00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жол кырсыгынан кийин реанимацияга түшкөн төрт окуучунун үчөө эсине келди

© AFP / THOMAS SAMSON Ооруканадагы бала. Архивдик сүрөт
Ооруканадагы бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Бир бала азырынча эсине келе элек, абалы туруктуу оор деп бааланууда.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кечээ Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда автобуста бара жатып жол кырсыгына кабылып, реанимацияга түшкөн төрт баланын үчөө эсине келди. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Медиктин айтымында, төртүнчү бала азырынча эсине келе элек, абалы туруктуу оор.
"Бирок кудайга шүгүр деп туралы. Абалы начарлап кеткен жок, бир калыпта турат. Түндө абалы оорлошуп кетпегендиги – медицинада жакшы белги болот. Ал эми үч бала эсине келди", — деди ал.
Маманов бүгүн, 21-апрелде, бул жол кырсыгына кабылган дагы эки баланы ата-энеси алып келгенин айтты. Алар жеңил жаракат алышкан.
"Кечээги кырсыктан бери жалпысынан 27 баланы кабыл алдык. Баарына тиешелүү медициналык жардамдар берилүүдө. Азырынча эч кимисин үйүнө чыгара элекпиз", — деди башкы дарыгер.
Эске салсак, 20-апрелде Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктаган. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
№3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов жол кырсыгына кабылган балдардын ата-энелери менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Башкы дарыгер кырсыктаган окуучулардын абалын айтты. Соңку маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0