https://sputnik.kg/20261109/1104798922.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүнү бириктирген агрардык-азык-түлүк паркын түзүү долбоору ишке ашырылат. Долбоордун алдын ала... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T19:00+0600
2026-11-09T19:00+0600
2026-11-09T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104798756_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3417d370095bff0dda7467e9770e6c19.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүнү бириктирген агрардык-азык-түлүк паркын түзүү долбоору ишке ашырылат. Долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого 371 миң доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлганы маалымдалды. Паркта айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү процесстери бирдиктүү система аркылуу уюштурулат. Ошондой эле продукциянын сапатын сактоого жана аны өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин жеткирүү чынжырын жакшыртууга көңүл бурулат. Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, кошумча наркы жогору продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Бишкекте жол тыгындарын азайтуу жана транспорт кыймылын жакшыртуу максатында жасалма интеллектке негизделген «Атлас» санариптик платформасы ишке киргизилет. Бул багытта Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, мэриянын "Санариптик технологиялар борбору" жана Doroga стартапы кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Платформа шаардын көчөлөрү, жол кесилиштери, светофорлору жана коомдук транспорт каттамдары тууралуу маалыматтарды талдап, тыгындар кайсы жерде жана качан пайда болушу мүмкүн экенин алдын ала болжолдойт. Ошондой эле жарандарга ыңгайлуу каттамдарды жана жолго чыгуу убактысын сунуштайт. Долбоордун алкагында кыргыз жана орус тилдеринде иштеген санариптик карта да өнүктүрүлөт.
Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде биринчи орунда Январь-сентябрь айларында республикада айыл чарба продукциясын өндүрүү 6,5%га өскөн. Андан кийинки орундарда Казакстан (+5,8%) жана Беларусь (+4,6%) турат. Кыргызстан жумуртка, сүт жана эт өндүрүүнүн өсүшү боюнча да алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен болгон чатакты жөнгө салууга жардам берүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды. Бул тууралуу Washington Post гезити өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШнын каржы министри Скотт Бессент Трамптын колдоосу менен Пекинге кайрылып, жаңжалды токтотуу үчүн Тегеранга таасир этүүнү өтүнгөн. Мындан кабары бар америкалык аткаминердин айтымында, Кытай бул билдирүүнү иран тарапка жеткирген. Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга сокку ура баштап, Тегеран да буга чабуулдар менен жооп кайтарган. Учурда аскердик аракеттер басаңдаганы менен жаңжал толук жөнгө салына элек жана анын кайра тутанып кетүү коркунучу сакталууда.
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүнү бириктирген агрардык-азык-түлүк паркын түзүү долбоору ишке ашырылат. Долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого 371 миң доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлганы маалымдалды. Паркта айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү процесстери бирдиктүү система аркылуу уюштурулат. Ошондой эле продукциянын сапатын сактоого жана аны өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин жеткирүү чынжырын жакшыртууга көңүл бурулат. Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, кошумча наркы жогору продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.Бишкекте жол тыгындарын азайтуу жана транспорт кыймылын жакшыртуу максатында жасалма интеллектке негизделген «Атлас» санариптик платформасы ишке киргизилет. Бул багытта Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, мэриянын "Санариптик технологиялар борбору" жана Doroga стартапы кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Платформа шаардын көчөлөрү, жол кесилиштери, светофорлору жана коомдук транспорт каттамдары тууралуу маалыматтарды талдап, тыгындар кайсы жерде жана качан пайда болушу мүмкүн экенин алдын ала болжолдойт. Ошондой эле жарандарга ыңгайлуу каттамдарды жана жолго чыгуу убактысын сунуштайт. Долбоордун алкагында кыргыз жана орус тилдеринде иштеген санариптик карта да өнүктүрүлөт. Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде биринчи орунда Январь-сентябрь айларында республикада айыл чарба продукциясын өндүрүү 6,5%га өскөн. Андан кийинки орундарда Казакстан (+5,8%) жана Беларусь (+4,6%) турат. Кыргызстан жумуртка, сүт жана эт өндүрүүнүн өсүшү боюнча да алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирдиАКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен болгон чатакты жөнгө салууга жардам берүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды. Бул тууралуу Washington Post гезити өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШнын каржы министри Скотт Бессент Трамптын колдоосу менен Пекинге кайрылып, жаңжалды токтотуу үчүн Тегеранга таасир этүүнү өтүнгөн. Мындан кабары бар америкалык аткаминердин айтымында, Кытай бул билдирүүнү иран тарапка жеткирген. Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга сокку ура баштап, Тегеран да буга чабуулдар менен жооп кайтарган. Учурда аскердик аракеттер басаңдаганы менен жаңжал толук жөнгө салына элек жана анын кайра тутанып кетүү коркунучу сакталууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104798756_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5bb0b312bc1af71c7193eebbf517a7f6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио