашык ректорлору менен профилдик министрликтердин жетекчилери катышты - Sputnik Кыргызстан
2/2

Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашык ректорлору менен профилдик министрликтердин жетекчилери катышты

1/2

Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү

2/2

Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашык ректорлору менен профилдик министрликтердин жетекчилери катышты

Белгилей кетсек, форум алгачкы ирет 2019-жылы Бишкекте өткөн. Экинчи форум 2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбургдагы Борис Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин базасында уюштурулган.
Урал федералдык университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору Сергей Тушин окуу жайлар ортосунда тыгыз кызматташуу жүрүп жатканын айтты.
"Үчүнчү форум биздин мамлекеттер аралык кызматташуу үчүн өтө маанилүү болгон башка иш-чаралар менен катар өтүп жатканы (КМШ саммити) жөн жерден эмес. Ар бир ушундай жолугушуулар, форумдар эки тараптуу кызматташууну жакшыртууга чоң түрткү берет. Россиянын университеттери "Кыргыз индустрия", "Кыргыз Алтын" сыяктуу ири ишканаларга, чарба субъектилерине, уюмдарга кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл буруп келет", — деди Тушин.
Ал ошондой эле форумдун алкагында Ош мамлекеттик университети жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен келишимдерге кол коюларын кошумчалады.
Россиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Россиянын илим министри Айтматовдун тил жөнүндө айткандарына токтолду
Жаңылыктар түрмөгү
0