ДТП с школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан

18 окуучу жабыркаган жол кырсык. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Бүгүн, 20-апрелде, Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктады. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
Окуянын кесепетинен кеминде 18 мектеп окуучусу жабыркаган. №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, төрт бала реанимацияга түштү, алардын бири оор абалда.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:23 20.04.2023
Башкы дарыгер Акылбек Мамановдун берген соңку маалыматынын видео версиясы
15:18 20.04.2023
№3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов төмөнкүлөрдү билдирди:

14 баланын акыбалы туруктуу. Өмүрлөрүнө коркунуч жаралган жок. Дары-дармектин баары бар, жетиштүү. Эч нерсеге муктаж эмеспиз. Жаракаттарын жууп-тазалап, тигип койдук. Эми аларга тынчтык керек. Балдар шок болуп калган. Бир кыз сынык-жаракаттар бөлүмүнө түштү. Жаракаты жеңил, үйүнө эртең жөнөтүшүбүз дагы мүмкүн. Эртең дем алышта дарыгерлер жок болуп калат деп ойлобоңуздар. Бизге дем алыш жок, күнү-түнү иштейбиз. Төрт бала реанимация бөлүмүндө. Акыбалдары оор.

15:05 20.04.2023
Балдар 2-3-4-класстардын окуучулары экени кабарланды
14:56 20.04.2023
Сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулжанов ата-энелерге кайсы бала кайсы бөлүмдө экенин окуп берип жатат
ДТП со школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ДТП со школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
14:52 20.04.2023
Эки чоң адам дагы жабыркаган
Тез жардам кызматы кырсыктан эки чоң адам дагы жабыркаганын кабарлады. Алар 4-шаардык ооруканага жаткырылды. Абалдары орто. Бейтаптар айдоочу же айдоочу эмес экени азырынча тактала элек.
14:35 20.04.2023
Медициналык жардам көрсөтүлгөн окуучулар
ДТП со школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ДТП со школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
14:32 20.04.2023

Go BUS аябай катуу келип сүзгөн экен. Тормозду басып барып токтогону чийилип калган асвальттан көрүнүп турат. 100 метрдей сүзүп барыптыр. Ал айдоочунун дагы абалы аябай начар экенин ата-энелер айтышты. Окуучулар отурган унаанын айдоочусу Дүйшөн байке деле бурулуп жатканда капталын жакшылап караса болмок деп атышат, — деди Лесной айылынын тургуну Абай Нарынбеков.

14:24 20.04.2023
Окуучулар бара жаткан автобусту сүзгөн Go BUS маршруткасынын кырсыктан кийинки сүрөтү
ДТП с школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
14:20 20.04.2023
№3 балдар ооруканасындагы окуучулардын бири
ДТП с школьным автобусом на трассе аэропорт Манас — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
14:11 20.04.2023
Лесной айылынын тургуну Мирлан Жыргалбеков баласы 2-класстын окуучусу экенин айтты. Ал уулунун башына айнек кирип, жаагы сынганын билдирди. Ошондой эле кырсыкка себепкер айдоочу жазаланышы керетигин белгиледи. Тургундун баласы учурда реанимацияда.
14:06 20.04.2023
14:05 20.04.2023
Жаңылыктар түрмөгү
0