Садыр Жапаров Кыргызстан карыз болгон донор өлкөлөргө кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Президент өлкөнүн тышкы карызы 4,2 миллиард доллардын тегерегинде экенин эске салган. Ал бийлик тышкы карызды төлөө боюнча милдеттенмелерди толук аткарып келе жатканын жана мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин белгилеген.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык өнүктүрүү, каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды "жашыл" долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин жигердүү иштеп чыгууну тапшырганын билдирди.
Президент өлкөнүн энергетика тармагынын абалы жана келечегине токтолуп, өлкөдө ыш маселеси акыркы жылдарда эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын белгилеген.
"Ыш күз-кыш мезгилдеринде өзгөчө талкууга алынып, мында жылытуу үчүн көмүр пайдалануунун дагы үлүшү аз эмес. Бул маселени чечүү комплекстүү мамилени талап кылары талашсыз. Президенттик кызматымдын биринчи жылында мен экология жана жашыл экономика маселелерин мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары аныктагам", — деп жазылат Жапаровдун билдирүүсүндө.
Андан соң ал өлкөнүн энергетикасы, бул жааттагы пландарга токтолгон.
"Кыргызстан гидроресурстарга бай өлкө. Суу ресурстарынын башында турганыбызга карабастан, эгемендүүлүк жылдарында жаңы ГЭСтерди кура албай кышында электр энергиясын импорттоого аргасыз болгонубузду өкүнүч менен белгилейм. Эгемендиктин 30 жылында мазут, көмүр жана буга чейин болгон ГЭСтерден эле күчүбүздү чыгарып келгенбиз. Учурда биз гидроэнергетикалык дараметибиздин 10 пайызга жакынын гана пайдаланып жатабыз. Ошондуктан менин тапшырмам менен акыркы эки жылда өлкө боюнча чакан жана орто ГЭСтердин курулушу жигердүү башталып, инвесторлорго жеңилдиктерди берүү боюнча тиешелүү ченемдик документтер кабыл алынды. Келечекте ата мекендик энергетиканын флагманы боло турган эң ири курулуш Камбар-Ата-1 ГЭСи башталды. Бул долбоорлорду ишке ашыруу менен Кыргызстанды чындап эле энергетикалык жактан көз карандысыз, электр энергиясын чет өлкөлөргө экспорттой турган өлкө деп атоого болот. Балким, мындан илгери жылдарда буга көбүрөөк көңүл бурулса, бүгүн ыш маселеси мынчалык курч турмак эместир. Күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жылуулук үчүн көбүрөөк колдоно алмакпыз", — деген өлкө башчы.
Ал азыр өлкө жашыл экономиканы өнүктүрүүгө ишенимдүү багыт алганын, дүйнө жүзү буга өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалап төмөнкүлөрдү билдирген.
"Ошондуктан мен өлкөнүн тышкы карызын "жашыл" долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин жигердүү иштеп чыгууну тапшырдым. Айта кетсем, бүгүн тышкы карызыбыз 4,2 миллиард АКШ долларынын тегерегин түзүүдө. Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз. Тышкы карызга төлөнө турган каражаттар “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалса жакшы болмок. Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз. Жашыл экономика жөнүндө кептер көптөн бери ар кыл деңгээлде айтылып, тилекке каршы, басымдуу учурда сөз бойдон эле калып кетүүдө. Келиңиздер, бул жагдайды биргелешип өзгөртөлү. Жашыл экономика жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн арасында аябай эле артта калып жатканыбыз жашыруун эмес. Биз бул жагдайды болушунча тез өзгөртүүнү ниеттенип жатабыз. Бул демилгебиз донор өлкөлөрдө, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө колдоо табат деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтер курулууда. Бирок бул дагы жетишсиз. Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда "жашыл" долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда Жапаров Кыргызстан өз дараметин ырааттуу пайдаланган, чыныгы энергетикалык көз карандысыз өлкө болушун каалай турганын, андыктан мамлекет экология маселесине жана жашыл экономикага көбүрөөк көңүл буруп, бул багытта ишмердүүлүгүн уланта берерин кошумчалаган.
 Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Мекендештер өз үйүндө иштеши үчүн болгон күчтү жумшайбыз. Президенттин кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0