00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте электромобилдер гана жүрө турган "жашыл" маршрут уюштурулат

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Кыргызстан 2030-жылга карата парник газынын абага таралуусун 44 пайызга түшүрүү милдетин алган.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкекте электромобилдердин гана жүрүүсүнө уруксат берилген маршруттарды, багыт же квадраттарды түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурсу, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековТабигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова
Эколог с 30-летним стажем, президент общественного фонда Эко-мониторинг Динара Кутманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова
Ал борбор калаада абанын кирдешине ТЭЦте, конуштарда оттун жагылышы жана транспорт себепкер экенин эске салды. Кутманова Кыргызстан 2030-жылга карата парник газынын абага таралуусун 44 пайызга түшүрүү милдетин алганын, мындан улам министрлик коюлган максатка жетүү үчүн бир катар иш-чаралардын пакетин иштеп чыкканын билдирди.
"2023-жылдын биринчи кварталы үчүн 20 миллион долларлык долбоор колдоого алынды. Мисалы, Лондондо "жашыл" квадратта электр кубаты менен жүргөн такси жана автобустарга гана уруксат берилген. Сынамык долбоордун алкагында мындай 200 такси жана 100 бус алып келүү каралган", — деди Кутманова.
Аталган маршруттар кандайча түзүлө турганын министрлик мэрия менен чечет. Кутманова "каржы маселеси чечилгенин" белгиледи.
Мындан тышкары, энергетикага арналган өзүнчө чаралардын пакети бар.
"Аракеттер отундун сапатына, көмүр жагылуучу 20 буу казанды газга которуу, жылуулук насостору, "канадалык" кудуктар, күн панелдери сыяктуу энергиянын альтернативдүү булактарын иштеп чыгып, киргизүүгө байланышкан. Бул багыттар боюнча долбоорлор иштелип чыккан, 6 миллиард 700 миллион долларлык грантка билдирме жасадык", — деди Кутманова.
Анын айтымында, адатта арыздар үч жылдын ичинде каралып келген, бирок Кыргызстан ишти ыкчамдатууга аракет жасайт. Ушу тапта бир нече долбоор жактырылган.
2023-жылдын биринчи кварталынан тарта шаардагы үйлөрдө жылуулукту көпкө чейин сактай турган нанотехнологияларды ишке киргизүү долбоору башталат.
"Бул жылуулукту сактоочу нанокошумдар. Аларды көп кабаттуу 500 үйгө орнотуу каралууда. Израилдик өндүрүштөн чыккан технология Россиянын бар катар шаарларында колдонулуп келет. Меморандум түзүлдү, азыр Жумушчулар шаарчасы менен Тунгуч кичи районунун бири тандалууда. Алгачкы жыйынтыктардан соң шаарга жайылтабыз", — деди Кутманова.
Ал үчүнчү долбоор да колдоого алынганын айтты.
"Бул Дүйнөлүк банктын долбоору, ага ылайык Кыргызстан 10 жылга пайызы жок насыя алат. Шарты абдан жакшы. Алына турган 50 миллион доллардын 16 миллиону ирригация үчүн Бишкек мэриясына, 24 миллиону Кыргызгидрометти жабдууга (посттор жаңыланат, акчанын бир бөлүгү көмүрдүн сапатын текшерүүчү лабораторияларды жабдууга кетет) бөлүнөт", — деди Кутманова.
Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик 2016-жылы аккредитациясыз калганын кошумчалады.
"Жаңы жабдуу сатып алып, ремонт жүргүздүк, күбөлүк алып, көмүрдүн сапатын текшерүү боюнча көзөмөлдүн жаңы түрүн киргиздик. Кызматкерлер окутулду, эми көмүрдүн нымдуулугун, калориялуулугун, курамындагы күкүрт менен көмүртектин деңгээлин текшерүү мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди министр.
Ыш баскан Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында
Жаңылыктар түрмөгү
0