Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ менен НАТОнун тартуусу. Украинанын абадан коргонуу тутуму бекемделдиби?

© AFP / BULENT KILICPatriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив
Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Украинанын абадан коргонуу тутумун бекемдөөнүн артыкчылыгы тууралуу Пентагон менен НАТОнун декларациясы реалдуулуктан өтө эле алыс. Украина Куралдуу күчтөрү улам Батыштын курал металлоломун же майнапсыз зениттик-ракеталык комплекстеринин сынамык үлгүлөрүн алып келет.
Пентагондун үлкөн өкүлдөрүнүн бири 29-ноябрда Украинанын абадан коргонуу тутумун чыңдоо америкалык жана европалык союздаштар үчүн мурдагыдай эле "абсолюттук артыкчылык" бойдон каларын айтты. Бул билдирүү АКШнын Коргоо министрлигинин расмий сайтына да жарыяланды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Батыштын ушул "саясатына" баам салган.
Вашингтон киевдик режимге Patriot зениттик-ракеталык комплексин жөнөтүү жагын караштырууда. Аталган бирдик НАТОнун абадан коргонуу тутумундагы эң мыкты болуп саналат. Анткен менен буга чейин берилген эзелки Avenger, Crotale зениттик ракеталык комплекстери, 275 зениттик курал жана пулемет АКШ Коргоо министрлигинин декларациясына шайкеш эмес.
Натонун өткөн кылымдын ортосундагы техникасы Россиянын жаңы баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен тиреште алсыз. IRIS-T жана NASAMS тибиндеги бир нече "сынамык" зениттик-ракеталык комплекси Украинадагы согуштук аракеттер театрында жагдайды түзөтө албайт.
Айрым гана тилкелерде Украина Куралдуу күчтөрү советтик "Бук" менен франциялык "Кроталдерди" (Crotale) интеграциялоого аракет кылып келишет. Киевдик режим дагы көп курал алууга умтулган сайын жамааттык Батыш жогорку технологиялык өзөктүк Россия менен түз аскердик жаңжалды тутантуу ниетинен кайтууда.
НАТОнун аба мейкиндигинин чыгыш чек араларын коргоо үчүн Германия Польшага (утурумдук пайдаланууга) 100 чакырымга чейинки аралыкты багындыра ала турган Patriot комплекстерин сунуштады. Варшава өз территориясында германиялык зениттик-ракеталык комплекстердин Украинанын асманындагы россиялык буталарга карай атыла баштаса кырдаалдын ырбап кетишинен чочулайт.
Ошол себептен Берлинге "Патриотторду" түз Киевге жөнөтүү оң экенин айтууда. Андай жардамдашууга Германиянын канцлери Олаф Шольц даяр эмес. Анын ордуна Украинага 1973-жылы чыккан Gepard "зениттик танктарынан" көбүрөөк берүүнү убада кылууда. 35 мм автоматтык Oerlikon замбиректери орнотулган, Leopard танкынын шассисиндеги Gepard өзү жүрүүчү зениттик түзүлүштөрдү Бундесвер 10 жыл мурун жарактан чыгарып, кампаларда чаң басып жатканы маалым. Киевге ондогон Gepard түзүлүштөрү берилсе да пайдасыз, аскерий мүнөздөмөлөрү боюнча, алар Stinger зениттик-ракеталык комплекстерине да тең келе албайт.
HIMARS согуштук куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада НАТО жеңилип барат... Аскерий сереп
24-февралдан бери АКШ Украинага 19 млрд доллардан ашуун каражат бөлдү. Анткен менен бул көрсөткүчтөр жеңишти кепилдей албайт. Түндүк Америка менен Европадагылар киевдик режимге аскерий колдоо канчалык кооптуу экенин туюп турат. Атап айтсак, Берлин, Варшава, Вашингтон жана башка "союздаштар" ар кандай шылтоолор менен Украина Куралдуу күчтөрүнө НАТОну Россия менен түз салгылашка тартуу коркунучунан улам таамай сокку уруучу куралдарды берүүдөн баш тартууда.
Иш жүзүндө Польша өкмөтү өз чек арасында Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин жайгаштыруу жөнүндөгү Германиянын сунушун четке какты. Ал эми аталган республиканын германиялык "Патриотторду" Украинага түз жөнөтүү сунушун киевдик режим да кош колдоп кубаттоодо.
Варшава бул кадамынан кийин АКШнын пикири кандай болорун толкундануу менен күтүүдө. Анткен менен Германия өзүнүн зениттик-ракеталык комплекстерин альянстын абадан коргонуу бирдиктеринин интеграцияланган системасынын бир бөлүгү катары санап, НАТО өлкөлөрүнүн чегинен тыш аракет эте албай турганын белгилейт. Акыры киевдик режимдин колуна булардын эч бири тийбейт окшойт. Анткени F-16 учактары, НАТОлук мобилдик курал бирдиктери менен жабдуу дагы узак талкууланары айдан ачык. Киевдик режимди жооткотуу үчүн Батыш 106,7 млн евролук бюджет бөлүп, эки жыл аралыгында 15 миң украиналык жоокерди даярдоо боюнча Европа биримдигинин миссиясын түзүүгө белсенди. Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготууларынын жанында бул – арзыбаган жардам.
Европа комиссиясынын маалыматында, Украина Куралдуу күчтөрү тогуз ай аралыгында 100 миң кишиден ажыраган. АКШнын кызыкчылыктары үчүн курман болгон жоокерлердин саны 150 – 200 миңге жетип, ал эми энергетика системасы дээрлик талкаланганда армия менен коомчулук бул жоготуулардын оордугун сезет.
Украинадагы согуштук аракеттер дагы бир топ жылга создугушу ыктымал. Ал эми Киевдин (Батыштын) жеңишке жетери күмөн. АКШнын тышкы саясий жетекчилиги өз каталарын моюнга алгысы келбейт. Ак үйдүн администрациясы өзөктүк эскалациянын тобокелдиктерин түшүнгөндүктөн Россия менен согушууга ниеттенбейт. Ушундай бир туңгуюкка кептелди.
Вашингтон менен Брюсселдин Украинада ийгилик жаратып жаткандай түр көрсөтүүсү барган сайын кыйындап баратат. Европа биримдигин экономикалык көйгөй жана украиналык качкындар кыйноодо.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг шейшемби күнү Киевге альянска эшик ачык, "биз чегинбейбиз" деп жарыялап, ал эми шаршембиде Украинага альянска мүчө болуунун ордуна мамлекеттүүлүктү сактап калууну ойлонууга кеңеш бергени да тегин жерден эместир.
Кезектеги геосаясий жеңилүүнүн алдында АКШ менен НАТОнун жетекчилиги алаканын куушуруп отуруп калып же Россия менен согуштук жаңжалдын отуна Польшаны түртүп жиберүү да ойлоруна келсе керек.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украина аскерлери танкта. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн. Батыштын шыкагы жана "жардамы"
Жаңылыктар түрмөгү
0