Заманбап МиГ-31 истребителинин мүмкүнчүлүктөрү. Аскерий сереп

© Фото / пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын МиГ-31 истребители. Архив
Россиянын МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Бешинчи муундагы сокку уруучу учактар чыкса да россиялык МиГ-31 оор истребители дүйнөдө эң күчтүү согуштук аба кемеси бойдон калууда. Курал жана борттук радиоэлектрондук жабдуусунун жаңыртылышы МиГ-31БМ модификациясынын майнаптуулугун дээрлик үч эсеге көтөрдү.
31-июлда Россиянын Аба-космостук күчтөрү заманбапташтырылган МиГ-31 истребителдеринин жаңы партиясын алышты. Титан менен капталган аба кемелери 320 чакырымга чейинки аралыктан буталарын кармап, "аба – аба" тибиндеги жаңы ракеталарды башкаруучу учурга ылайык электроника менен жабдылган.
Учактардын саны айтылган жок, бирок 1994-жылга чейин МиГ-31 истребителинен 500дөн ашуун чыгарылган. Ушул тапта Россиянын Аба-космостук күчтөрү 350 бирдик менен куралданган. 100дөн ашуун машина МиГ-31БМ/БСМ ("Заслон-М" радары менен) версиясына чейин заманга бапташтырылган. Келерки жылга дейре МиГ-31 истребителдеринин 114 бирдигин, андан ары калганын жаңыртуу пландалган.
РФ Коргоо министрлиги жана "МиГ" корпорациясы 2021-жылдын жайында эки мамлекеттик келишимге кол коюшкан. Биринчисине ылайык, катардагы истребителдер МиГ-31БМ жана гиперүндүү "Кинжал" ракеталарын ташуучу МиГ-31К деңгээлине чейин жеткирүү керек эле. Ушуга чейин "отуз биринчилер" сегиз ирет жаңыланып жана модификацияланган. Андай аракет дале уланып келет.
© Sputnik_InfographicsМодернизация тяжелого истребителя МиГ-31
Модернизация тяжелого истребителя МиГ-31 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
МиГ-31дин мурдагы түрлөрүндө командир менен чабуулчу сүйлөшүү түзүлүшү менен аракет этишсе, акыркы модификацияларынын кабинасында жогорку тактикалык, радиолокациялык жана башка маалыматтарга жык ЖК-экрандары бар. Бутасын колго түшүрүүгө гана адистешкен учак бүгүнкү күндө көп функциялуу аскердик аянтчага, тагыраак, аба чабуулунан жер бетиндеги коргонуу комплекси жана башка истребителдер (радиолокациялык дабышсыз режимде башка учактар таштаган ракеталарды багытоо үчүн "Заслон-М" күчтүү борттук радарды пайдалануу) менен өз ара аракет этүүчү командалык түйүнгө айланып барат.
МиГ-31БМ истребители 21 чакырымдык бийиктикте саатына 3000 чакырымга чейинки ылдамдыкта уча алат. 320 чакырымга чейинки аралыктан жер бетиндеги бутасын аныктап, 280 чакырымдан талкалайт. Бир эле убакта 10го чукул бутаны коштоп, алты бутаны бир жок кыла алат. МиГ-31БМ истребителинен төрт эле 900 чакырымга чейинки фронтту ынанымдуу калкалай алат.
Беш тоннага чейинки пайдалуу жүк ташыган жана дүйнөдөгү эң ыкчам истребителдин максималдуу учуш салмагы 46 тоннадан ашат. Бул МиГ-31ге аба кемелер категориясында, жарандык Ту-134 авиалайнеринин деңгээлинде калууга жол берет. Америкалык F-15EX Eagle II жана F-22A Raptor истребителдеринин ушундай эле көрсөткүчтөрү 37 жана 38 тоннаны түзөт. "Америкалыктар" ылдамдык жана башка көрсөткүчтөрү боюнча "отуз биринчилерге" караандай албайт.
Өзү жүргөн Мальва гаубицасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык дагы бир табылга. Өзү жүргөн "Мальва" гаубицасынын артыкчылыгы
Аталган истребителдер негизинен аба буталарын кармап жок кылууга багытталган, бул жаатта ага эч бир бирдик тең келе албайт. МиГ-31БМ – канаттуу ракеталарды кармап, 90 пайызга таамай жок кыла алган дүйнөдөгү жападан жалгыз сериялык истребитель.
Америкалык Military Watch журналы 30-июлда көлөмдүү МиГ-31 бортуна "аба – аба" тибиндеги (Р-37М) алты ракета, стандарттык алты ракета (Р-33С) ташый алышы менен ок күчү жагынан эч кимди алдына салдырбайт.
Р-37М ракеталары 6 Махтагы гиперүндүү ылдамдыкта учат. Military Watch Magazine 10 Махтан жогорку ылдамдыкта учкан Х-47М2 ракеталарын андан да майнаптуу деп белгилейт. МиГ-31К аларды РФтин атайын аскердик операциясынын жүрүшүндө "Украинанын баш калаасындагы америкалык "Патриотторду" жок кылууга колдонгон".
Россия "Кинжалын" да согуштук шарттарда 2022-жылдын мартында пайдаланып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн өлкөнүн батышындагы жер алдындагы стратегиялык арсеналын бир сокку менен талкалаган. Ошондой эле Киевде Х-47М2 ракеталары атайын аскердик операция зонасындагы "өзгөчө маанилүү буталарды" таамай жок кылган.
Истребителдин МиГ-31К модификациясы жер бетиндеги (суу бетиндеги) буталарына 2000 чакырымдан ашуун аралыктан таамай сокку урууга багытталган. Батыштагылар гиперүндүү "Кинжал" "оюндун эрежелерин өзгөртө" ала тургандай "дүйнөдөгү эң күчтүү тактикалык ракета" экенин белгилешет. Америкалыктар "отуз биринчи" истребитель "космостук кемелерди кое берип", "космостук согушту" жүргүзө аларына ынанышат. Калыбы, болжолдуу агрессорлорду жапыз орбиталардагы "спутниктердин" артынан түшө турган МиГ-31И (Д) истребителинен катуу чочулайт көрүнөт.
Спутниктерге каршы россиялык ракеталардын мүнөздөмөлөрү ачык айтылбайт, бирок ал Р-37Мден ары жана ыкчам уча алары шексиз. Заманга бапташтырылган МиГ-31БМ истребители жана анын курал-жарагы дүйнөнүн кыйла өнүккөн өлкөлөрү үчүн да технологиялык жактан кол жеткис.
Тактикалык эң чоң артыкчылыгы, МиГ-31дин аскердик дараметинин Пентагон менен НАТОнун адистери үчүн "купуялуулугунун" себеби истребителдин эч качан экспорттолбогонунда, Варшава келишиминдеги өлкөлөргө берилбегенинде. Ошондуктан Батышта МиГ-31дин бортунда 23 мм калибрдеги алты стволдуу ГШ-6-23 замбирегинин орнотулганынан шек санап келишти. Бул мүнөтүнө он миң ирет ок ата алат. Айтылуу америкалык "Вулкандан" да каардуу.
Бүгүнкү күндө Россиядан башка мындай истребителге Казакстандын Аскер-аба күчтөрү ээлик кылат, 32 оор истребитель – СССРден калган мурас.
Алдыда МиГ-31 жакынкы космосто милдет өтөй ала турган МиГ-41 авиациялык комплексинин ордун басып калары ажеп эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Бастион ракеталык комплекси Оникс ракеталары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эмне үчүн россиялык "Герань" менен "Оникс" Дунай тарапка учууда? Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0