Канчасы ишке ашып, канчасы унутулар экен? Аткаминерлердин 2023-жылга убадасы

© AP Photo / Geert Vanden WijngaertСүйлөшүп жаткан аткаминерлер. Архив
Сүйлөшүп жаткан аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталып, электр транспорту гана жүрө турган "жашыл" зоналар уюшулуп, калаанын борбору маршруткадан арылат... Быйылкыга кандай долбоорлор пландалып, эмнелер ишке ашат? Аткаминерлердин кайсы убадасы жадыңызда?
Узаган он эки айда мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү убада артынан убада берип, дымактуу долбоорлорду ишке ашырууга белсеништи. Sputnik Кыргызстан быйыл бийлик кандай демилгелерди жүзөгө ашырууга ниеттенгенин окурмандардын эсине бир салып коюуну туура көрдү. Тизмеге айрым гана долбоорлор камтылып, бир топ жылдан кийин аяктай турган ири пландар кирбегенин белгилей кетели.

Абаны булгабай турган "жашыл" зоналар жана нанотехнологиялар

Өткөн жылдын аягында Бишкек жана өлкөнүн ири калааларын ыш каптады. Тилекке каршы, бул жыл сайын кайталанчу көрүнүш. Ошондон улам бийлик кайрадан экология маселесине баш катырып туру.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көйгөйдү чечүүнүн планын коомчулукка сунуштады. Ага бир нече дымактуу жоболор кирген. Айрымдарына өз-өзүнчө токтололу.
© Sputnik / Акылбек БатырбековСмог над Бишкеком
Смог над Бишкеком - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Алгач жылуулукту сактоо жана Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) ишин оптималдаштыруу боюнча сынамык долбоорун ишке киргизүүдөн кеп салалы. Баш калаанын райондорунун биринен (азырынча Жумушчулар шаарчасы менен Тунгуч кичирайондору аталууда — ред.) көп кабаттуу 500 үйдү тандап алып, жылуулукту узакка кармай турган нанотехнологиялар орнотулары айтылган.
Мындай ыкма Россиянын бир катар шаарларында колдонулуп келет. Жылуулукту 40 пайызга чейин үнөмдөөгө көмөкчү болот. Мурдагы турак жай фондундагы үйлөрдө жылуулук көпкө сакталбайт. Сынамык долбоор ийгиликтүү болсо, андай технология шаардын бардык булуң-бурчуна жайылтылат.
Бишкекте электр транспорту гана жүрө турган "жашыл" аймактар түзүлөт. Сынамык долбоордун алкагында сырттан такси үчүн 200 электр унаасы, 100 электр кичиавтобусун сатып алуу жагы да каралган. Бийлик 200 миллион доллар керектеле турган бул демилгелерди 2023-жылдын биринчи чейрегинде эле ишке ашырууну көздөп жатат.

Бишкектин чордонунда маршруткалар жүрбөйт

Ушул жылды ортолоп баш калаанын борбору маршруткалардан тазаланары да маалымдалган. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев 2022-жылдын ноябрында билдирген. Анын айтымында, маршруткалардын ордуна шаар ичинде газ моторлуу, электрдик автобустар жана троллейбустар каттайт. 60 маршрутканын каттам багыттары кайра каралып чыгат. Мындай коомдук унаанын айдоочуларын да жумушсуз калтырышпай, жаңы конуш жана жаңы долбоорго камтылбаган райондорго жаңы багыттарды түзүп чыгышат. Жаңы автобустар үчүн мурда жабылып калган маршруттарды кайра ачышат.

Таштанды иштетүүчү завод

Былтыр жыл соңунда Бишкек мэри парламентте сүйлөгөн сөзүндө борбор калаада жакынкы чейректе таштанды иштетүүчү заводдун курулушу старт аларын айткан. Анын сөзүнө таянсак, шаар башкармалыгы бул жаатында эки: чехиялык жана америкалык компания менен жүрүп жаткан сүйлөшүү аяктап барат.
© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМусороперерабатывающий завод в Калуге
Мусороперерабатывающий завод в Калуге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жакын арада экөөнүн бири тандалып, каржылоо булактары аныкталмакчы. Сөз кезеги келгенде кошпой койсок болбос, былтыр сентябрда да Абдыкадыров аталган заводдун курулушун 2022-жылдын ошол айынын аягында баштоону убада кылган эле.

120 электробус

Быйыл Бишкекке Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен алына турган алгачкы 120 электробус алынып келиши керек. Мындай маалыматты мэриянын тийиштүү департаменти кабарлаган.
Транспорттун "жашыл" түрү борбордук көчөлөрдө, троллейбустук чубалгылар тартылбаган райондордо каттайт. Жаңы унааны айдоону үйрөтүү үчүн айдоочулар тандала баштаганы айтылган. Айтмакчы, электробустарда деле жол кире 11 сом болмокчу.

Пенсиянын жогорулашы

Былтыр жайда Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев 2023-жылы Кыргызстанда эң төмөнкү пенсия 7 200 сомду түзөрүн жарыялаган.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСоциалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев
Председатель Социального фонда Бактияр Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев
"Бүгүнкү күндө пенсионерлердин жашоо минимуму 7 200 сомго бааланат. Пенсиянын эң аз көлөмүн ушул көрсөткүчкө жеткирүүнү көздөйбүз. 2023-жылдын январь айында пенсионерлердин жарымынын төлөмдөрүн жашоо минимумуна теңдейбиз. Ал эми жыл аяктаганча баарына ушул көлөмдө пенсия беребиз", — деп билдирген Алиев.
Конституцияга ылайык (44-берене), 2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жашоо минимумуна (өткөн жылдын III чейрегинде бул көрсөткүч 7,2 миң сомдон ашкан) жеткирилиши шарт экенин эсиңиздерге сала кетели.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл жаңырардан туура бир ай мурун Баш мыйзам кабыл алынып жатканда бул жобону ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин айткан. Бирок ошол эле учурда ал: "1-январдан тарта Конституциянын ушул жобосун аткаруу боюнча иш алпара баштайбыз", — деп сөз берген.

Калкты тейлөөчү борборлордо кезек күтмөй жоюлабы?

Быйыл жай мезгилине чейин калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтмөй көйгөйү чечилери айтылган. Бул туурасында өткөн жылдын ортосунда санарип өнүктүрүү министри Талант Иманов убада кылган. Аткаминер ошондо өлкө башчысы маселени бир жыл ичинде жөнгө салууну тапшырганын да кошумчалаган.

Дарыгерлер үчүн турак жай

Баш калаанын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде медициналык кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үй өткөн жылдын март айында курула баштаган. Курулуштун башталыш аземине Саламаттык сактоо министрлигинин ошол убактагы башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышкан.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРСтроительство многоквартирного дома для медицинских работников
Строительство многоквартирного дома для медицинских работников - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Мекеме объект 2023-жылдын апрель-май айларында пайдаланууга берилери пландалганын билдирген. Ал эми турак жай алуунун тартибин курулуш аяктаганча министрлик тактап чыгарын Бейшеналиев белгилеген. Каржылоо булагы аныкталса дагы бир үй курулмакчы.

Азык-түлүк импортун азайтуу

2023-2024-жылдары Кыргызстан өзүн эгин, кант, эт, сүт, жашылча, картошка жана жумуртка менен камсыздай алат. Ушундай оптимисттик божомолдорунан былтыр көктөмдө айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бөлүшкөн. Анын айтымында, өлкө болгону өсүмдүк майын камсыздоодо кыйналат. Анткен менен бул багытта жигердүү иш жүрүп жатканын айткан.

Санарип жана алтын сом

Өткөн жылдын сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы жылдары бийлик стратегиялык багыттагы кандай долбоорлорду жүзөгө ашырарын санап өткөн. Алардын катарына алтын жана санарип сом да кирет.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Председатель кабинета министров встретился с главой представительства Евросоюза в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча 7-сентябрда өткөн жыйында Жапаров: "Алдыбызда Камбар-Ата - 1 ГЭСин жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу өңдүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат. 2023-жылдын 1-январынан баштап алтын жана санарип сомду киргизүү зарыл. Мындан тышкары, IT-технология университетин жана IT-шаарчасын ачууга тийишпиз", — деген.

MegaCom ишканасын сатуу

Узаган жылдын ноябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров 2023-жылы Кыргызстандын бийлиги MegaCom уюлдук операторун ("Альфа Телеком" жабык акционердик коомун) сатууну пландаганын маалымдаган. Анын айтымында, компания 14-15 миллиард сомго бааланган.
Ошондой эле Бакиров сатыкка дагы 30 актив, анын ичинде банктардагы акциялардын мамлекеттик топтомдору чыгарыларын кошумчалаган. Мамлекеттин үлүшү 100 пайызды түзгөн ишкананы буга дейре да бир нече ирет сатууга аракет жасалган, бирок майнап чыккан эмес.

Көз жоосун алган тоо курорту

Быйыл Бишкектин четине "Бир булак" тоо курортун куруу долбоору ишке ашырыла баштайт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, андай комплекс чет өлкөлүк лыжа ышкыбоздору жана кышкы спортту сүйүүчүлөрдү Кыргызстанга тартууга жол ачат.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевСтроительство нового горнолыжного курорта "Бирбулак" неподалеку от Бишкека
Строительство нового горнолыжного курорта Бирбулак неподалеку от Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Долбоор 100 миллион доллардан ашуун каражатка бааланган, аны бийлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырууну пландоодо. Курорт 2030-жылга чейин курулуп, сарпталган чыгым алты жылда акталары боолголонот.

Оорукана жетекчилерин аттестациялоо

Ушул жылы Кыргызстанда саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин аттестациялоо механизми киргизилмекчи. Бул боюнча тийиштүү мекеме жетекчисинин орун басары Улан Садыков маалымдаган. Анын пикиринде, бүгүн айрым ооруканалардын башчыларынын иш билгилиги жаатында маселелер бар. Аттестациялоонун алгачкы баскычы жыл башында эле башталары болжонгон.

Ысык-Көлдө 20 миллион долларлык спорттук комплекс пайда болобу?

Көк чыга баштаганда аталган облустун Тосор айылында эл аралык спорттук комплекстин курулушу старт алмакчы. Алдын ала эсептер боюнча, ал 20 миллион долларга бааланган. Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун уставдык капиталынан жана башка сырттан тартылган каражаттар менен каржыланмакчы.
Министрлер кабинети ал комплексте улуттук спорттук командалардын мүчөлөрү жана башка спортчулар да жыл бою спорттун 30дан ашуун түрү боюнча машыгып, ошондой эле мелдештерден кийин калыптанып, күч топтой аларын кошумчалаган.

Жаңы "өргөөлүү" президент менен министрлер кабинети

Бүтүндөй борбор калаа "Ысык-Көл" мейманканасынын сүздүрүлүшүнө көз салганы эсиңиздедир. Акылбек Жапаровдун айтымында, мамлекет башчысы жана министрлер кабинети быйыл КРдин Эгемендүүлүк күнүндө көчүп калышы ыктымал.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСтарт строительства нового здания администрации президента в Бишкеке
Старт строительства нового здания администрации президента в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Ал эми азыр ээлеп турган имарат мэрияга өткөрүлүшү мүмкүн.

Караколдогу аэропорт

Былтыр май айында Ысык-Көлдө "Каракол" эл аралык аэропорту курула баштаган. Быйыл жыл соңунда анын ачылышы күтүлөт. Курулуштун капсуласын президент Садыр Жапаров койгону маалым. Анын айтымында, аэробекет комплекси курулуп, аэродромдун элементтери кайра калыбына келтирилгенде жайында эле эмес, кышкысын да туристтер агыла баштайт.
"Аэропорттогу курулуш аяктаганда саатына 250 жүргүнчү тейлей ала турган жаңы перрон, Embraer 190 (орто аралыкка ылайыкталган жүргүнчү лайнери. — Ред.) жана ал сымал учактарды кабыл ала турган 2 400 метрлик учуп-конуу тилкеси пайда болот", — деп белгилеген мамлекет башчысы.

Бүйүр кызыткан изилдөө

Өткөн жылдын башында министрлер кабинети 2023-жылдын акыркы чейрегинде бүт өлкө аймагында атайын изилдөө жүргүзүлөрүн билдирген.
Мындай ниет мурда эле кабыл алынган "Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программасын" жүзөгө ашыруу иш-чараларынын планында камтылган. Изилдөө аймактардагы социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө калктын пикирин, элдин нааразычылыгынын анык себептерин билип, социалдык ишкерликти өрчүтүүнүн багыттарын так көрүүгө өбөлгө болору белгиленет.
Бул милдет Экономика жана коммерция, ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтерине жүктөлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгына жараша аталган министрликтер корутунду, сунуштар камтылган аналитикалык маалыматты министрлер кабинети үчүн даярдоого тийиш.

Муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тутуму

Ушул айда борбор калаанын муниципалдык органдарына KPI (Аймактык бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын майнаптуулугунун негизги көрсөткүчтөрү) системасы киргизилет. Ар бир бөлүмдүн иши көрсөткүчтөр топтому менен бааланат.
Мэриядагылар мындай ыкма системаны сапаттуу өзгөртүүгө мүмкүндүк түзөт. Иш баш калаанын экономикалык өнүгүшү, транспорт, курулуш жана архитектура маселелери, социалдык чөйрө, муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба өңдүү беш блок боюнча бааланмакчы.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Садыр Жапаров Кыргызстан карыз болгон донор өлкөлөргө кайрылуу жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0