Бишкектин четине "Бир булак" тоо-туристтик эс алуу жайын куруу пландалууда

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБишкектин четине "Бир булак" тоо-туристтик эс алуу жайын куруу пландалууда
Бишкектин четине Бир булак тоо-туристтик эс алуу жайын куруу пландалууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Жыл бою иштей турган "Бир булак" эс алуу жайы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылары маалымдалды.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин II жыйынын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Кеңеш Ысык-Көл облусунда "Тамга" эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда "Бир булак" жаңы тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды. Жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги "Бир булак" тоо-туристтик эс алуу жайынын долбоору иштелип чыккан. Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулат, лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин II жыйынын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин II жыйынын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/5

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин II жыйынын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Жыйында Байсалов борбор 20 чакырым алыстыкта жайгашарын, анын уюштурулушу республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын белгиледи

Жыйында Байсалов борбор 20 чакырым алыстыкта жайгашарын, анын уюштурулушу республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/5

Жыйында Байсалов борбор 20 чакырым алыстыкта жайгашарын, анын уюштурулушу республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын белгиледи

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Анда айтылгандай, жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту каралган

Анда айтылгандай, жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту каралган - Sputnik Кыргызстан
3/5

Анда айтылгандай, жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту каралган

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Мындан тышкары, чет элдик туристтер үчүн өлкөнүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары талкууланган

Мындан тышкары, чет элдик туристтер үчүн өлкөнүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары талкууланган - Sputnik Кыргызстан
4/5

Мындан тышкары, чет элдик туристтер үчүн өлкөнүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары талкууланган

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Өкмөттөн өлкөнүн ар бир аймагында бирден жаңы объект куруу пландалганын кошумчалашты

Өкмөттөн өлкөнүн ар бир аймагында бирден жаңы объект куруу пландалганын кошумчалашты - Sputnik Кыргызстан
5/5

Өкмөттөн өлкөнүн ар бир аймагында бирден жаңы объект куруу пландалганын кошумчалашты

1/5

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин II жыйынын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

2/5

Жыйында Байсалов борбор 20 чакырым алыстыкта жайгашарын, анын уюштурулушу республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын белгиледи

3/5

Анда айтылгандай, жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту каралган

4/5

Мындан тышкары, чет элдик туристтер үчүн өлкөнүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары талкууланган

5/5

Өкмөттөн өлкөнүн ар бир аймагында бирден жаңы объект куруу пландалганын кошумчалашты

Жыйында Байсалов борбор 20 чакырым алыстыкта жайгашарын, анын уюштурулушу республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын белгиледи.
"2023-жылы туризмди өнүктүрүү боюнча ишке ашырыла турган дагы бир дымактуу долбоорлордун бири — Жети-Өгүз районунда эл аралык олимпиадалык даярдоо борборунун курулушу. Ошондой эле Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду тарабынан Баткен районунун Раззаков шаарында санаторий, балдар лагери, коттедждердин курулушу каралган санаториялык-курорттук кластердин эскиздик долбоору сунушталды. Ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул максатта 25 санаториялык-курорттук объектилер белгиленди, алар мамлекет менен профсоюздардын биргелешкен күч-аракети аркылуу модернизацияланат", — дешти өкмөттүн маалымат кызматынан.
Анда айтылгандай, жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту каралган. Мындан тышкары, чет элдик туристтер үчүн өлкөнүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары талкууланган.
Өкмөттөн өлкөнүн ар бир аймагында бирден жаңы объект куруу пландалганын кошумчалашты.
Каракол аэропортунун курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
"Каракол" аэропорту 2023-жылы иштеп баштайт. Туманбаев курулуш учурун көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0