Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Артемовск Украина үчүн стратегиялык маанисин жоготту. Аскерий сереп

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaАртемовск шаарына жакын жерде украиналык аскерлери. Архив
Артемовск шаарына жакын жерде украиналык аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Жазылуу
РФ армиясы атайын операция жүрүп жаткан аймактын баарында үстөмдүк кылып келет.
Соледар менен Артемовскиден тарта Марьинка менен Угледарга чейинки 150 чакырым аралыкта Украина Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамын жана НАТОнун жардам катары келип жаткан "темир агымын" жок кылуу аракети күч. АКШнын Украина аттуу калпыс долбоору аягына чыгып келе жатат дейт аскердик баяндамачы Александр Хроленко.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу 6-декабрь күнү кыска убакыттын ичинде Донбасстын Майорка, Павловка, Опытный, Андреевка, Белогоровка жана Курдюмовкасы бошотулганын жар салды. Ошону менен бирге каршы тарап ноябрь айынын ичинде 8 300 аскеринен ажырап, 15 учак менен тик учагынан, 149 танкасынан жана сооттолгон 300 автоунаасынан кол жууганын белгиледи.
Артемовск, Авдеевка, Марьинка жана Угледар багытында россиялык бөлүктөр украин аскерлерин кысып келе жатат. Донбасс Украина Куралдуу күчтөрүнүн миңдеген жоокеринин, чет элдик "легионерлердин" жана украин армиясынын формасын кийген НАТО аскерлеринин түбөлүк жайына айланууда. Россиялык артиллериянын соккусунан улам кечээ Украина Куралдуу күчтөрүнүн бир нече бөлүгү Донецкинин чыгыш жагындагы Марьинка шаарынан чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Кыш "ысык" болчудай.
Артемовскинин жана белиндеги айыгышкан кармаш Киев режиминин армиясы үчүн өтө катаал болду, артиллерия менен "Солнцепек" системасынын соккусу алдында күнүгө жүздөгөн украиналык жоокер жер жазданууда. Президент Владимир Зеленский өткөн жумада Бахмут (Артемовск) үчүн салгылашуу өлкөнүн тагдырын чечерин айтып, башкы командачы Валерин Залужныйдан "акырына чейин" турууну талап кылган. Бирок 5-декабрдан тарта Киев элин Артемовскини бошотуп берүүгө даярдап, шаар "өлкө үчүн стратегиялык маанисин жоготту" деп эсептей баштады. Болуп көрбөгөндөй жоготууларга бул жакта Британия менен АКШны айыптап жатышат. Англиялыктар украин бөлүктөрүн туура эмес даярдаган деп күнөөлөнсө, америкалыктар жардамга "Моцарт" деп аталган жеке аскердик компанияны жөнөтүп, анысы тескөөчү гана болуп ок алдына украиналыктарды тосуп берген имиш.
Ал арада Артемовскинин батыш бөлүгүндө 30 чакырым аралыкта жайгашкан Славянско-Крематорск району да "бахмут чебинин" кейпин кийчүдөй болуп турат. НАТОнун аналитиктери Донбасстагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн экиге бөлүнүшүн, жоготуулардын өсүшүн жана чегинүүнү болжолдоп жатышат.
Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун тартуусу. Украинанын абадан коргонуу тутуму бекемделдиби?

Кайтпас чек

Өткөн сутка ичинде эле Донецк, Красно-Лиманск, Купянск багыттарында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 340 жоокери жок кылынып, 10дой өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүш менен аскердик машиналар талкаланды. Кривой Рогдун металлургиялык комбинатынын цехтеринде MLRS залптык октун реактивдүү тутумунун алты түзүлүшүн, HIMARS залптык октун реактивдүү тутумунун 70ке чукул снаряды "демилитаризацияанды". Малотарановка калктуу конушунда жайгашкан техниканы калыбына келтирүүчү пунктуга урулган сокку HIMARS залптык октун реактивдүү тутумунун аскердик машинасы жана 48 реактивдүү снаряд жок кылынды. Россиялык жоокерлер энергетика, байланыш, логистика объектилерине таамай сокку урууну улантууда. Киев режими резервдин, күйүүчү май, ок-дары жана аскердик техниканын жетишсиздигинен кыйнала баштады. НАТО көрсөткөн жардамга карабай украин армиясы алсырап, чабуул коюуга дарамети жетпей калды. Атайын операция башталгандан бери Украина Куралдуу күчтөрүнө таандык 520 учак менен тик учак, 2 638 учкучсуз аппарат, 392 мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс, 7 020 танк жана башка соотолгон машина, 931 залптык оттун реактивдүү тутуму, 3 664 артиллериялык курал жок кылынган.
Жоготууларга кошумча Киев режимин кыштын каары да кыйла жүдөтүүдө. Аяз менен чыкылдаган суук НАТО стандартындагы аскердик техниканын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып келет, от албай, электроника иштен чыгып түйшүккө салууда. Талаада аларды оңдоп-түзөө да мүмкүн эмес, Польша жана Прибалтиканын аймагында жүргүзүлгөн ремонт иштери бир нече айга созулуп кеткен учурлар бар.
The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча, Украина Куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы катарда жүргөндөрү артиллериялык соккудан моралдык жактан жабыр тартышууда. Аны Newsweek да тастыктап, Украинанын энергетикалык инфраструктурасы 2022-жылдын аягына чейин толугу менен жарактан чыгышы ыктымал экенин жазды. Макалада эгер андай боло турган болсо электр энергиясы жумалап өчүрүлүп, "шаарлар кийинки төрт айга чейин жашоого таптакыр ылайыксыз болуп калары" белгиленген. Ушундай кырдаалда Зеленский атайын операция жүрүп жаткан аймакта кырдаалды болушунча курчутуп, НАТОну Россия менен ачык согушууга түртүп жатат.
Ал арада европалыктардын басымдуу бөлүгүнүн планы такыр башка. Германия, Италия, Франция жана бир катар мамлекеттер курал жеткирүүнү кечеңдетүүдө, Киев режиминин утулганын боолголоп, "Европанын кыйроосун" алдын алып Украинадан оолактай башташты. Франциянын Le Figaro гезити антироссиялык санкцияларды жоюп Киевге курал жеткирүүнү токтотуу чакырыктарын жарыялады. Буга Зеленскийдин Украинаны коргобой эле "өз элин курмандыкка чалуу менен Россияны жок кылуучу куралга айланууну" каалап жатканы себеп экени айтылды. Коңшу өлкө такыр эле эпке келбей, алын билбей алек боло берсе Москва дүйнөдөгү эң күчтүү делген өзөктүк арсеналга ээ экенин эске сала кетсек туура болчудай. Россия чыныгы дараметин көрсөтүүдөн тартынбайт, бүлүнгүс коопсуздуктун принциптерин улуттук коопсуздугу кепилденгенге чейин болушунча коргоого белсенген.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск — Россиянын атайын операциясы менен НАТОнун эң орчундуу түйүнү
Жаңылыктар түрмөгү
0