Австриянын экс-вице-канцлери Украинадагы кырдаал үчүн АКШны айыптады

© Sputnik / Алексей ВитвицкийАвстриянын мурдагы вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе. Архив
Австриянын мурдагы вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Саясатчы Киев режимин Австриянын аймагы аркылуу курал-жарак менен камсыздоого жол берилбеш керектигин айтты.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. АКШ менен НАТО Россияга каршы согуш жарыялап, Украинаны курал катары колдонуп жатат. Бул Европага өзгөчө зыян алып келет. Мындай пикирин Австриянын мурдагы вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе өзүнүн YouTube каналында айтты.
"АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн курал берүүсү Украинага жардам берет деп ойлогондор жаңылышат. Алар ката кетиргенин кийин гана түшүнөт. Батыштын аскерий жардамы жалпы адамзатты азап-тозокко кептеп, кырдаалдын андан ары курчушуна гана алып келет", — деди ал.
Штрахе Евробиримдиктин жетекчилиги менен Австриянын бийлигин этият болууга жана курчуп кеткен жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү. Ал өз өлкөсүнүн жетекчилигине Конституцияда бекитилген туруктуу бейтараптык принцибин сактап, Австриянын аймагы аркылуу Киев режимине курал-жарак жеткирүүгө жол берилбеши керектигин эскертти.
Ошондой эле Штрахе Россияга каршы санкциялардын оор кесепеттерине көңүл бурду.
"Биз газдын жана электр энергиясынын катуу тартыштыгына дуушар болуп, экономикабыз толугу менен талкаланчу кышка жакындап келе жатабыз", — деп жыйынтыктады саясатчы.
Россиянын атайын операциясынын фонунда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага курал-жарак ташууну улантууда. Вашингтон Киев бийлигине аскердик жардам үчүн миллиарддаган долларларды бөлүп жатат. Ал эми Москва курал-жарак жеткирүү жаңжалды узартарын айтып келет.
АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
АКШ: Россиянын Украинада да, андан тыш да колдоно турган аскер күчү эбегейсиз
Жаңылыктар түрмөгү
0