00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Журналист жана акын. Эки тизгин, бир чылбырды тең кармаган Өмүрбек Дөлөев
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
Кыргызстандык студенттердин тасмасы Түркияда баш байгеге татыды
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Чүй районунда жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай аймагын уюштуруу пландалууда. Долбоордун алкагында 21 ишкана курулуп, экономикага 31,64 млрд сом инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Чүй районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, ошондой эле инфраструктуранын өнүгүшү менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, пландалып жаткан өнөр жай аймагында жалпы 21 ишкана куруу каралган. Долбоорлорго тартылышы күтүлүп жаткан инвестициянын көлөмү 31 млрд 640 млн сомду түзөт. Мындан тышкары, өнөр жай аймагын ишке киргизүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө 600 млн сом талап кылынары маалымдалды. Долбоор ишке ашса, Чүй районунда өндүрүштүк ишканалардын саны көбөйүп, инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө шарт түзүлүшү мүмкүн.
Жапаров жер тилкесине байланышкан көйгөйлөрдү эки жылда чечүүнү тапшырды Президенттин айтымында, эл менен жолугушуулардагы кайрылуулардын 90 пайызга жакыны жасалма документтер менен жер сатып алып, алдамчылыкка кабылган жарандардын көйгөйлөрүнө байланыштуу. Алар жер жана мүлк маселелерин бүгүнкүгө чейин чече албай келишет. 7-ноябрда Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолуккан Садыр Жапаров Президенттин администрациясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул көйгөйлөрдү эки жылдын ичинде жөнгө салууну тапшырды. Ал ар бир кайрылуу мыйзам чегинде кылдат каралышы керектигин белгиледи.
Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда дыйкандар айыл чарба продукциясынын сатып алуу баасын жогорулатуу маселесин көтөрүштү. Дыйкан Төлөнбек Мелисбек уулунун айтымында, жер семирткичтер менен күйүүчү май кымбаттаганы менен, кант кызылчасы, жүгөрү жана башка продукциялардын баасы 2023-жылдан бери олуттуу өзгөргөн эмес. Натыйжада чарбалар чыгымдарын актай албай жатышат. Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков кант кызылчасынын баасы былтыркы 5 сом 20 тыйындан быйыл 5 сом 40–60 тыйынга чейин жогорулаганын билдирди. Дыйкандар бааны 6 сомго жеткирүүнү суранып жатышат. Ошондой эле министр жер семирткичтерди арзандатуу, дыйкандарга субсидия берүү жана жүгөрүнү Кытайга экспорттоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Өзбекстан менен биргеликте Кыргызстанда жер семирткич сактоочу 40 кампа ачуу пландалууда.
Украинадагы жаңжалда Россия жеңип бара жаткандыгын Германиядан Европарламенттин депутаты Михаэль фон дер Шуленбург маектеринин биринде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, Европа өлкөлөрү Россияны жеңебиз деп ишенип, өздөрүнүн калкы көп, экономикасы күчтүү жана армиясы чоң экенин негиз кылган. Бирок азыр бул үмүттөр акталбай жатканын түшүнө башташты. Ошондой эле ал Европа өлкөлөрү Украинадагы согуштун токтошуна кызыкдар болушу керектигин белгиледи. Бирок, депутаттын пикиринде, алар АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгелерин колдоонун ордуна, аларга тоскоолдук жаратышкан. Депутаттын айтымында, Украина Европа өлкөлөрү үчүн анчалык маанилүү эмес жана учурда оор абалга туш болуп, мамлекет катары алсырап баратат.
Жаңылыктар түрмөгү
0