00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолукту. Жапаров тургундардын нааразылыгынан улам жер тилкесине байланышкан көйгөйлөрдү эки жылда чечүүнү тапшырды. Президенттин айтымында, эл менен жолугушуулардагы кайрылуулардын 90 пайызга жакыны жасалма документтер менен жер сатып алып, алдамчылыкка кабылган жарандардын көйгөйлөрүнө байланыштуу. Алар жер жана мүлк маселелерин бүгүнкүгө чейин чече албай келишет. Жапаров Президенттин администрациясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул көйгөйлөрдү эки жылдын ичинде жөнгө салууну тапшырды. Ал ар бир кайрылуу мыйзам чегинде кылдат каралышы керектигин белгиледи.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) индустриялаштыруу картасын жаңыртуу боюнча кезектеги сунуш жактырылды. ЕАЭБ алкагында өнөр жай тармагындагы комиссиянын жыйынында робот техникасын, автоматташтырылган жана автономдуу системаларды өндүрүү үчүн зарыл тетиктердин рыногу боюнча талдоолор, дүйнөлүк өнөр жай тенденциялары жана илимий-изилдөө иштерин колдоо чаралары талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай боюнча министри Гоар Барсегяндын айтымында, бул карта биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө өз ара товар жеткирүүнү жакшыртууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жардам берет. "Мунун аркасында импортко көз карандылыкты азайтуу жана технологиялык өз алдынчалыкты жогорулатуу маселеси чечилет", — деди ал.
Кыргызстанда 12 жугуштуу ооруга каршы иммунитеттин бар-жогун аныктоо боюнча масштабдуу медициналык изилдөө жүрүүдө. Ага катышууну каалагандар акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов Sputnik агенттигине билдирди. Изилдөө Россиянын Роспотребнадзоруна караштуу Санкт-Петербургдагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын алкагында дифтерия, көк жөтөл, кызамык, суу чечек, В гепатити, кене энцефалити жана бруцеллез сыяктуу 12 инфекция боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Катышуучулар кан тапшырып, аталган илдеттерге каршы иммунитетинин деңгээлин биле алышат. Өлкө боюнча талдоо (анализ) тапшыруу үчүн 67 пункт уюштурулган. Анын 15и Бишкекте, экөө Ош шаарында жайгашкан, калган аймактарда бирден пункт ачылган. Изилдөөгө катышуу үчүн атайын шилтеме аркылуу катталып, кан тапшырууга ыңгайлуу убакыт менен жайды тандоо керек. Каттоодон өткөндөн кийин катышуучуга жеке ID-код берилет. Маалыматка ылайык, аймактар жана жаш курактык топтор боюнча катышуучулардын саны чектелген. Биологиялык материалдарды чогултуу бир жуманын ичинде аяктаары пландалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0