11-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча паркында күз. Архив
Ала-Арча паркында күз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
11-ноябрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта +3…+8, Чүй облусунда +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жеринде +2…+7, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +7…+9, Ош шаарында +8…+10 градус болот.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Уул баланын төрөлүшү эркек кишиден көз каранды. Урологдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0