Төлөмүш Океевдин даңазасын арттырган операторлор. Киночулардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Нуртая Борбиева
Колуна комуз кармап солдон экинчи турган белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, үчүнчү отурган таланттуу оператор Нуртай Борбиев жана кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин сүрөтү 1960-жылдары тартылган.
Ал жылдары Кыргызстандын чыгаан кинематографисттери "Бакайдын жайыты", "Мурас" тасмаларын тартып бирге иштешкен.
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев көзү тирүү кезинде Кыдыралиев жөнүндө буларды айткан.
"Кадыржан Кыдыралиев оператор катары, эң негизгиси, жарык коё билет жана жарык ага кынтыксыз баш иет. Ошол эле маалда драматургияны мыкты түшүнөт, ички туюму менен эмнени тартып, кайсы кадрды жакын алуу керек экендигин сезет. Кыдыралиевдин камерасы өтө эмоционалдуу. Анысы ыйлай да, кубана да алат", — деген Океев
Кинооператор Кыдыралиев режиссёр Төлөмүш Океев менен узак жыл иштешип, "Бакайдын жайыты", "Отко таазим", "Көк серек", "Улан", "Алтын күз" фильмдерин тарткан.
Ал эми КРдин эл артисти Нуртай Борбиев экөө "Мурас", "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Ошондо Манас деп ураан чакырып" кинокартинасын камерага түшүрүп, далай сыйлыктарга ээ болгон.
Сүрөттөгү инсандарды Нуртай Борбиевдин кызы Асел Борбиева мындайча эскерет:
"Сүрөттө атамды карасам арыкчырай кези экен. Менимче, сүрөт 60-жылдардын соңунда тартылган. Ал кезде Төлөмүш Океев менен атам "Мурас" тасмасын бирге тартып, кийин бир катар эмгектерди бирге жараткан. Атам кино тартканы командировкага бир нече айга кетип, үйдү деле көрчү эмес. Кээде менден "канчага чыгып калдың, канчанчы класста окуп атасың" деп сурап калчу. Сүрөттөгү чыгармачыл инсандардын мамилеси өтө жакшы болчу, үй-бүлөлөрү менен бири-бириникине каттап турушчу. Дос болгондон сырткары Океев атамдын жөндөмүн, ишин баалаган, ага ишенген. Ал режиссёр көп деле оператор менен иштеген эмес. Көбүнчө тасмаларын Кадыржан Кыдыралиев менен атам тарткан. Эгемендүүлүк жылдары да "Келечек" деген киностудияны ачып чогуу иштетип жүрүштү", — деди Борбиева.
Океев менен Борбиевдин "Мурас" кинокартинасы 1970-жылы Минск шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда эки сыйлыкка татыса, "Ак илбирстин тукуму" Берлинде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгын алган.
Тема боюнча:
Айылын көксөп, дегдеп, сагынып... Сүймөнкул Чокморовдун таберик сүрөтү
Талашка түшкөн Советбек Жумадыловдун тасмадагы таберик сүрөтү
Шамшиевдин жакшы көргөн актерлору. Кайталангыс таланттардын таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0