https://sputnik.kg/20261109/1104791163.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда КРВИ күчөдү: инфекциялык ооруканада жети бала оор абалда Трамп Иранга каршы операциянын чыгымын АКШ коргогон өлкөлөр төлөй турганын... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T15:00+0600
2026-11-09T15:00+0600
2026-11-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104790997_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb344f475a45aec1211f34d718e088f2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда КРВИ күчөдү: инфекциялык ооруканада жети бала оор абалда Трамп Иранга каршы операциянын чыгымын АКШ коргогон өлкөлөр төлөй турганын айттыКыргызстанда айлык инфляцияга жараша көтөрүлөт
Кыргызстанда айлык акы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Эмгек кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө президент кол койду. Эми иш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө милдеттүү болот. Маянаны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдардын ички (жергиликтүү) ченемдик актыларында бекитилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын саны өсө баштады. Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында учурда жети наристе оор абалда жатат. Медициналык мекеме билдиргендей, акыркы эки суткада аларга 644 адам кайрылса, алардын үчтөн бирине КРВИ диагнозу коюлган. Жалпысынан 231 бейтап ооруканага жаткырылып, алардын басымдуу бөлүгүн сасык тумоого чалдыккандар түзгөн. "Ооруканага жаткырылгандардын 71 пайызын балдар, негизинен кичинекей курактагы бөбөктөр түзөт", — деп кабарлашты ооруканадан. Бейтаптардын кескин көбөйүшүнөн улам медициналык персонал күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Оорукана 500 орунга ылайыкталганы менен учурда стационарда 520 бейтап дарыланып жатат. Алардын көпчүлүгү жаш балдар болгондуктан, жанында энелери да жатышат.
Жылуу аба ырайынан кийин 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жааса, 11-ноябрда жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болуп, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. 11-13-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градуска чейин суук болуп, күндүз 2-7 градус жылуу болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градус жылуулук күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус жылуулук күтүлөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9 градуска чейин суук болуп, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, катуу жаан-чачын учурунда жолдордо көрүү аралыгын азайтып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Трамп Иранга каршы операциянын чыгымын АКШ коргогон өлкөлөр төлөй турганын айтты "Мунун баары аяктаганда, биз коргогон өлкөлөр Иран менен согушка кеткен чыгымыбызды толугу менен кайтарып беришет. Мен аларга айттым, алар жүз пайыз төлөшөт. Анткени биз болбосок, алар да болмок эмес. Мисалы, биз болбосок, Израиль да болмок эмес", — деди Трамп. Ал эми мамкатчы Марко Рубионун айтымында, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү натыйжа берген жок. Ал Ирандын талаптарынын айрымдарын акылга сыйгыс жана реалдуу эмес деп атады.
Кыргызстанда КРВИ күчөдү: инфекциялык ооруканада жети бала оор абалда Трамп Иранга каршы операциянын чыгымын АКШ коргогон өлкөлөр төлөй турганын айттыКыргызстанда айлык инфляцияга жараша көтөрүлөт Кыргызстанда айлык акы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Эмгек кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө президент кол койду. Эми иш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө милдеттүү болот. Маянаны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдардын ички (жергиликтүү) ченемдик актыларында бекитилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын саны өсө баштады. Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында учурда жети наристе оор абалда жатат. Медициналык мекеме билдиргендей, акыркы эки суткада аларга 644 адам кайрылса, алардын үчтөн бирине КРВИ диагнозу коюлган. Жалпысынан 231 бейтап ооруканага жаткырылып, алардын басымдуу бөлүгүн сасык тумоого чалдыккандар түзгөн. "Ооруканага жаткырылгандардын 71 пайызын балдар, негизинен кичинекей курактагы бөбөктөр түзөт", — деп кабарлашты ооруканадан. Бейтаптардын кескин көбөйүшүнөн улам медициналык персонал күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Оорукана 500 орунга ылайыкталганы менен учурда стационарда 520 бейтап дарыланып жатат. Алардын көпчүлүгү жаш балдар болгондуктан, жанында энелери да жатышат.Жылуу аба ырайынан кийин 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жааса, 11-ноябрда жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болуп, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. 11-13-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градуска чейин суук болуп, күндүз 2-7 градус жылуу болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градус жылуулук күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус жылуулук күтүлөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9 градуска чейин суук болуп, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, катуу жаан-чачын учурунда жолдордо көрүү аралыгын азайтып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот.Трамп Иранга каршы операциянын чыгымын АКШ коргогон өлкөлөр төлөй турганын айтты "Мунун баары аяктаганда, биз коргогон өлкөлөр Иран менен согушка кеткен чыгымыбызды толугу менен кайтарып беришет. Мен аларга айттым, алар жүз пайыз төлөшөт. Анткени биз болбосок, алар да болмок эмес. Мисалы, биз болбосок, Израиль да болмок эмес", — деди Трамп. Ал эми мамкатчы Марко Рубионун айтымында, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү натыйжа берген жок. Ал Ирандын талаптарынын айрымдарын акылга сыйгыс жана реалдуу эмес деп атады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104790997_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c03d16046f5215c131beef547e9d9ca1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио