https://sputnik.kg/20261108/1104778030.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кен байлыктарын толугу менен өз күчү менен иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин... 08.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-08T17:00+0600
2026-11-08T17:00+0600
2026-11-08T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/08/1104777864_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_db18d2af16db466f0e4b45cbfe4d2453.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кен байлыктарын толугу менен өз күчү менен иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы өлкөдө кен иштетүүгө керектүү адистер, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин белгиледи. Анын айтымында, "Алтынкен" ишканасынан мамлекеттин үлүшүнө 2011–2022-жылдары 4 млн доллар киреше түшсө, 2022-жылдан бери дивиденд катары 241 млн доллар алынган. Мындан тышкары, ишкана салыктарды жана жергиликтүү төлөмдөрдү кошкондо 68 млрд сом төлөгөн. Ошондой эле ишканада 800дөн ашуун адам эмгектенип, алардын 93 пайызы жергиликтүү тургундар экенин айтты. Жапаров Кумтөр, Кызыл-Омпол жана Талды-Булак кендерин мисал келтирип, мурда чет элдик компаниялар иштеткен бир катар кендер учурда мамлекеттин карамагында өз күчүбүз менен иштетилип жатканын кошумчалады.
Кыргызстан жаныбарлар арасында тараган жугуштуу ооруларды алдын алуу жана изилдөө багытында Россия менен кызматташат. Бул үчүн Кыргыз илимий-изилдөө институту Башкырт мамлекеттик агрардык университети менен меморандумга кол койгонун институттун өкүлү Максат Ахмеджанов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, келишим жаныбарлар менен балыктардын ылаңдарын биргелешип изилдөөнү жана адистерди даярдоону камтыйт. Кызматташтыктын негизги максаты — жугуштуу ооруларды алдын алуу. Мындай ылаңдарды жапайы жаныбарлар да таратышы мүмкүн. Алардын көчүп-конушун көзөмөлдөө кыйын болгондуктан коңшу өлкөлөрдө кайсы инфекциялар жайылып жатканын билүү маанилүү. Меморандумдун алкагында кыргызстандык студенттер жана жаш окутуучулар Россиядагы илимий борборлордо тажрыйба топтоп, изилдөөлөргө катыша алышат. Ошондой эле Башкыртстандан адистер Кыргызстанга келип иштешет.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) индустриялаштыруу картасын жаңыртуу боюнча кезектеги сунуш жактырылды. ЕАЭБ алкагында өнөр жай тармагындагы комиссиянын жыйынында робот техникасын, автоматташтырылган жана автономдуу системаларды өндүрүү үчүн зарыл тетиктердин рыногу боюнча талдоолор, дүйнөлүк өнөр жай тенденциялары жана илимий-изилдөө иштерин колдоо чаралары талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай боюнча министри Гоар Барсегяндын айтымында, бул карта биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө өз ара товар жеткирүүнү жакшыртууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жардам берет. "Мунун аркасында импортко көз карандылыкты азайтуу жана технологиялык өз алдынчалыкты жогорулатуу маселеси чечилет", — деди ал.
Ормуз кысыгында эки мунай танкери минага жарылып, өрттөндү. Бул тууралуу Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдирди. Иран аскерлеринин маалыматына караганда, кемелер тыюу салынган багыт менен өтүүгө аракет кылышкан. Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп, дүйнөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттады.
Кыргызстан кен байлыктарын толугу менен өз күчү менен иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы өлкөдө кен иштетүүгө керектүү адистер, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин белгиледи. Анын айтымында, "Алтынкен" ишканасынан мамлекеттин үлүшүнө 2011–2022-жылдары 4 млн доллар киреше түшсө, 2022-жылдан бери дивиденд катары 241 млн доллар алынган. Мындан тышкары, ишкана салыктарды жана жергиликтүү төлөмдөрдү кошкондо 68 млрд сом төлөгөн. Ошондой эле ишканада 800дөн ашуун адам эмгектенип, алардын 93 пайызы жергиликтүү тургундар экенин айтты. Жапаров Кумтөр, Кызыл-Омпол жана Талды-Булак кендерин мисал келтирип, мурда чет элдик компаниялар иштеткен бир катар кендер учурда мамлекеттин карамагында өз күчүбүз менен иштетилип жатканын кошумчалады.Кыргызстан жаныбарлар арасында тараган жугуштуу ооруларды алдын алуу жана изилдөө багытында Россия менен кызматташат. Бул үчүн Кыргыз илимий-изилдөө институту Башкырт мамлекеттик агрардык университети менен меморандумга кол койгонун институттун өкүлү Максат Ахмеджанов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, келишим жаныбарлар менен балыктардын ылаңдарын биргелешип изилдөөнү жана адистерди даярдоону камтыйт. Кызматташтыктын негизги максаты — жугуштуу ооруларды алдын алуу. Мындай ылаңдарды жапайы жаныбарлар да таратышы мүмкүн. Алардын көчүп-конушун көзөмөлдөө кыйын болгондуктан коңшу өлкөлөрдө кайсы инфекциялар жайылып жатканын билүү маанилүү. Меморандумдун алкагында кыргызстандык студенттер жана жаш окутуучулар Россиядагы илимий борборлордо тажрыйба топтоп, изилдөөлөргө катыша алышат. Ошондой эле Башкыртстандан адистер Кыргызстанга келип иштешет.Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) индустриялаштыруу картасын жаңыртуу боюнча кезектеги сунуш жактырылды. ЕАЭБ алкагында өнөр жай тармагындагы комиссиянын жыйынында робот техникасын, автоматташтырылган жана автономдуу системаларды өндүрүү үчүн зарыл тетиктердин рыногу боюнча талдоолор, дүйнөлүк өнөр жай тенденциялары жана илимий-изилдөө иштерин колдоо чаралары талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай боюнча министри Гоар Барсегяндын айтымында, бул карта биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө өз ара товар жеткирүүнү жакшыртууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жардам берет. "Мунун аркасында импортко көз карандылыкты азайтуу жана технологиялык өз алдынчалыкты жогорулатуу маселеси чечилет", — деди ал.Ормуз кысыгында эки мунай танкери минага жарылып, өрттөндү. Бул тууралуу Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдирди. Иран аскерлеринин маалыматына караганда, кемелер тыюу салынган багыт менен өтүүгө аракет кылышкан. Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп, дүйнөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/08/1104777864_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8ba2ce9b7c7f5957b6069540cb3ea203.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио