Лукашенко: глобалдуу жаңы чатак кооптуулугуна эч качан мынча жакындаган эмеспиз

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү Беларусь лидери Александр Лукашенко
 Беларусь лидери Александр Лукашенко  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
Беларусь лидеринин айтымында, Батыш өлкөлөрү башкаларды өздөрүнүн чыныгы планынан алаксытуу аракетинде.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Глобалдуу жаңы чатак кооптуулугуна бүгүнкүдөй болуп эч качан жакындаган эмеспиз. Бул тууралуу Беларусь лидери Александр Лукашенко генералдык погондорду тапшыруу салтанатында айтты.
"Өлкөбүздү, аймагыбызды кезектеги аракети менен жардырууга, элдин башын айлантууга далалат кылып жатышат. Бул кандай жол менен болсо да кырдаалды чайпалтып, анын арты менен өздөрүнүн тартибин орното коюу аракети. Андан кийин биздин эл да, өлкө да болбой калат", — деген Лукашенко.
Ал жамааттык Батыш башкаларды өздөрүнүн чыныгы планынан алаксытуу ниетинде экенин, ал эми кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин дипломатиялык имитация деп атап жаткандыгын айтты.
"Бул имитациянын баасы — миңдеген адамдардын өмүрү. Бүгүн НАТОнун кеңейип бара жаткан жаңы толкунун көрүп жатабыз. Аймакта, анын ичинде биздин чек арага жакын жерлерде мүчө өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүгүн улам арттырууда", — деген президент.
Анын айтымына караганда, беларустук чек арачылар коңшу мамлекеттердин Беларусь тарапка сөөктөрдү ыргытып салган, пилотсуз аппараттарды коё берген чагымчыл кадамдарына туш келип жатышат. Чек ара тилкесинде дубал менен коргондорду куруу уланууда. Украина тараптан чептер тургузулуп, жолдор миналанып жатат.
"Бекемдигин, чыдамкайлыгын сыначу учурга туш келген азыркы муунга миллиондогон өмүрлөр менен келген тынчтыкты сактоо миссиясы тагылды. Андыктан кайрадан эле Батыш жактан келип, төбөбүздө салаңдап турган кооптуулуктан да күчтүү болууга туура келет. Өзүңөр көргөндөй, тарых кайталанып жатпайбы. Мен күч туурасында айтып жатканда техникалык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө эң акырында ойлоном. Алар баарында эле бар, муну жакшы билебиз... Беларустар өз жерин коргой билишет. Биз кайсы гана көйгөйлөр, кооптуулуктар болбосун күчтүүбүз", — деп сөзүн жыйынтыктады Лукашенко.
Беларустун президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Лукашенко армиясын РФтеги окуялардан улам согуштук даярдыкта кармоону чечти
Жаңылыктар түрмөгү
0