"Ак кеме", "Бөрү зынданды" камерага түшүргөн Манас Мусаев 80 жашта. Сүрөттөр

Жазылуу
Бүгүн – белгилүү кинооператор Манас Мусаевдин туулган күнү. Өмүрүн ата мекендик кинематографияга арнаган инсан 80 жашка толду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги киночунун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Манас Мусаев 1942-жылы 24-апрелде Нарын шаарында төрөлүп, балалыгы Кочкор, Сокулук райондорунда өткөн. Ал элетке концерт коюп келген артисттерди коштоп барган кинооператорду көрүп, кызыгуусу арткан. Ошондон тарта ата-энеси сатып берген фотоаппаратты колунан түшүрбөй өз алдынча үйрөнүп, айылдагы бир топ карыяларды сүрөткө тартат. 1959-жылы мектепти аяктаган соң борбор калаадагы киностудияда операторлордун жардамчысы болуп эки жылдай иштеп, андан соң Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна тапшырган. ЖОЖду операторлук адистиги боюнча бүтүргөн жаш жигит мекенге кайтып келип жергиликтүү режиссерлор менен жигердүү иштешкен.
КРдин эл артисти "Ак кеме", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Бөрү зындан", "Жалаң эркектер", "Процесс", "Адамдар арасында" өңдүү ондон ашык тасманы камерага түшүргөн. "Ак кемедеги" жогорку кесипкөйлүгү үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Профессор азыр Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жаштарга сабак берип иштеп келет.
© Sputnik / Александр Федоров

Манас Мусаев көпчүлүк кыргыз кинорежиссерлору менен иштешкен

Манас Мусаев көпчүлүк кыргыз кинорежиссерлору менен иштешкен - Sputnik Кыргызстан
1/15

Манас Мусаев көпчүлүк кыргыз кинорежиссерлору менен иштешкен

© Sputnik / Александр Федоров

"Процесс" кинокартинасын тартуу учуру. Оператор Мусаев менен режиссер Жали Соданбек, 1979-жыл.

"Процесс" кинокартинасын тартуу учуру. Оператор Мусаев менен режиссер Жали Соданбек, 1979-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/15

"Процесс" кинокартинасын тартуу учуру. Оператор Мусаев менен режиссер Жали Соданбек, 1979-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

"Жалаң эркектерди" тартуудагы кадр артындагы көрүнүш. Кинорежиссер Альгимантас Видугирис менен оператор Манас Мусаев.

"Жалаң эркектерди" тартуудагы кадр артындагы көрүнүш. Кинорежиссер Альгимантас Видугирис менен оператор Манас Мусаев. - Sputnik Кыргызстан
3/15

"Жалаң эркектерди" тартуудагы кадр артындагы көрүнүш. Кинорежиссер Альгимантас Видугирис менен оператор Манас Мусаев.

© Sputnik / Александр Федоров

Адаттагыдай эле камерасын шыкаалаган Мусаев, образга кирген актерлор. "Ак кемени" тартуу учуру.

Адаттагыдай эле камерасын шыкаалаган Мусаев, образга кирген актерлор. "Ак кемени" тартуу учуру. - Sputnik Кыргызстан
4/15

Адаттагыдай эле камерасын шыкаалаган Мусаев, образга кирген актерлор. "Ак кемени" тартуу учуру.

© Sputnik / Александр Федоров

Бакыт Карагуловдун тасмасында камерасын көтөргөн КРдин эл артисти, 1985-жыл

Бакыт Карагуловдун тасмасында камерасын көтөргөн КРдин эл артисти, 1985-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/15

Бакыт Карагуловдун тасмасында камерасын көтөргөн КРдин эл артисти, 1985-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин эл артисттери: Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат жана Манас Мусаев. Каракол шаары, 1989-жыл.

КРдин эл артисттери: Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат жана Манас Мусаев. Каракол шаары, 1989-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/15

КРдин эл артисттери: Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат жана Манас Мусаев. Каракол шаары, 1989-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Тик учактын ичинде иштеген оператор Мусаев, режиссер Жали Соданбек жана актриса. 1992-жыл

Тик учактын ичинде иштеген оператор Мусаев, режиссер Жали Соданбек жана актриса. 1992-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/15

Тик учактын ичинде иштеген оператор Мусаев, режиссер Жали Соданбек жана актриса. 1992-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, москвалык оператор Александр Гальперин жана Манас Мусаев "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгында

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, москвалык оператор Александр Гальперин жана Манас Мусаев "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгында - Sputnik Кыргызстан
8/15

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, москвалык оператор Александр Гальперин жана Манас Мусаев "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгында

© Александр Федоров

Катаал тоолуу шартта Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тарткан

Катаал тоолуу шартта Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тарткан - Sputnik Кыргызстан
9/15

Катаал тоолуу шартта Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тарткан

© Sputnik / Александр Федоров

Токойдо карагайга чыгып алып иштеген Манас Мусаев, Ысык-Көл, 1975-жыл

Токойдо карагайга чыгып алып иштеген Манас Мусаев, Ысык-Көл, 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/15

Токойдо карагайга чыгып алып иштеген Манас Мусаев, Ысык-Көл, 1975-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана анын маңдайында камера менен иштеген Манас Мусаев.

"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана анын маңдайында камера менен иштеген Манас Мусаев. - Sputnik Кыргызстан
11/15

"Бөрү зынданды" тартуу учуру. Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана анын маңдайында камера менен иштеген Манас Мусаев.

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тарткан "Ошондо Манас деп ураан чакырып" аталышындагы даректүү тасмасы. Анда Нуртай Борбиев менен Манас Мусаев операторлук милдетти аткарган.

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тарткан "Ошондо Манас деп ураан чакырып" аталышындагы даректүү тасмасы. Анда Нуртай Борбиев менен Манас Мусаев операторлук милдетти аткарган. - Sputnik Кыргызстан
12/15

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тарткан "Ошондо Манас деп ураан чакырып" аталышындагы даректүү тасмасы. Анда Нуртай Борбиев менен Манас Мусаев операторлук милдетти аткарган.

© Sputnik / Александр Федоров

Тоодо кезектеги шедевр жараткан киночулар. Ортодо Манас Мусаев менен Артык Сүйүндүков.

Тоодо кезектеги шедевр жараткан киночулар. Ортодо Манас Мусаев менен Артык Сүйүндүков. - Sputnik Кыргызстан
13/15

Тоодо кезектеги шедевр жараткан киночулар. Ортодо Манас Мусаев менен Артык Сүйүндүков.

© Sputnik / Александр Федоров

Замандаштар: ортодо режиссер Геннадий Базаров менен оператор Манас Мусаев

Замандаштар: ортодо режиссер Геннадий Базаров менен оператор Манас Мусаев - Sputnik Кыргызстан
14/15

Замандаштар: ортодо режиссер Геннадий Базаров менен оператор Манас Мусаев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору азыр жаштарга сабак берүү менен алек

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору азыр жаштарга сабак берүү менен алек - Sputnik Кыргызстан
15/15

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору азыр жаштарга сабак берүү менен алек

Жаңылыктар түрмөгү
0