Россиялык SJ-100дүн абага алгачкы талпынышы эмнени туюндурат? Сереп

© Фото / Пресс-служба ОАК / Медиабанкка өтүүРоссиялык SJ-100 учагы. Архивдик сүрөт
Россиялык SJ-100 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
29-августта Комсомольск-на-Амуре шаарындагы SJ-100дүн пайда болушу өндүрүштүн өргө өсүшүнөн кабар берет. Келечекте жарандык учак куруу тармагында РФтин дүйнөлүк лидерлигинин келечектүү экенин, авиациялык өнөр жайдын кайра жанданышын айгинелейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет россиялык жаңы учактын мүнөздөмөлөрүнө кеңири токтолгон.
"Яковлев" өндүрүш борбору тарабынан иштелип чыккан россиялык жакын магистралдык SJ-100 учагынын сынамык үлгүсү 3000 метрге чейинки бийиктикте жакшы тескелип, бышык экенин, бардык тутумдары туруктуу иштей турганын тастыктады. Айтмакчы, үч жыл аралыгында чет өлкөлүк өндүрүштөгү ошол тутумдардын кырк даанасы россиялык системалар менен алмаштырылганы белгилүү. "Супержеттин" импорттук тетиктеринин үлүшү мурда 70 пайызга чыккан, анткен менен россиялык SSJ-100 – конструктивдүү түрдө жапжаңы машина.
Россиялык иштеп чыгуучулар жана өндүрүшчүлөр учакка өздөрүнүн конструктордук табылгаларын, технологияларын орното алышты. Анын ичинде авионика, шасси, кошумча күч орнотмосу, башкаруунун комплекстүү тутуму, ошондой эле электр жабдуунун, абаны салкындатуу, өрткө каршы коргонуу жана башка системалар бар.
ПД-8 кыймылдаткычтары өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алар 2022-жылдын декабрынан тарта сынала баштаган. Жаңы "Супержеттин" сыноо программаларын ылдамдатуу үчүн сынамык үлгүдө мурдагы франциялык-россиялык SaM146 кыймылдаткычтары пайдаланылат. Ал эми россиялык кыймылдаткычтарына SJ-100 учактары бир аптадан кийин ээ болушат.
Жаңы муундагы россиялык санарип "Супержет" – болочокко карай технологиялык топ жаруу. Кыймылдаткыч – учактын эң маанилүү жана эң татаал жабдуусу. МС-21 үчүн ПД-14 кыймылдаткычын жасоодогу тажрыйба, "Энергомаш" илимий-өндүрүштүк ишканасынын космостук технологиялары жана адистерин ишке тартуу менен 8000 кг. чейинки форсаждагы күч менен классикалык эки контурдуу турбореактивдүү ПД-8 жасалды. Аталган кыймылдаткыч былтыр май айында стенддик сыноолордон ийгиликтүү өткөн. Сынамык учуштарын да Ил-76 учуучу лабораториянын курамында аяктоодо.
Мурдараак РФтин өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров ПД-8 долбоору Россияга алдыдагы он жылдыктарга технологиялык көз карандысыздыкты камсыз кылып берерин белгилеген эле. SSJ-100, Бе-200, Ил-112В жаңы учактарына жана оор Ми-26 тик учагына ылайыкталган Турбореактивдүү ПД-8 кыймылдаткычтарын сертификациялап, быйыл жылдын аягына дейре сериялык өндүрүшүн баштоо пландалууда.
Ка-52 Аллигатор тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп

Санкцияларга карабай...

