Жылаңач сулуу, "абактан чыккан" Жумадылов... Геннадий Базаровдун кинокаармандары
Жылаңач сулуу, "абактан чыккан" Жумадылов... Геннадий Базаровдун кинокаармандары
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн белгилүү кинорежиссёр, сценарист, КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун туулган күнү. "Кыргыз кереметин" түптөгөндөрдүн бири 80 жашка толду. 14.05.2022, Sputnik Кыргызстан
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун эмгектериндеги каармандарын сунуштайт.Геннадий Базаров "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Жаңылуу", "Искусство жөнүндө баян", "Буктурма", "Көздүн кареги", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Метаморфоза", "Кара кыз" тасмаларын экрандаштырган.Нарындык жаш жигит алгач "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштеп, андан соң Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алат. Мекенге кайтып келген 23 жаш кезинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча тасма тартып дипломун коргогон. Дал ошол тасма ага көптөгөн ийгиликтерди алып келген.КРдин эл артисти эмгектерин өзгөчөлөнгөн көз караш менен камерага түшүрүп, окуяны, каармандарды мыкты ачып берип, дайым изденүүдө жүрөт.Ата мекендик кинематографияга өмүрүн арнаган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар. Тема боюнча:— 36 жашында СССРдин эл артисти болгон. Болот Миңжылкыевдин сүрөттө калган элеси— "Ак кеме", "Бөрү зынданды" камерага түшүргөн Манас Мусаев 80 жашта. Сүрөттөр
Бүгүн белгилүү кинорежиссёр, сценарист, КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун туулган күнү. "Кыргыз кереметин" түптөгөндөрдүн бири 80 жашка толду.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун эмгектериндеги каармандарын сунуштайт.
Геннадий Базаров "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Жаңылуу", "Искусство жөнүндө баян", "Буктурма", "Көздүн кареги", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Метаморфоза", "Кара кыз" тасмаларын экрандаштырган.
Нарындык жаш жигит алгач "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштеп, андан соң Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алат. Мекенге кайтып келген 23 жаш кезинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча тасма тартып дипломун коргогон. Дал ошол тасма ага көптөгөн ийгиликтерди алып келген.
КРдин эл артисти эмгектерин өзгөчөлөнгөн көз караш менен камерага түшүрүп, окуяны, каармандарды мыкты ачып берип, дайым изденүүдө жүрөт.
Ата мекендик кинематографияга өмүрүн арнаган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Согуштун айынан жакындарынан айрылган, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу Толгонай. Бакен Кыдыкеева "Саманчынын жолу" тасмасында башкы ролду аткарган
Короозун кучактаган Оромотай, анын аялы Сейил. "Көчө" тасмасындагы Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева