https://sputnik.kg/20231008/batyshka-taamaj-diagnoz-1079243064.html
Батышка таамай диагноз. "Валдай" клубунун жыйынынан баян
Батышка таамай диагноз. "Валдай" клубунун жыйынынан баян
Sputnik Кыргызстан
"Валдай" дискуссиялык клубунун бул жолку жыйынында Путин суроолорго жооп берип жатып Россиянын улуулугунун формуласы суверенитетин бекемдөөдө экенине токтолуп... 08.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-08T21:56+0600
2023-10-08T21:56+0600
2023-10-08T21:56+0600
аналитика
колумнисттер
дүйнөдө
россия
батыш
владимир путин
талкуу
цивилизация
"валдай" клубу
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/08/1079242893_0:0:3133:1762_1920x0_80_0_0_c5333ce98ca2f2584d01c5b611f96acc.jpg
Бул ирет Петр Акопов россиялык лидердин "Валдай" клубундагы сөздөрүн талдап көргөн. Серепчинин макаласын РИА Новости жарыялаган.Путин украиналык каатчылыкта кеп территориялык жаңжалда эмес, жаңы дүйнө түзүмүнүн принциптеринде экенин билдирди. Адамзаттын алдында жаңы дүйнө куруу милдети турганын белгиледи. Путин Россия дүйнөлүк гегемонияга доомат коюу менен Батышка чакырык таштаганын да тастыктагандай болду.Гегемония бир нече фактордон улам, тагыраак, Батыштын алысты көрө албаганы, өзүнө бекем ишенип алганы, дүйнөлүк цивилизациялардын адилеттүү дүйнө түзүмүн түптөөгө умтулушу жана Россиянын аракеттеринен улам кыйраганы турат. Путин: "АКШ жана анын желдеттери аскердик, саясий, экономикалык, маданий, ал тургай моралдык, баалуулук гегемониясына катуу багыт алышты", — деди.Ошону менен бирге эле россиялык лидер: "Дүйнө өтө татаал жана көп түрдүү, аны бир схемага баш ийдирип коюш мүмкүн эмес", — деп белгиледи. Россияда да, Кытай, Индия, ислам ааламында, ал түгүл Батыштын өзүндө дүйнөлүк үстөмдүктүн майнапсыз, ал тургай кооптуу экенин эскерткендер жетиштүү эле болгон. Путиндин баамында, маселе геосаясий кызыкчылыктарда жана башкаларга төбөдөн караган мамиледе. Ошондой эле көйгөй өзүнө бекем ишенип алышта."Батыштын тарыхы, маңызында тынымсыз экспансия хроникасы эмеспи. Дүйнөдө Батыштын таасири — бул эбегейсиз аскердик-каржылык пирамида. Анын сакталышы үчүн башкаларга таандык табигый, технологиялык, адамдык ресурстарга муктаж. Ошол себептен Батыш токтоно албайт, токтоого да ниети жок", — деди россиялык лидер.Анткен менен Батыш сүйлөшүүлөргө барбайт, себеби лидерликтен баш тартуу деген ойду кабыл алгысы да жок. Ошондуктан дүйнөлүк фактор байкалат: калган дүйнөлүк цивилизациялар жаңы тартип түзүүгө белсенет. Путин "Валдай" клубунда дал ошол туурасында айтты.Путин мүнөздөгөн келечектеги дүйнө түзүмү — бул теңата дүйнөлүк цивилизациялардын көп түрдүүлүгү. Анда ар бири өз маданият, салт-санаасын, өз калкынын мүдөөсүн чагылдырат."Адамзат жаңы тирешке эмес, жаңы ааламдашууга, мамлекет-цивилизациялардын, ири мейкиндиктердин, жалпылыктардын ширелишине татыктуу. Ошону менен бирге эле цивилизация — баарына тегиз бирдей болгудай универсалдык түзүлүш эмес. Бири-биринен айырмаланат, ар бири өз маданий планында өзүн-өзү толук камсыздай алат. Өз үрп-адаттарынан, тарыхынан баалуу идеялык принциптерди алат. Өздөрүнө болгон сый да башкаларга көрсөткөн ызаатынан келип чыгат. Ошондуктан цивилизация эч кимге эч нерсени таңуулабайт, өзүнө да башкалар тарабынан таңууланышына жол бербейт. Эгер дал ушул эреже сакталса, бул эл аралык алакалардын бардык катышуучуларынын эриш-аркактыгы жана жаратмандык өз ара аракеттешүүнү камсыздай алат", – деди.Ал эми Батыш өзүнүн да, европалык да эмес, ал жактагы каймактардын глобалисттик бөлүгү трансгуманисттик баалулуктарды, бир эле убакта Чыгышка да, Батышка да кас трансцивилизацияны таңуулап турган чагы. Ошол үстөмдүккө каршылык барган сайын күч алып, ушул көрүнүштү терең түшүнүү Путинге "цивилизациялык таяныч — заманбап, тилекке каршы, башаламан, ал тургай кооптуу, өз нугунан тайган дүйнөдө ийгиликтин зарыл шарттары" экенин кайталап айтууга негиз берет.Россия дал ушул нерсеге — дүйнөлүк цивилизациялардын улам күчөп бараткан татаалдыгына басым жасап, жаңы дүйнө түптөө, келечекке кандай жол тандоо боюнча өз ара макулдашууга умтулат.
https://sputnik.kg/20231006/putindin-valdaydagy-sozu-keniri-tezister-1079181885.html
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/08/1079242893_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_2d4bb5105df675c23fbb57c5c64e2bfa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
аналитика, колумнисттер, дүйнөдө, россия, батыш, владимир путин, талкуу, цивилизация, "валдай" клубу
аналитика, колумнисттер, дүйнөдө, россия, батыш, владимир путин, талкуу, цивилизация, "валдай" клубу
Батышка таамай диагноз. "Валдай" клубунун жыйынынан баян
"Валдай" дискуссиялык клубунун бул жолку жыйынында Путин суроолорго жооп берип жатып Россиянын улуулугунун формуласы суверенитетин бекемдөөдө экенине токтолуп, учурдагы эл аралык кырдаалга баасын берип, анын келечегин да боолголоду.
Бул ирет Петр Акопов россиялык лидердин "Валдай" клубундагы сөздөрүн талдап көргөн. Серепчинин макаласын
РИА Новости жарыялаган.
Путин украиналык каатчылыкта кеп территориялык жаңжалда эмес, жаңы дүйнө түзүмүнүн принциптеринде экенин билдирди. Адамзаттын алдында жаңы дүйнө куруу милдети турганын белгиледи. Путин Россия дүйнөлүк гегемонияга доомат коюу менен Батышка чакырык таштаганын да тастыктагандай болду.
Гегемония бир нече фактордон улам, тагыраак, Батыштын алысты көрө албаганы, өзүнө бекем ишенип алганы, дүйнөлүк цивилизациялардын адилеттүү дүйнө түзүмүн түптөөгө умтулушу жана Россиянын аракеттеринен улам кыйраганы турат. Путин: "АКШ жана анын желдеттери аскердик, саясий, экономикалык, маданий, ал тургай моралдык, баалуулук гегемониясына катуу багыт алышты", — деди.
Ошону менен бирге эле россиялык лидер: "Дүйнө өтө татаал жана көп түрдүү, аны бир схемага баш ийдирип коюш мүмкүн эмес", — деп белгиледи. Россияда да, Кытай, Индия, ислам ааламында, ал түгүл Батыштын өзүндө дүйнөлүк үстөмдүктүн майнапсыз, ал тургай кооптуу экенин эскерткендер жетиштүү эле болгон. Путиндин баамында, маселе геосаясий кызыкчылыктарда жана башкаларга төбөдөн караган мамиледе. Ошондой эле көйгөй өзүнө бекем ишенип алышта.
"Батыштын тарыхы, маңызында тынымсыз экспансия хроникасы эмеспи. Дүйнөдө Батыштын таасири — бул эбегейсиз аскердик-каржылык пирамида. Анын сакталышы үчүн башкаларга таандык табигый, технологиялык, адамдык ресурстарга муктаж. Ошол себептен Батыш токтоно албайт, токтоого да ниети жок", — деди россиялык лидер.
Анткен менен Батыш сүйлөшүүлөргө барбайт, себеби лидерликтен баш тартуу деген ойду кабыл алгысы да жок. Ошондуктан дүйнөлүк фактор байкалат: калган дүйнөлүк цивилизациялар жаңы тартип түзүүгө белсенет. Путин "Валдай" клубунда дал ошол туурасында айтты.
Путин мүнөздөгөн келечектеги дүйнө түзүмү — бул теңата дүйнөлүк цивилизациялардын көп түрдүүлүгү. Анда ар бири өз маданият, салт-санаасын, өз калкынын мүдөөсүн чагылдырат.
"Адамзат жаңы тирешке эмес, жаңы ааламдашууга, мамлекет-цивилизациялардын, ири мейкиндиктердин, жалпылыктардын ширелишине татыктуу. Ошону менен бирге эле цивилизация — баарына тегиз бирдей болгудай универсалдык түзүлүш эмес. Бири-биринен айырмаланат, ар бири өз маданий планында өзүн-өзү толук камсыздай алат. Өз үрп-адаттарынан, тарыхынан баалуу идеялык принциптерди алат. Өздөрүнө болгон сый да башкаларга көрсөткөн ызаатынан келип чыгат. Ошондуктан цивилизация эч кимге эч нерсени таңуулабайт, өзүнө да башкалар тарабынан таңууланышына жол бербейт. Эгер дал ушул эреже сакталса, бул эл аралык алакалардын бардык катышуучуларынын эриш-аркактыгы жана жаратмандык өз ара аракеттешүүнү камсыздай алат", – деди.
Ал эми Батыш өзүнүн да, европалык да эмес, ал жактагы каймактардын глобалисттик бөлүгү трансгуманисттик баалулуктарды, бир эле убакта Чыгышка да, Батышка да кас трансцивилизацияны таңуулап турган чагы. Ошол үстөмдүккө каршылык барган сайын күч алып, ушул көрүнүштү терең түшүнүү Путинге "цивилизациялык таяныч — заманбап, тилекке каршы, башаламан, ал тургай кооптуу, өз нугунан тайган дүйнөдө ийгиликтин зарыл шарттары" экенин кайталап айтууга негиз берет.
Россия дал ушул нерсеге — дүйнөлүк цивилизациялардын улам күчөп бараткан татаалдыгына басым жасап, жаңы дүйнө түптөө, келечекке кандай жол тандоо боюнча өз ара макулдашууга умтулат.
6 Тогуздун айы 2023, 12:10