Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украиналык контрчабуулдун жагдайы. Немец танктары кайрадан өрттөнүүдө

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАртемовскто жардырылган Украиналык танк
Артемовскто жардырылган Украиналык танк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Украиналык "контрчабуул" өздөрү күткөндөй болбой, россиялык аскердик бөлүктөр Украина Куралдуу күчтөрүн жана ок өткөрбөс техникасын таамай жок кылууда.
Россия Куралдуу күчтөрү Түштүк Донецк багытында эле мурдагы күнү (5-июнда) 1500дөн ашуун украиналык аскер жок кылынып, 28 танк, анын ичинде ФРГ өндүрүшүндөгү сегиз "Леопард", Франциядан келген үч АМХ-10, ошондой эле америкалык Bradley пехота унаасы жана 109 башка ок өткөрбөс машиналар талкаланды.
Украина Куралдуу күчтөрүнө тартууланган батыш техникасынын бир тобу Россия Аба-космостук күчтөрүнүн чабуулдук жана армиялык авиациясынын соккусу менен жарактан чыгарылды. Айтмакчы, "Леопарддардын" бири россиялык "Ланцет" жан кечти дрону менен талкаланган.
РФ аскердик бөлүктөрүнүн биргелешкен тобунун командачысы Сергей Суровикин кечээ таңда Сергей Шойгуга Запорожье облусу менен Донецк Эл Республикасы кошулган жеринде россиялык аскердик бөлүктөр касташкан тарабын сүрүп чыгарып, анын коргоо тутумунун эң бекем деген жерлерин ээлешти. Бул жерге 4-5-июнь күндөрү Украина Куралдуу күчтөрү болгон күчүн топтогон.
Украиналык күчтөр беш бригаданын (20 миң жоокерге чейин) күчү менен чабуул коюуга тырышкан. Алдын ала маалыматтарга таянсак, Украина Куралдуу күчтөрүнүн 33-механизациялаштырылган 33-бригадасынын германиялык Leopard танкалары күйүп жаткан.
Россиянын Куралдуу күчтөрү 6-июнга караган түнү Украинанын аба чабуулунан коргонуу тутумунун объектилери, арсеналдары, ички курамы жайгашкан түйүндөрүнө, Киев, Житомирге коюлган аскердик техникасына ракеталык сокку урду.
Россиялык күчтөр Авдеев жана Марьинск тилкелеринде ийгиликтүү аракет этип, Купянск жана Харьков облустарына жакындап барат. Ошондой эле Херсон облусунда украиналык десанттын түшүрүлүшүнө жол берилген жок.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулунун" башатындагы эле ушундай көрүнүштөрдөн улам Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын террордук активдүүлүгү күч алууда. Россиянын Федералдык коопсуздук кеңеши Иванов облусундагы Северный аэродромундагы теракт жөнүндө кабарлаган. Ал жакта украиналык аскердик чалгындоо кызматы радиоактивдүү жасалма бомбаларды жардырмак.
Айтор, Донбасстагы россиялык күчтөрдү алаксытып, алардын каражаттарын башка жакка буруу үчүн польшалык-украиналык диверсиялык топтордун Белгород багытын жиреп өтүү аракеттери токтой элек. 6-июнга караган түнү Украина Куралдуу күчтөрү HIMARS менен Херсон облусундагы Каховка плотинасын талкалап, натыйжада бир нече калктуу конушту суу каптады.
Киевдик режимге өзүнүн соо калышы (чет өлкөлүк каржылоонун уланышы) үчүн дүйнөлүк масштабдагы кырсык керек эле, бирок каптаган суунун ылдамдыгы коркунуч туудурбайт, жээктеги калктуу конуштардын тургундары 72 сааттан соң үйлөрүнө кайта алышат. "Росатом" да Каховка суу сактагычынын дамбаларынын бузулушу Запорожье атомдук станциясынын ишине таасир эте албастыгын билдирди. Реакторлорду муздатуу үчүн суу сактагыч жана альтернативдик булактардан толтурулган атайын бассейн бар.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Небензя БУУну Буча менен "Түндүк агымдагы" катаны кайталабоого чакырды
Эки сутка аралыгында эле Украина Куралдуу күчтөрү 2000ден ашуун жоокер жана офицеринен ажырап, Батыштан алган ондогон ок өткөрбөс куралынан кол жууп калды. Грециялык DefenceNet басылмасы украиналык чабуулдун ийгиликсиздигин: "Бригадалар темир-тезек үймөгүнө айланып калды", – деп сыпаттайт. Мунун баары – украиналык күчтөрдүн натолук даярдыгынын жыйынтыгы.
Украина адатынча эле Россиянын ракета жана артиллериялык дүрмөттөрүнүн түгөнүшүнө, аскерлердин моралдык духу өчүп, командачылыктын координациясынын басаңдашына үмүт артат. Катаал реалдуулукка кайтуудан башка арга жок. АКШ президенттигине төрт негизги талапкердин үчөө украиналык жаңжалга Американын катышуусуна каршы чыгууда.
The Hill басылмасы: "АКШнын расмий өкүлдөрү фронттун линиясын жиреп, ийгиликке жетүү үчүн Украинанын колунда баары бар экенин, бирок алардын шаабайы сууп калды", – деп мүнөздөдү.
Альянстын Украинага жаңы 12 бригаданы (50 миң чакты жоокер) камдап берерине карабастан, Пентагон башчысы Ллойд Остин натолук тактиканын артыкчылыгына ынана албай, "украиналык согуштун аныксыздыгын" айтат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулунун" ийгиликке жетерине АКШ Армия штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли да анчейин ишенбейт.
Америкалык The Drive басылмасы да Украина Куралдуу күчтөрүнүн келечегин мындайча таамай боолголойт: "Ийгиликсиз, ара жолдо токтоп калган операция Киев үмүттөнүп жаткан ондогон миллиард доллар эл аралык жардамга доо кетирип коюушу ыктымал".
Андан мурдараак The Guardian басылмасы Улуу Британияда машыктырылганына карабастан Украина Куралдуу күчтөрүнүн 3-чабуулдук бригадасы салгылашка тийиштүү деңгээлде даяр эместигин белгилеген. Украиналык командачылык жоокерлерин кайрадан машыктырууга аргасыз болууда. Чындап эле өздөрү катардагы аскердик күчтөр менен тирешүүдө тажрыйбасы жок британиялык армия Украина Куралдуу күчтөрүнүн резервдеги аскерлерин эмнеге үйрөтө алышы мүмкүн?!
Не бар, не жок деп Батыш "украиналык долбоорун" айыптоого да идеологиялык негиз түптөй баштагандай... Америкалык белгилүү The New York Times басылмасы Украинаны нацисттик Германияга салыштырып, көп окшош белгилерди таап чыккан.
Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен АКШ президенти Жо Байден менен 5-июндагы жолугушуусунда НАТОго Украина боюнча тынч сүйлөшүүлөргө даярдыгы жөнүндө "Россия тараптан белги керектигин" билдирди. Албетте, Батыштын шарттарындагы сүйлөшүүлөрдүн Россияга зарылдыгы жок, атайын аскердик операциянын баштапкы максат жана милдеттери айныгыс.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Украинанын талкаланган танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: контрчабуул Украинаны туңгуюкка кептеди
Жаңылыктар түрмөгү
0