00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Израиль узакка созулчу оор согушка киришти. Өкмөттүн билдирүүсү

© AP Photo / Abir SultanИзраилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Жазылуу
Премьер-министр согуштун биринчи бөлүгү аяктап калганын белгилеген.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху социалдык тармактагы баракчасына өлкө узакка созула турган согушка киришкенин жазды.
"Биз ХАМАС тобунун кандуу кол салуусунан улам узакка созула турган татаал согушка киришип жатабыз. Учурда анын биринчи этабы аягына чыгып калды, анда биздин аймакка бастырып кирген душмандын көп бөлүгү жок кылынды", — деген Нетаньяху.
Ошол эле учурда Израиль Газада дагы чабуулдук этапты баштаган, ал өлкө максатына жетмейинче тынымсыз уланат.
Премьердин канцеляриясынын маалыматы боюнча, министрлер кабинети бир катар ыкчам чечимдерди кабыл алган. Алар ХАМАСтын жана "Ислам жихады"* топторунун аскердик-саясий аракеттерин жок кылууга багытталган.
"Көп жылдардан бери Израилдин жарандарын коркутуп, зыян келтирчү аракеттерин жок кылуу боюнча чечимдер кабыл алынды", — дешти канцеляриядан.
Маалыматтарда айтылгандай, Тель-Авив Газа секторуна электр энергиясын берүүнү, күйүүчү май менен товар жеткирүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алган.
Өз кезинде Израилдин коргоо министри Йоав Галант өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө абал режимин киргизүүнү тапшырган.

Жаңжалдын чоо-жайы

Ишемби күнү эртең менен Газа секторунан радикалдар Израилдин аймагына миңдеген ракета учурган. ХАМАС тобунун согушкерлери Израилдин чек арадагы райондоруна кирип барды деген маалымат тараган. Полициянын айтымында, алардын саны өлкө боюнча 14 жерде 60тан кем эмес.
ХАМАСтын аскердик бөлүгү Израилге каршы "Потоп Аль-Аксы" деп аталган операция баштаганын жар салды. Анклавдан 5000 ракета кое берилген. Кыймыл өкүлүнүн айтымында, 35 израилдик аскер адамы туткунга алынган.
Израилдин армиясы "Темир кылыч" аталышындагы контртеррордук операция башталганын билдирди. Ондогон истребителдер Газа секторундагы ХАМАСка сокку урууда. Бийлик Израиль согуш босогосунда турганын айтып, өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланды.
Акыркы маалымат боюнча, кагылышуудан 300дөн ашуун израилдик каза таап, 1 864 киши жабыркаган. Ал эми Газа секторунда 232 адам көз жуумп, жабыркагандар 1,7 миң болду.
Израил менен Газа секторунун ортосундагы кырдаалдын курчушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Израилдеги куралдуу кагылышууда жабыркагандардын арасында КР жарандары жок
Жаңылыктар түрмөгү
0