Улуттук банк санарип сом концепциясын иштеп чыкты. Артыкчылыгы жана тобокелдиги

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары. Архив
Сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Кадимки акчага карата санарип сомдун куну долбоордун чоо-жайы туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
Кыргызстандын Улуттук банкы санарип сомдун концепциясын иштеп чыкты. Былтыр сентябрда экономика жана каржы министри (учурда министрлер кабинетинин башчысы) Акылбек Жапаров Кыргызстанда "Электрондук сом" долбоору киргизилерин, ал өлкөнүн кендери менен алтынга бекитилерин билдирген. Улуттук банк мында кеп санарип сом жөнүндө экенин тактаган.

Концепциянын урунттуу учурлары (алтын туурасында сөз жок)

Санарип сом — улуттук валютанын Улуттук банк тарабынан санарип формада айлантылган кошумча формасы жана анын милдети. Мындай сом накталай (банкноттогудай уникалдуу код, сериялык номери бар) да, накталай эмес (аралыктан төлөмдөрдү төгүү) да каражаттардын өзгөчөлүк жана артыкчылыктарын айкалыштырып турат. Ошондой эле санарип сомду офлайн да (техникалык жүзөгө ашырылышы кошумча талкууланат) колдоно билүү планда бар.
Валютанын жаңы формасынан экономиканын бардык субъектилери – жеке жана юридикалык жактар, каржылык рыногунун катышуучулары жана мамлекет санарип түрдөгү төгүм жана эсептерди жүргүзүү үчүн пайдалана алат.
Ал жеке санарип капчыктарда сакталып, коммерциялык банктардын эмес, Улуттук банктын милдеттенмеси болуп саналат. Санарип сом салынган капчыкка коммерциялык банктын каалаган мобилдик тиркемеси аркылуу кирүүгө болот.
Коммерциялык банк банкроттукка кабылса да, санарип сомго залалы (кепилденген депозиттен ашып кеткен суммадай) тийбейт. Аларга республика аймагында иштеген каалаган бир коммерциялык банктын мобилдик тиркемеси аркылуу кайра кирүүгө болот.
Улуттук валютанын үч формасы тең бирдей баада болмокчу: накталай 1 сом накталай эмес бир сомго, санарип сом да алардын ар бирине барабар. Акча ээлери сомду бир формадан экинчисине эркин которо алуу мүмкүндүгү жаралат. Анткен менен мындай операцияларга кандайдыр чектөө коюлушу ыктымал.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи

Ишке киргизүү мөөнөтү

Концепцияда иш-чаралар планы, анын ичинде санарип сом аянтчасынын прототибин иштеп чыгуу, ошондой эле аны сынап көрүү иш-чаралары сунушталат. Акыркы баскыч 2025-жылдын экинчи жарымына пландалган.

Санарип сомдун негизги артыкчылыктары

Концепцияга ылайык, калк, бизнес, каржылык рыногу, ошондой эле мамлекет үчүн бир катар артыкчылыктары бар. Алардын бир бөлүгү булар:
Санарип капчыкка кардар өзү тейленген каалаган банк аркылуу кире алат;
Каражаттын сакталышы жогорку деңгээлде, анткени санарип сом түрүндөгү акча КР Улуттук банкынын милдеттемеси болуп саналат. Коммерциялык банктын каржылык абалы жана кокус ал банкротко кабылса, эч кандай залал тартпайт;
Санарип сомдун токендеринин уникалдуу санарип коддорунан улам коопсуздук деңгээлинин жогорулатылышы, булар каражаттын кыймылына көз салып, жоготуп же уурдалган учурда калыптандырууну жөнөкөйлөштүрөт;
Кардарлар өздөрүнүн санарип капчыктарын жеке эсеби бар банктын инфраструктурасы аркылуу пайдалана алышат. Бул каржылык кызматтар рыногундагы атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө болот;
Инновациялык каржылык кызматтар;
Бюджеттик каражаттарды сарптоону көзөмөлдөө (санарип сомду пайдалануу бул аянтча алкагында бюджеттик каражаттарды максаттуу жумшоону камсыздайт);
Бюджеттик төгүмдөрдү башкаруу чыгымдары азаят.
Санарип сомду киргизүүдөгү болжолдуу тобокелдиктер:
Ишке ашыруунун арсардыгы (тобокелдиги), себеби тийиштүү санда иштеп чыгуучу программисттерди тартуу кыйынга турушу мүмкүн;
Технологиялык тобокелдик, анын ичинде офлайн-режимди жүзөгө ашыруунун татаалдыгы;
Накталай акчага айлантуу тобокелдиги;
Соода-тейлөө мекемелер жана каржылык уюмдардын инфраструктурасынын даяр эместиги.
Санарип сом концепциясы, тобокелдиктери, аларды азайтуунун ыкмалары жөнүндө кеңири маалымат менен КР Улуттук банкынын расмий сайтынан таанышууга болот.
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Кээ бир банктар депозиттин пайыз ченин көбөйттү. Кредит эми кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0