2023-жылдагы майрам жана эс алуу күндөрү

Жазылуу
Эгер майрам дем алышка туш келип калса, кыргызстандыктар майрамдан кийинки жумуш күнү эс алат.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2023-жылдын өндүрүштүк планын бекитти.
Кыргызстандагы майрам күндөр:
1-январь — Жаңы жыл;
23-февраль — Мекенди коргоо күнү;
8-март — Аялдардын эл аралык майрамы;
21-март — Нооруз майрамы;
7-апрель — Апрель элдик революция күнү;
5-май — КР Баш мыйзамынын күнү;
9-май — Жеңиш майрамы;
31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү;
7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү;
Айга карап аныкталчу Орозо айт, Курман айт жана 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү жумуш эмес, майрам күн болуп эсептелери айтылды.
2023-жылдагы Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
"Эгер майрам дем алышка туш келип калса, кыргызстандыктар майрамдан кийинки жумуш күнү эс алат", — деп жазылат маалыматта.
Өкмөттүн сайтында 16-декабрда Кыргызстанда 1-январдан 8ине чейин эс алуу жарыялангандыгы кабарланды. 9-январдагы эс алуу күн 3-январдагы иш күнгө которулду, 25-февраль ишемби 4-январга жылды. 11-март ишемби 5-январга, дагы бир ишемби, 25-март 6-январга которулду.
9-октябрда министрлер кабинетинин кошумча эс алуу күндөрү боюнча токтому чыкты: ноябрдын башында кыргызстандыктар беш күн катары менен — 4-8-ноябрь күндөрү эс алышат. 6-ноябрдагы иш күнү 11-ноябрь ишембиге которулду.
6-январь, 22-февраль, 7-март, 20-март, 6-апрель, 4-май, 8-май, 30-август, 6-ноябрь майрам күндөрүнүн алдындагы кыскартылган күндөр болуп саналары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0