https://sputnik.kg/20261109/1104781235.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Бишкекке жакын жайгашкан айылдардын таштандысы келерки жылдан тарта таштанды иштетүүчү заводго жеткирилерин билдирди. Бул тууралуу ал... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T08:59+0600
2026-11-09T08:59+0600
2026-11-09T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104781069_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_85a80f45c5a21fc60513cb04e6bfddbf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Бишкекке жакын жайгашкан айылдардын таштандысы келерки жылдан тарта таштанды иштетүүчү заводго жеткирилерин билдирди. Бул тууралуу ал Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Жолугушууда Гагарин айылынын тургуну таштанды полигонунан чыккан түтүн жана жагымсыз жыт беш жылдан бери айыл элин түйшөлтүп жатканын айтып, маселени чечүүнү өтүндү. Анын айтымында, полигондон күн сайын түтүн чыгып, жагымсыз жыт тарагандыктан, айрым тургундар башка жакка көчүүгө аргасыз болууда. Жапаров маселе чечилерин белгилеп, келерки жылы айылдардын таштандылары Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго ташыларын айтты.
Акыркы беш жылда Токмок шаарында 11 ири өндүрүш ишканасы ишке кирип, 423 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин 201 ишканасы ачылып, 2 117 адам жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуу учурунда маалым болду. Жаңы ачылган ишканалардын арасында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын жана электр-техникалык жабдууларды чыгарган ишканалар бар. Ошондой эле шаарда таш майдалоочу эки цех, пеноблок жана терезе өндүрүштөрү ишке берилген.
Кыргызстанда 12 жугуштуу ооруга каршы иммунитеттин бар-жогун аныктоо боюнча масштабдуу медициналык изилдөө жүрүүдө. Ага катышууну каалагандар акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов Sputnik агенттигине билдирди. Изилдөө Россиянын Роспотребнадзоруна караштуу Санкт-Петербургдагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын алкагында дифтерия, көк жөтөл, кызамык, суу чечек, В гепатити, кене энцефалити жана бруцеллез сыяктуу 12 инфекция боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Катышуучулар кан тапшырып, аталган илдеттерге каршы иммунитетинин деңгээлин биле алышат. Өлкө боюнча талдоо (анализ) тапшыруу үчүн 67 пункт уюштурулган. Анын 15и Бишкекте, экөө Ош шаарында жайгашкан, калган аймактарда бирден пункт ачылган. Изилдөөгө катышуу үчүн атайын шилтеме аркылуу катталып, кан тапшырууга ыңгайлуу убакыт менен жайды тандоо керек. Каттоодон өткөндөн кийин катышуучуга жеке ID-код берилет. Маалыматка ылайык, аймактар жана жаш курактык топтор боюнча катышуучулардын саны чектелген.Нурматовдун айтымында, чет өлкөлөрдө мындай комплекстүү текшерүүнүн баасы бир нече миң долларга жетет, ал эми Кыргызстанда изилдөөнүн алкагында толугу менен акысыз жасалат.
Президент Садыр Жапаров Бишкекке жакын жайгашкан айылдардын таштандысы келерки жылдан тарта таштанды иштетүүчү заводго жеткирилерин билдирди. Бул тууралуу ал Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Жолугушууда Гагарин айылынын тургуну таштанды полигонунан чыккан түтүн жана жагымсыз жыт беш жылдан бери айыл элин түйшөлтүп жатканын айтып, маселени чечүүнү өтүндү. Анын айтымында, полигондон күн сайын түтүн чыгып, жагымсыз жыт тарагандыктан, айрым тургундар башка жакка көчүүгө аргасыз болууда. Жапаров маселе чечилерин белгилеп, келерки жылы айылдардын таштандылары Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго ташыларын айтты. Акыркы беш жылда Токмок шаарында 11 ири өндүрүш ишканасы ишке кирип, 423 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин 201 ишканасы ачылып, 2 117 адам жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуу учурунда маалым болду. Жаңы ачылган ишканалардын арасында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын жана электр-техникалык жабдууларды чыгарган ишканалар бар. Ошондой эле шаарда таш майдалоочу эки цех, пеноблок жана терезе өндүрүштөрү ишке берилген.Кыргызстанда 12 жугуштуу ооруга каршы иммунитеттин бар-жогун аныктоо боюнча масштабдуу медициналык изилдөө жүрүүдө. Ага катышууну каалагандар акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов Sputnik агенттигине билдирди. Изилдөө Россиянын Роспотребнадзоруна караштуу Санкт-Петербургдагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын алкагында дифтерия, көк жөтөл, кызамык, суу чечек, В гепатити, кене энцефалити жана бруцеллез сыяктуу 12 инфекция боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Катышуучулар кан тапшырып, аталган илдеттерге каршы иммунитетинин деңгээлин биле алышат. Өлкө боюнча талдоо (анализ) тапшыруу үчүн 67 пункт уюштурулган. Анын 15и Бишкекте, экөө Ош шаарында жайгашкан, калган аймактарда бирден пункт ачылган. Изилдөөгө катышуу үчүн атайын шилтеме аркылуу катталып, кан тапшырууга ыңгайлуу убакыт менен жайды тандоо керек. Каттоодон өткөндөн кийин катышуучуга жеке ID-код берилет. Маалыматка ылайык, аймактар жана жаш курактык топтор боюнча катышуучулардын саны чектелген.Нурматовдун айтымында, чет өлкөлөрдө мындай комплекстүү текшерүүнүн баасы бир нече миң долларга жетет, ал эми Кыргызстанда изилдөөнүн алкагында толугу менен акысыз жасалат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104781069_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3fe3e43fddccb71f91801dff4c76cabb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио