Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Артемовск — Россиянын атайын операциясы менен НАТОнун эң орчундуу түйүнү

© Sputnik / Виктор Антонюк / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкери. Архив
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Артемовскидеги украиналык гарнизон курчалып, толук талкалана турган деңгээлге жетип калды. Себеби бул жана башка багыттарда россиялык күчтөрдүн башкы максаты Украина Куралдуу күчтөрүн демилитаризациялоо эмеспи.
Киевдик режим Бахмутту (2014-жылы Артемовск ушундай өзгөртүлгөн) "Украина үчүн негизги күрөштүн чордону" деп эсептейт. Анткен менен Батышта туура баа бериле баштаганын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автордун кезектеги макаласында да РФтин Украинадагы атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн кеп салынат.
Донецк эл республикасынын лидери Денис Пушилин 28-ноябрда россиялык күчтөрдүн аталган аймактын жака белине ийгиликтүү жеткенин кабарлаган. Украиналык "Айдар"* батальону контрчабуул коюуга аракет кылып, бирок чоң жоготуулар менен артка чегинген. Алардын 80 жоокери набыт болуп, бир танк, үч ок өткөрбөс унаа, эки жүк ташуучу машина жок кылынган.
Өткөн суткаларда россиялык жоокерлер "Вагнер" жеке аскердик ишканасы менен биргеликте үч кыштакты, атап айтканда, Озаряновка, Зеленополье жана Андреевканы бошотушкан. Бул аймактар Артемовскиге түштүк жактан кирип, Константиновка – Артемовскини (украиналык күчтөрдүн топторун жабдыган негизги маршрут) көзөмөлгө алууга жол ачат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн бекемделген райондору кыйрап, киевдик режим күн сайын бир батальонго чейинки жоготууларга учуроодо. Алардын командачылыгынын өкүлү мурдагы күнү: "Бахмут Украина үчүн күрөштүн чордону бойдон калууда. Бул багытта каршылаш тарап суткасына 180-200 чакты артиллериялык сокку урууда", — деди.
Башкы командачысы Валерий Залужный президент Владимир Зеленскийге Куралдуу күчтөр үчүн артиллериялык чабуулдун россиялык тактикасынын кесепеттери оор болуп жатканын маалымдаганы менен Киев кырдаалды көз жаздымда калтырганы белгилүү.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да кечээ НАТОдон Куралдуу күчтөр үчүн куралдын өндүрүш көлөмүн тезинен көбөйтүүнү өтүндү. Ал эми НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Бухарестте Украинаны альянстын курамына албай тургандыгын угузууга камынышты. Батыш украиналык жаңжалдан шайы оогону айдан ачык.
АКШ Украинага 200 генератор жана дрондорго каршы пулемёт жолдоду. Словакия Украина Куралдуу күчтөрүнө совет доорунан мурастап калган БМП-1 пехота унаасынан 30 бирдик жөнөттү. Мурда да украиналык абадан коргонуу тутумун чыңдоо үчүн Улуу Британия менен Франция да эски курал-жарагын жиберген. Бирок алардын баары Украина Куралдуу күчтөрүнүн абалын өзгөртүп жибербейт.
Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо милдеттери дале күчүндө.
"Вагнер" жеке аскердик ишканасынын жетекчиси Евгений Пригожин да "максат Бахмуттун өзү эмес, украиналык армияны жок кылып, анын согуштук дараметин төмөндөтүү" экенин кечээ тегин жерден айтпаган чыгар. Жакын арада россиялык күчтөр украиналык аскер башкармалыгынын тутумдары жана аларга байланыштуу энергетика жана логистика объектилерин талкалоону көздөйт. Энергетика объектилерине россиялык таамай соккулардан соң Украинада электр кубатынын таңсыктыгы 30%ды түздү. Алдыда азыркыдан да чоң көйгөйлөр жаралары айдан ачык.
Россия ТИМин Москвадагы имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москва Батыштын Киевге жардам иретинде спутник колдонуусунун кесепетин айтты
Украина Куралдуу күчтөрүнүн логистикалык түйүндөрү буга дейре экинчи пландагы буталар эле, бирок 28-ноябрда Россиянын Аба-космостук күчтөрү Днепропетровск облусундагы Моисеевка станциясына сокку уруп, украиналык №17 танк бригадасынын жоокерлерин жана аскердик техникасын жок кылды. Кривой Рогго жакын темир жол магистралындагы кыймыл бир топко дейре токтотулган.
The National Interest америкалык басылмасы күрөштө Киев өз абалын ашкере баалоодо деп жазса, Bloomberg маалымат агенттиги АКШ украиналык жаңжалдан өз пайдасын болушунча көрүп, эми артыкчылыктарын алмаштыруу туурасында ойлонуп жатканын боолгологон.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулу жаңжалды гана узартып, чоң чыгымга батырат. Вашингтон киевдик режим үчүн курал-жарактын акчасын жылдап төлөгүсү жок. Ошондуктан Москва менен тынч сүйлөшүүгө ыктап бараткандай.
Абройлуу The American Conservative америкалык журналы "Байдендин администрациясы АКШ калкына чындыкты айтуудан баш тартууда. Украина бул согушта жеңишке жетпейт" - деген көз карашта. Басылма Ак үй менен Пентагондун жетекчилери башта Россиянын улуттук күчүн жана стратегиялык артыкчылыктарын эсепке албаганын белгилейт. Натыйжада Украина согуштан запкы жеген Вьетнам, Ирак, Афганистандын кейпин кийип калды. Болбосо ал жактарда да АКШ армиясы демократияны орнотмокчу болгон эле.
НАТОнун мүчөлөрү Вашингтондун прокси согушунан улам көңүлү калууда. Анткени экономикалары чабалдап, коомчулугу бул жаңжалдын оор кесепетин жон териси менен сезүүдө.
Анан да Москва атайын аскердик операциянын милдеттерин аткаруу ыкмаларын кескин өзгөртүп, Россиянын улуттук коопсуздугунун керектөөлөрүнө төп келген жаңы территориялык кво макамын жаратууга даяр.
The American Conservative басылмасы ноябрдын аягында Россиянын Батыш стратегиялык багытындагы жаңы күчтөрү "540 000ге жетип, улам саны артууда. Реактивдүү артиллериянын 1000 системасын, миңдеген тактикалык баллистикалык ракета, канаттуу ракета жана учкучсузду да кошорун болжогон. Ошондой эле андагы маалыматтарга таянсак, 5000 аскердик ок өткөрбөс машина, анын ичинде 1500 танк, жүздөгөн учкуч тескеген бомбалоочу, чабуулчу жана тик учактар менен жабдылат.
Америкалык басылма Россия күчтөнүп, РФтин жаңыртылган Куралдуу күчтөрү Украинадагы согуш чегинен фронттун 1000 чакырымдык масштабында стратегиялык операциялар үчүн дасыгып калат. Ал эми киевдик режимдин "Кремлдин ичинен ыдырашына" ынанып, майдан, кыйроо жана Россиянын Батышка багынышына кол коюп бере турган "жаңы бийликтин" орнотулушун күткөнү дегеле акылга сыйбайт.
* "Айдар" – РФте тыюу салынган экстремисттик уюм.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
HIMARS согуштук куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада НАТО жеңилип барат... Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0