Инспектор унаа айдаганды үйрөнөм деген россиялыктан акча алды деп кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору К.А.К. пара алууга шектелип кармалды
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору К.А.К. пара алууга шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
Инспектор жеке айдоочулук мектепке барган чет элдиктин айдоочулук күбөлүк алышына тоскоолдук жараткан.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору К.А.К. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Инспектор 9-августта жеке айдоочулук мектепке барган Россия жаранын практикалык сабак маалында жол эрежесин бузду деп негизсиз айыптап, айдоочулук күбөлүк алуусуна тоскоолдук жаратканы айтылат.
24-августта инспектор пара катары алган 10 миң сомду ээсине кайтарып берип жатканда кармалган.
Шектүү кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Акчалуу кыргызстандыктарга кол салмак. Шектүү катары чет элдик жаран кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0