"Кыргызстандын электр тармактары" жана "Россети" стратегиялык негизде кызматташмакчы

© Sputnik"Кыргызстандын электр тармактары" жана "Россети" стратегиялык негизде кызматташмакчы
Кыргызстандын электр тармактары жана Россети стратегиялык негизде кызматташмакчы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
Компания жаңылыктары
Документке "Россиянын энергетикалык жумалыгы — 2022" форумунун алкагында кол коюлду.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. "Россети" компаниясы менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы электр тармактарын өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташтык жөнүндө макулдашты.
Документке компаниялардын башчылары Андрей Рюмин менен Алтынбек Рысбеков Москвада "Россиянын энергетикалык жумалыгы — 2022" форумунун алкагында кол коюшту.
Макулдашууда Кыргызстандын электр-энергетикалык системаларын өнүктүрүү программаларын жана схемаларын иштеп чыгууда өз ара иштештүү, курулуш, инфраструктураларды модернизациялоо жаатында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Ошондой эле маселелердин кеңири спектри боюнча тажрыйба алмашуу иш-чараларын өткөрүү пландалган. Анын ичинде корпоративдик окуу борборлорунун базасында адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, керектөөчүлөрдүн технологиялык жактан биригүүсү, энергетикалык объектилерди долборлоо жана куруу, электр тармактары комплексин снариптик трансформациялоо камтылган.
"Кыргызстан менен Россиянын электр тармагындагы компанияларынын ортосунда мындай масштабдагы макулдашуу биринчи ирет түзүлүп жатат. Ал кооперацияларга инновациялык технологияларды иштеп чыгуу, колдонуу, электр-техникалык жабдуулар, материалдар, сертификациялоо жана сыноо сыяктуу зарыл болгон багыттар боюнча шарттарды түзөт. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу биздин өлкөлөрдүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болот", — деди Рюмин.
"Кыргызстандын электр тармактары" ишканасынын директору Алтынбек Рысбеков да кесиптешинин сөзүн кубаттаган.
"Биздин кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын ири энергетикалык компанияларынын эки тараптуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле укуктук-ченемдик документтер, заманбап инновациялык технологиялар, тажрыйба алмашуу жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга түрткү берет", — деди Рысбеков.
"Кыргызстандын электр тармактары" — өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясын керектөөчүлөргө жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү компания. Ошондой эле республиканын улуттук энергетикалык системасында борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкаруу жүргүзгөн системалык оператор. Компаниянын карамагында 12 миң чакырым электр тогун өткөрүүчү 35- 110-500 кВ линия жана 547 подстанция бар.
Бишкек ТЭЦинин башкаруу пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногуна кирүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0