Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Песков: Россия Киев менен сүйлөшүү эшигин эч качан жаппайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРоссия жана Украина желектери. Архив
Россия жана Украина желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Жазылуу
Атайын операция башталгандан бери эле РФ жетекчилиги Украина тараптын бир пикирге келүү каалоосу жок экенин айтып келет.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Москва менен Киевдин ортосундагы диалог үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Россиянын президенти Владимир Путин да, тышкы иштер министри Сергей Лавров да бул эшикти жаап салууну эч убакта каалашпайт. Бул тууралуу Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Президент да, министр да сүйлөшүүлөрдү токтотуу боюнча маселени эч качан көтөрүшкөн эмес", — деди Песков.
Буга чейин министр Лавров RT жана "Россия сегодня" медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симоньянга берген маегинде азыркы кырдаалда Россия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн мааниси жок экенин айткан. Ал Беларуста өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасында эле "украин тараптын кайсы бир маселени олуттуу талкуулоого каалоосу болбогонун" эске салды.
Ал эми президент Путин Тегеранга болгон сапарында Киев бийлиги макулдашуулардын иш жүзүнө ашуусуна аз калганына карабай, аны аткаруудан баш тартканын айтты. Россия лидери Киев бийлигинин абалды жөнгө салуу боюнча каалоосу жок экенин билдирди.
Эске салсак, Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операциясын жүргүзүп жатат. Анын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо деп айтылууда.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров атайын операциянын географиясы кандай учурда кеңейерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0