Чет жакта 800 миңден ашык кыргызстандык иштейт. Өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Кирилл КаллиниковМосквада жеткирүү кызматын курьери. Архив
Москвада жеткирүү кызматын курьери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Мекендештер иш издеп барган өлкөлөрдүн ичинен Россиядан кийинки орунда эле Түркия менен Казакстан турат.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны кеминде 11 мамлекетте эмгектенет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрликтин маалымат кызматы мекендештердин көбү кайсы мамлекеттерде иштээрин айтып, сандарды келтирди:
Россия — 680,5 миңдей адам;
Түркия — 35 миң;
Казакстан — 35 миң;
АКШ, Канада — 26 миң;
Германия, Польша — 11,2 миң;
Түштүк Корея — 6,4 миң;
Өзбекстан — 5 миң;
БАЭ — 5 миң;
Улуу Британия — 3 миң.
Франциядагы Asten ресторанынын негиздөөчүсү Тина Калыбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Францияда ресторан ачкан Тина Калыбекова: Мишлен жылдызын алуу оңой болгон жок
Жаңылыктар түрмөгү
0