Жаңы муундагы жакын магистралдык реактивдүү SJ-100 учагы 4 320 чакырымга чейинки аралыкка учуп, 103 жүргүнчүгө чейин батырып (эң көп коммерциялык жүгү – 10860 кг.) ыңгайлуулукту тартуулайт.
"Супержеттин" артыкчылыгы – аэродинамикасынын мыктылыгы, крейсердик ылдамдыгы – саатына 930 чакырым, учушу электрдистанциялык система менен тескелиши, 2000 метрге чейинки учуш-конуш тилкесин ар кыл климаттык аймакта жана –54°Сдан +45 °Сга чейинки температурада пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
Россияда эки жүз чакты SJ-100 чыгарылган, бул машинаны тогуз авиакомпания пайдаланат. "Аэрофлот" эле SSJ-NEW модификациясындагы 89 учакты алмакчы. Чет өлкөдөн да суроо-талап өсүп, маселен, мексикалык Interjet аба жүк ташуучусу "Супержеттен" 30ду, ирландиялык CityJet авиакомпаниясы 15 учак, индонезиялык Sky Aviation компаниясы – 12, таиланддык Kom Airlines – алты, швейцариялык Comlux – эки SJ-100гө буюртма берген.
Ирандык Iran Aseman Airlines жана Iran Air Tours авиакомпаниялары жаңы версиядагы, башкача айтканда, россиялык өндүрүштөгү жабдуулар менен жасалган 40 SSJ-100 учагын алуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. Бул РФтин чет өлкөлүк буюртмачыларынын тизмесинин башталышы гана.
Биринчи класстагы сыноочу учкуч Леонид Чикунов 2008-жылдан бери SJ-100 учагын айдап келет. Ал аталган машинаны жогору баалап, башкаруунун жеңилдигин, ынанымдуу жана коопсуздугун белгилейт. Эки кыймылдаткычы иштебей калган күндө да "Супержет" 10 метр бийиктиктен 150 чакырымга чейин пландай алат, бул конууга эң жакын аэродромду тандоого мүмкүндүк берет.
Башынан эле SJ-100 учактарын жакын жана орто магистралдык маршруттагы, сериялык өндүрүшү токтотулган Як-42, Ту-134, Ту-154түн ордуна чыгаруу пландалган. Россиялык "Сухой" компаниясы Alenia Aeronautica италиялык ишканасы стратегиялык өнөктөштүктө, франциялык Snecma, америкалык Boeing корпорациясы менен жамаатташтыкта "Супержетти" иштеп чыккан. Бирок батыш санкцияларынын шартында эл аралык кооперация таптакыр жөндөмсүздүгүн көрсөттү. 2022-жылдын жазында россиялык жарандык авиацияга киргизилген чектөөлөр айрым долбоорлор боюнча пландар жана жалпы жонунан авиациялык өнөр жай стратегиясын кыйла өзгөртүп койду.
Өзү жүргөн Мальва гаубицасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык дагы бир табылга. Өзү жүргөн "Мальва" гаубицасынын артыкчылыгы
Чет өлкөдөн жабдуулар келбей калганда Superjet 100 импорттун ордун алмаштырууга туура келип (ПД-8 кыймылдаткычын иштеп чыгуу 2019-жылы старт алган), өндүрүшчүлөр баштан-аяк россиялык SSJ-New долбоорун сертификациялоого киришкен. РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыбинскиде өткөн февралдагы кеңешмеде Николай Патрушев жакынкы жылдары россиялык авиакомпаниялар паркындагы россиялык өндүрүштөгү учактардын үлүшүн 35 пайыздан 81 пайызга чыгаруу пландалганын билдирген.
Россиянын 2030-жылга чейинки авиатранспорттук тармагынын комплекстүү программасында миңден ашуун аба кемесин, анын ичинде 270 МС-21, 142 "Супержет", 70 магистралдык Ту-214 бирдигин, ошондой эле толугу менен жаңыланган аймактык, оор климаттык аймактарга ылайыктуу Ил-114-300 учактарын чыгаруу планы камтылган. Россиялык учак, тик учактардын сериялык өндүрүшүндө дээрлик беш миң кыймылдаткыч чыгаруу каралган.
Авиациялык өнөр жайдын илимий-өндүрүштүк дарамети аскердик гана эмес, жарандык учактарды жасоо боюнча да дүйнөлүк лидерликке чыгууга мүмкүндүк берет. Авиациялык өндүрүш жаңы технологияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү. Эгер ПД-14 кыймылдаткычы дүйнөдө орто магистралдык Boeing-737 учактары (жана европалык аналогдору) менен атаандаштыкка негиз боло алышса, жапжаңы ПД-8 эң зарыл аймактык учактарын чыгаруу тармагында Россиянын позициясын күчтөндүрөт.
Бүгүнкү күндө атаандаш Boeing менен Airbus экөөнүн эч бири өз кыймылдаткычтарын өндүрө албайт, алар америкалык жана европалык жабдууларга көз каранды. ПД-8 кыймылдаткычтарын сериялык өндүрүшүн баштоо менен Россия жеке технологиялык базасында дүйнөгө Батыштан көз карандысыздыктын альтернативасын сунуштай алат. Бул – көп полярдык дүйнөгө, тең жан бөлүнгүс коопсуздукка карай ынанымдуу дагы бир кадам.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Заманбап МиГ-31 истребителинин мүмкүнчүлүктөрү. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0