Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Министрлик: акыркы коңгуроо салтанатынан кийин балага ата-эне жооптуу

© Sputnik / Асел АкматБилим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева акыркы коңгуроо күнү бүтүрүүчүлөргө кечкисин ата-эне жооптуу болорун айтты.
25-май күнү саат 09:00дөн 12:00гө чейин окуучунун коопсуздугуна мугалим жооп берет. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Министрлик: акыркы коңгуроо салтанатынан кийин балага ата-эне жооптуу
Анын айтымында, эгер саат 12:00дөн кийин бүтүрүүчү кырсыкка кабылса, эң биринчи кезекте анын ата-энеси жоопко тартылат.
"Бүгүнкү күндө мамлекетке караштуу ар бир мектепте жетекчилик тарабынан акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бүтүрүүчүлөр саат 09:00дөн 12:00гө чейин мугалимдин карамагында болот. Андан кийин балдар ата-эненин жоопкерчилигине өтөт. Ар бир ата-энени бул күнү баласынын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырабыз. Ошондой эле алар тарабынан мугалимдерге алтын, күмүш сыяктуу белектерди бергенге бөгөт коюп келебиз. 2009-жылга чейин акыркы коңгуроо үчүн сентябрь айынан баштап эле окуучулар арасында акча топтоо күч алган эле. 2010-жылдан тарта мындай кадамдарга тыюу салынгандан баштап азайып калды. Мисалы, пандемия учурунда бир да окуучу кырсыкка кабылган жок. Балага жоопкерчиликти эң биринчи ата-эне өзү алышы керек. Баарын мугалимге жүктөп койгон туура эмес", — деди Абдылдаева.
Ал эгер бүтүрүүчүлөр тарабынан кечкисин өткөрүлгөн салтанаттарга мугалимдер да барса жоопко тартыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0