Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылып, бийлик кандай даярданганын айтып берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүү"Рух Ордо" маданий борбору. Архив
Рух Ордо маданий борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Өлкөдө эс алуучу 68 туристтик жайды ачуу пландалып, учурда 21и курулуп жатканын айтты.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КР

Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду

Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду - Sputnik Кыргызстан
1/3

Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КР

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КР

Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

1/3

Чолпон-Атада “Ысык-Көл” аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин жана туристтик сезондун ачылышы болду

2/3

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи

3/3

Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

Министр Данияр Амангелдиев туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп жатат. Ошону менен бирге туристтик бизнесте бирдиктүү салык режими киргизилген, келечекте бир катар салыктык жеңилдиктер каралат.

“Өлкөдө эс алуучу 68 туристтик жайды ачуу пландалып, учурда 21и курулуп жатат, алар быйылкы туристтик сезондо пайдаланууга берилиши керек. Калган 47 объектинин да жайгашкан жери аныкталып, курулушу улантылат. Борбор калаага жакын жайгашкан “Байтик Mountain Resort” тоо-туристтик кластери” инвестициялык долбоору ишке ашырылууда. Ал Борбор Азиядагы эң ири туристтик аймактардын бири болору күтүлүүдө”, — деди Амангелдиев.

Ошондой эле ал эки локалдык геопарк (Баткен районундагы Мадыген, Ысык-Көл облусунда Тескей) түзүлгөнүн, алдыда дагы башка ушундай парктар ачыларын убадалады. Учурда Кыргызстандын геопарктарын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктарынын тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Аткаминер Абу-Даби жана Сеул шаарларынан Бишкекке түз авиакаттамдар ачыларын кошумчалады.
“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине жана туризм тармагында эмгектенген жарандарга кайрылам. Бүгүн келген туристтердин жеке коопсуздугун камсыздап сапаттуу тейлесек, эртең биз алардын эки эсе көп келишине шарт түзөбүз”, — деди министр.
Былтыр Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден 6,9 миллиондон ашык турист келген.
Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Пресс-борбор
Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. ЕЭК министринин туризм боюнча пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0