https://sputnik.kg/20261108/1104774773.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Үйү жок айыл тургундары дагы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) кезекке турушу керек. Мындан ары жер тилкелери жер тамдарды салууга бериле берсе, келечек... 08.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-08T15:00+0600
2026-11-08T15:00+0600
2026-11-08T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/08/1104774607_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2a8a92609ff3e24a5e9b0763022fbba7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Үйү жок айыл тургундары дагы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) кезекке турушу керек. Мындан ары жер тилкелери жер тамдарды салууга бериле берсе, келечек муун өзүн тамак-аш менен камсыздай албай калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Өлкө башчыга кайрылган жаран айылда үй курууга жер ала албай жатканын айтты. Президент жылдан-жылга жер тарып баратканын, мындан ары аны жеке менчикке бербөө мамлекеттик саясат экенин баса белгиледи. "Бүгүн 7,5 миллион эл болсок, 2050-жылы 10 миллионго жетебиз. Жердин баарын азыр таратып жиберсек, кийинки муун өзүн тамак-аш менен камсыздай албай калат. Региондордун тургундары дагы мамлекеттик ипотекага кезекке тургула. Айылдарга чейин көп кабаттуу үйлөрдү салып беребиз", — деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров сүттү кайра иштетүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды. Бул тууралуу Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушууда белгилүү болду. Ишкананын өкүлүнүн маалыматына караганда, заводдун курулушу жазында башталып, учурда айран жана сыр өндүрүлүүдө. Долбоордун жалпы баасы 40 млн сомду түзүп, анын 15 млн сому жеке каражаттын эсебинен каржыланган. Ишкана коммерциялык банктан жылдык 29% менен насыя алгандыктан, каржылык чыгымдары көбөйүп жатканын билдирген. Ошондой эле Россияга сыр экспорттоого даярданып жатканына байланыштуу чийки зат сатып алууга кошумча 6 млн сом керектелүүдө. Жапаров тиешелүү банктар менен сүйлөшүп, ишкананын насыяларын 6%дык жеңилдетилген шартка которуу жана жүгүртүү каражатын бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Бишкекте дем алыш күндөрү 200дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат Коомдук тартипти камсыз кылууга 60тан ашык кызматтык унаа тартылды. Милиция кызматкерлери көчөлөрдө, сейил бактарда жана эл көп чогулган жайларда кайгуул жүргүзүүдө. Өзгөчө көңүл түнкү клубдардын, кафе-ресторандардын жана көңүл ачуучу жайлардын айланасындагы коопсуздукка бурулууда.
Польшанын Краков шаарынын борборунда белгисиз киши өтүп бараткан унаанын ичинен жөө адамдарды көздөй ок чыгарып, кеминде алты адам курман болду, ондон ашыгы жаракат алды. Кол салуу Базар аянтында болгон. Жарадар болгондордун 12си өтө оор абалда жатат. Алардын арасында Россиянын жараны бар экени, ошондой эле Британиянын бир жараны набыт болгону кабарланууда. Кылмышка шектүү Польшанын 25 жаштагы жараны. Ал кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Акыркы маалыматтар боюнча, абалы оор, ага кайрадан операция жасалууда. Польша ИИМинин билдиришинче, ал радикалдуу көз караштарды карманган. Польша радиосунун кабарлашынча, анын унаасынан ири көлөмдөгү ок-дары табылган. Ок аскердик үлгүдөгү куралдан чыгарылган. Премьер-министр Дональд Туск кол салган кишинин үйүнөн эки аял менен бир эркектин жансыз денеси табылганын билдирди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар анын жакын туугандары болгон. Колдо бар маалыматка ылайык, шектүү буга чейин соттолгон эмес жана курал алып жүрүүгө уруксаты болгон. Польшада 8–9-ноябрь күндөрү аза күтүү жарыяланды, ал эми Краковдун өзүндө аза күтүү 11-ноябрга чейин уланат.
Үйү жок айыл тургундары дагы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) кезекке турушу керек. Мындан ары жер тилкелери жер тамдарды салууга бериле берсе, келечек муун өзүн тамак-аш менен камсыздай албай калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Өлкө башчыга кайрылган жаран айылда үй курууга жер ала албай жатканын айтты. Президент жылдан-жылга жер тарып баратканын, мындан ары аны жеке менчикке бербөө мамлекеттик саясат экенин баса белгиледи. "Бүгүн 7,5 миллион эл болсок, 2050-жылы 10 миллионго жетебиз. Жердин баарын азыр таратып жиберсек, кийинки муун өзүн тамак-аш менен камсыздай албай калат. Региондордун тургундары дагы мамлекеттик ипотекага кезекке тургула. Айылдарга чейин көп кабаттуу үйлөрдү салып беребиз", — деди Жапаров. Президент Садыр Жапаров сүттү кайра иштетүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды. Бул тууралуу Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушууда белгилүү болду. Ишкананын өкүлүнүн маалыматына караганда, заводдун курулушу жазында башталып, учурда айран жана сыр өндүрүлүүдө. Долбоордун жалпы баасы 40 млн сомду түзүп, анын 15 млн сому жеке каражаттын эсебинен каржыланган. Ишкана коммерциялык банктан жылдык 29% менен насыя алгандыктан, каржылык чыгымдары көбөйүп жатканын билдирген. Ошондой эле Россияга сыр экспорттоого даярданып жатканына байланыштуу чийки зат сатып алууга кошумча 6 млн сом керектелүүдө. Жапаров тиешелүү банктар менен сүйлөшүп, ишкананын насыяларын 6%дык жеңилдетилген шартка которуу жана жүгүртүү каражатын бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.Бишкекте дем алыш күндөрү 200дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат Коомдук тартипти камсыз кылууга 60тан ашык кызматтык унаа тартылды. Милиция кызматкерлери көчөлөрдө, сейил бактарда жана эл көп чогулган жайларда кайгуул жүргүзүүдө. Өзгөчө көңүл түнкү клубдардын, кафе-ресторандардын жана көңүл ачуучу жайлардын айланасындагы коопсуздукка бурулууда.Польшанын Краков шаарынын борборунда белгисиз киши өтүп бараткан унаанын ичинен жөө адамдарды көздөй ок чыгарып, кеминде алты адам курман болду, ондон ашыгы жаракат алды. Кол салуу Базар аянтында болгон. Жарадар болгондордун 12си өтө оор абалда жатат. Алардын арасында Россиянын жараны бар экени, ошондой эле Британиянын бир жараны набыт болгону кабарланууда. Кылмышка шектүү Польшанын 25 жаштагы жараны. Ал кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Акыркы маалыматтар боюнча, абалы оор, ага кайрадан операция жасалууда. Польша ИИМинин билдиришинче, ал радикалдуу көз караштарды карманган. Польша радиосунун кабарлашынча, анын унаасынан ири көлөмдөгү ок-дары табылган. Ок аскердик үлгүдөгү куралдан чыгарылган. Премьер-министр Дональд Туск кол салган кишинин үйүнөн эки аял менен бир эркектин жансыз денеси табылганын билдирди. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар анын жакын туугандары болгон. Колдо бар маалыматка ылайык, шектүү буга чейин соттолгон эмес жана курал алып жүрүүгө уруксаты болгон. Польшада 8–9-ноябрь күндөрү аза күтүү жарыяланды, ал эми Краковдун өзүндө аза күтүү 11-ноябрга чейин уланат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/08/1104774607_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c55fd419f421cb6e6c45a3e4ad0dac3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио