00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадырова: үйлөрдү көмүр менен жылытуудан баш тартуу ыш көйгөйүн чечет

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Юнисон Групп" альянсынын аба сапаты боюнча адиси Каныкей Кадырова
Юнисон Групп альянсынын аба сапаты боюнча адиси Каныкей Кадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
"Юнисон Групп" альянсынын аба сапаты боюнча адиси Каныкей Кадырова үйлөрдүн 70 пайызы көмүр менен жылытыларын, бул PM 2,5 зыяндуу майда катуу бөлүкчөлөрдүн эң коркунучтуу деңгээли экенин айтты.
Турак үйлөрдү жылытуу үчүн колдонулган көмүр Кыргызстандын борборундагы абанын булганышынын негизги булагы болуп саналат. Маселени жылуулук насосторун колдонуу, энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүү жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу чечсе болот. Бул тууралуу Каныкей Кадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кадырова: үйлөрдү көмүр менен жылытуудан баш тартуу ыш көйгөйүн чечет
Анын айтымында, Кыргызстандагы үйлөрдүн 70 пайызы көмүр менен жылытылат. Бул PM 2,5 зыяндуу майда, катуу бөлүкчөлөрдүн эң коркунучтуу деңгээлин жаратат.
"Жеке турак жай секторундагы жылытуу системасын жакшыртуу — Бишкектеги абанын булганышын алдын алуу жана кир абадан улам каза болгондордун санын азайтуунун эң натыйжалуу жолу. Муну "Бишкек шаарындагы абанын сапаты: абаны булгоочу заттардын булактарын баалоо жана абанын сапатын башкарууну илгерилетүү боюнча жол картасы" боюнча жарыяланган изилдөө далилдеп турат. Аны БУУнун Өнүктүрүү программасы, Айлана-чөйрө программасы үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту даярдаган. Изилдөөнүн натыйжасында үйлөрдү жылытуу үчүн колдонулган күкүрткө бай болгон көмүр борбор калаанын абасынын булганышынын негизги булагы болуп жатканы көрсөтүлөт. Анда алдыдагы үч жылдын ичинде турак жай сектору, транспорт, электр энергиясын өндүрүү жана таштанды сектору жаатында иш алып баруунун жол картасы сунушталды. Ошондой эле изилдөөдө Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4 100-5 000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13 пайызын түзөрү айтылган. Баяндамада маселени чечүүчү мекемелерге сунуштар айтылган. Отчёттун жол картасында турак жай сектору үчүн жылуулук насостору сыяктуу көмүргө караганда арзан болгон таза альтернативдүү ыкмаларды жайылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар сунушталган. Бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө салым кошуп, саламаттык сактоого кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет", — деди Кадырова.
Ал кир абадагы зыяндуу заттар өпкөгө терең кирип, канга тарап, жүрөк-кан тамырларынын жана дем алуу органдарынын ооруларын, өпкө рагын пайда кылуу коркунучу жараларын айтып, абада зыяндуу заттар көбөйгөн учурда фильтри бар маска тагынууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0