Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумалиев: быйыл буудайдан 631 миң тонна түшүм алуу болжолдонууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиев
Айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жигитали Жумалиев өлкөдө оруп-жыюу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Быйыл буудай өткөн жылга салыштырмалуу 16,9 миң гектарга аз эгилди, бирок түшүмдү эки эсе көп алуу болжолдонууда. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жумалиев: быйыл буудайдан 631 миң тонна түшүм алуу болжолдонууда
Анын айтымында, пайдаланылбаган жерлер 53,7 миң гектардан 49,6 миң гектарга чейин азайган.
"Өлкөдө жалпы айдоо аянты 1 миллион 287 миң гектарды түзөт. Мунун ичинен 72 пайызы дыйкан-фермердик чарбаларга, мамлекеттик коллективдүү чарбаларга 4 пайызы жана калктуу конуштардагы айдоо жер аянттарына (огороддорго) 6 пайызы таандык. Жалпысынан айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү аянттары жылдан-жылга көбөйүүдө. Алсак, 2015-жылы 1 миллион 186 миң айыл чарба жерлери болсо, быйыл 1 миллион 229 миң гектарга жетти. Ошондой эле быйыл бак-дарактардын аянты миң гектарга өстү. Быйыл буудай өткөн жылга салыштырмалуу 16,9 миң гектарга аз эгилди. Ошол эле учурда арпа, пахта жана тоюттун аянты көбөйдү. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айдоо аянтты эле көбөйтө бербестен, түшүмдүүлүктү өстүрүүгө басым жасалууда. Алсак, былтыр буудайдан 14,5 центнерден түшүм болуп, жалпы 360 миң тонна жыйналган. Ал эми быйыл 28 центнерге чейин жеткирилип, 631 миң тонна түшүм алуу болжолдонууда. Мунун ичинен үрөнгө, тоютка багытталып, 450-500 миң тонна ички колдонууга калат. Ал эми жалпы керектөө 760 миң тоннаны түзөт. Демек, 260 миң тоннадай буудайды импорттоо зарылдыгы жаралат", — деди Жумалиев.
Ошондой эле ал кант кызылчасы менен суу майдын импорттон көз карандылыгын жоюу боюнча программа иштелип чыкканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0