00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
"ОГО!" Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
51 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Красота в цифрах: как математика помогает увидеть гармонию мира
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
13 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлкө боюнча бир гана атайын унаа: Кыргызстанда радиоактивдүү калдыктар кантип ташылат?

Өлкө боюнча бир гана атайын унаа: Кыргызстанда радиоактивдүү калдыктар кантип ташылат?
Жазылуу
Коноктор
Нурлан Абдыров, ӨКМге караштуу "Республикалык адистештирилген камбинат" мамлекеттик мекемесинин директору
Кыргызстандын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 10-августунда "Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздук талаптары" аттуу жаңы санитардык эрежелерди жана ченемдерди бекиткен. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда ӨКМге караштуу "Республикалык адистештирилген камбинат" мамлекеттик мекемесинин директору Нурлан Абдыров билдирди.Анын айтымында, мындай документтерди ар беш жылда бир жаңылап туруу зарыл. Бирок Кыргызстанда бул талаптар 2005-жылдан бери жаңыланган эмес.
“Кыргызстан МАГАТЭнин талаптарын ратификациялап, эл аралык стандарттарга кошулган. Ошондуктан улуттук мыйзамдар менен эрежелерди да ошол талаптарга шайкеш келтиришибиз керек. Жаңы редакцияда радиоактивдүү калдыктарды көмүү жайларынын зоналары аныкталып, санитардык-коргоо зоналарынын чектери белгиленди. Ошондой эле калдыктарды убактылуу сактоо жана ташуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Радиоактивдүү заттарды бир айдан ашык сактоого болбойт. Белгиленген мөөнөттөн кийин аларды биздин мекемеге өткөрүп берүү милдеттүү. Кыргызстан боюнча радиоактивдүү заттарды ташууга ылайыкташтырылган атайын жабдылган бир гана унаа бар. Ал биздин мекеменин карамагында. Өлкөдө радиоактивдүү калдыктардын басымдуу бөлүгү совет мезгилинен калган уран өндүрүү жайларына байланыштуу. Учурда Кажы-Сай, Майлуу-Суу жана Миң-Куш аймактарында ӨКМ тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Радиоактивдүү калдыктар медицина тармагында да көп топтолот. Биз негизинен ушул тармак менен иш алып барабыз. Документте радиоактивдүү калдыктарды көмүүчү жайлар калктуу конуштардан жана суу булактарынан белгилүү бир аралыкта жайгашуусу керектиги каралган. Ошондой эле алардын айланасында 1 000 метрлик санитардык-коргоо зонасы белгилениши шарт. Ал аймактарды курчоого каражат жетишсиз болууда. Бирок учурда мындай калдыктар көмүлгөн жайлардын айрымдары ээн талаада эмес, шаар четинде, калктуу конуштарга жакын жайгашкан. Аларды алысыраак ээн аймактарга көчүрүү маселеси боюнча МАГАТЭ жана "Росатом" менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Абдыров.
Ал радиоактивдүү калдыктар менен иштеген тармакта кызматкерлердин иштөө шарттары жакшырып калганын, бирок айлыктын аздыгынан кадр маселеси да курч бойдон экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0