https://sputnik.kg/20230907/kyrgyzstandyktar-vizasyz-kaysy-olkolorgo-bara-alyshat-1078404938.html
Кыргызстандыктар визасыз кайсы өлкөлөргө бара алышат
Кыргызстандыктар визасыз кайсы өлкөлөргө бара алышат
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар дүйнөнүн 29 мамлекетине визасы жок бара алышарын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 07.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-07T18:00+0600
2023-09-07T18:00+0600
2023-09-07T18:00+0600
кыргызстан
тышкы иштер министрлиги
виза
уруксат
мөөнөт
чектөө
инфографика
https://sputnik.kg/img/07e7/09/06/1078380013_0:262:1201:938_1920x0_80_0_0_be08143b5b7ab572367d4573ff807435.png
Чет жакта өлкөлөрдүн бекиткен мөөнөтүнө карата жарандардын 21ден 360 күнгө чейинки убакытта болуу мүмкүнчүлүгү бар. Кененирээк биз сунуштаган инфографикадан көрүүгө болот.Корея Элдик Демократиялык Республикасы менен Кубага виза туристтик пакеттеги (отелдин брондолушу, кайра келгенге алынган билети) эс алуу мөөнөтү каралган күнгө карата берилет.Кыргызстандыктар колунда визасы жок болсо чет мамлекеттердин ичинен эң аз Доминик (21 күн) менен Барбадосто (28 күн) жүрө алышат. Эң узак Грузия мамлекетинде 360 күнгө калууга болот. Армения, Антигуа жана Барбуда өлкөлөрү жарым жылга чейин уруксат беришкен.Сент-Винсент жана Гренадиндер, Филиппиндер, Сейшель аралдары, Микронезия, Вьетнам, Мальдив аралдарында визасыз бир айга чейин калуу мүмкүнчүлүгү бар.Өзбекстан коңшуларына 60 күндүк мөөнөткө уруксат берген. Эки айга чукул Азербайжанга, Молдовага, Малайзияга, Монголияга, Сербияга, Түркияга, Украинага, Гаитиге, Намибияга, Эквадорго, Тринидад менен Тобагого барып келсе болот.Ал эми мөөнөтсүз Беларуста, Казакстанда, Россияда жана Тажикстанда жүрө берүү мүмкүнчүлүгү жаралган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Алтынай Орозалиева
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076665809_25:151:442:568_100x100_80_0_0_ac9e190d271a3a30e60e211ce5311af2.jpg
Алтынай Орозалиева
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076665809_25:151:442:568_100x100_80_0_0_ac9e190d271a3a30e60e211ce5311af2.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/06/1078380013_0:150:1201:1051_1920x0_80_0_0_de2def68443371ba4c73169b16c12a48.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Алтынай Орозалиева
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076665809_25:151:442:568_100x100_80_0_0_ac9e190d271a3a30e60e211ce5311af2.jpg
кыргызстан, тышкы иштер министрлиги, виза, уруксат, мөөнөт, чектөө, инфографика, инфографика
кыргызстан, тышкы иштер министрлиги, виза, уруксат, мөөнөт, чектөө, инфографика, инфографика
Кыргызстандыктар визасыз кайсы өлкөлөргө бара алышат
Алтынай Орозалиева
Журналист
Кыргызстандыктар дүйнөнүн 29 мамлекетине визасы жок бара алышарын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Чет жакта өлкөлөрдүн бекиткен мөөнөтүнө карата жарандардын 21ден 360 күнгө чейинки убакытта болуу мүмкүнчүлүгү бар. Кененирээк биз сунуштаган инфографикадан көрүүгө болот.
Корея Элдик Демократиялык Республикасы менен Кубага виза туристтик пакеттеги (отелдин брондолушу, кайра келгенге алынган билети) эс алуу мөөнөтү каралган күнгө карата берилет.
Кыргызстандыктар колунда визасы жок болсо чет мамлекеттердин ичинен эң аз Доминик (21 күн) менен Барбадосто (28 күн) жүрө алышат. Эң узак Грузия мамлекетинде 360 күнгө калууга болот. Армения, Антигуа жана Барбуда өлкөлөрү жарым жылга чейин уруксат беришкен.
Сент-Винсент жана Гренадиндер, Филиппиндер, Сейшель аралдары, Микронезия, Вьетнам, Мальдив аралдарында визасыз бир айга чейин калуу мүмкүнчүлүгү бар.
Өзбекстан коңшуларына 60 күндүк мөөнөткө уруксат берген. Эки айга чукул Азербайжанга, Молдовага, Малайзияга, Монголияга, Сербияга, Түркияга, Украинага, Гаитиге, Намибияга, Эквадорго, Тринидад менен Тобагого барып келсе болот.
Ал эми мөөнөтсүз Беларуста, Казакстанда, Россияда жана Тажикстанда жүрө берүү мүмкүнчүлүгү жаралган.