Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкекте эл көп колдонгон каттамдарды көбөйтүү пландалууда

© Sputnik / Асел АкматБишкек мэриясынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын аналитика жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Жумагулов
Бишкек мэриясынын Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынын аналитика жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Жумагулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Бишкек мэриясынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын аналитика жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Жумагулов "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин кеңейтүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Бүгүнкү күндө "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу эл кайсы аймактан кайсы аймакка көп агылып жатканын аныктоо иштери башталды. Бул тууралуу Чыңгыз Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкекте эл көп колдонгон каттамдарды көбөйтүү пландалууда
Анын айтымында, шаардын кайсы жеринен жүргүнчүлөр көбүрөөк чыгып жатса, ошол жерге маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.
"Учурда "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинен каттамдын кыймылын көргөндөн сырткары шаар ичиндеги миграцияны да аныктаганга аракеттер көрүлө баштады. Башкача айтканда, Бишкектин кайсы аймагынан кайсы жагына эл маршруттук каттамдарды көбүрөөк колдонуп жатса, ошол багыттагы каттамдарды көбөйтүү каралууда. Ошол эле маалда кайсы учурда маршруткалар бошураак болсо, ал убакытта каттамдарды үнөмдөө максатында санын азайтууну пландаштырып жатабыз. Ал эми эл жумушка барган жана жумуштан чыккан учурларга туштап каттамдарды көбөйтөбүз. Мындан сырткары, бири-бирин кайталаган каттамдарды азайтуу тапшырмасы берилди. Бир эле багытка окшош жолдор менен каттаган маршруткаларды аталган тиркеме аркылуу азайтууга аракет кылабыз", — деди Жумагулов.
Ал жалпы бишкектиктерди "Менин шаарым" тиркемесин көчүрүп алууга чакырып өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0