https://sputnik.kg/20261109/1104788743.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды. Мамлекет башчынын Чүй облусунун Москва районунун... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T13:00+0600
2026-11-09T13:00+0600
2026-11-09T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104788577_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_105b028dcab2175fb7f36f3612a42b2e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды. Мамлекет башчынын Чүй облусунун Москва районунун жашоочулары менен жолугушуусунда Ак-Торпок айылынын тургуну кайрылып, кайнатасынан калган үйдүн документтери жоктугунан аны өзүнө каттата да, жаңы курулуш жүргүзө да албай жатканын билдирген. Президент жооптуу кызматкерлерге мындай учурларда жарандардын турак жайын документтештирип берүүнү тапшырды. Мындан тышкары, өлкө башчы совет мезгилинен бери жашап келе жаткандарга аталган үйлөрдү жеке менчикке арзан баада сатуу талабын койду.
ӨКМ куткаруучулары 15 жаштагы Амир чалгандан кийин эле издөө иштерине дароо киришкен. Бул тууралуу министрлик билдирип, "Ала-Арча" жаратылыш паркында 7-ноябрда жоголуп кеткен 15 жаштагы баланы издөө кечигип башталган деген маалыматтарды четке какты. Эске салсак, өспүрүм 7-ноябрда саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып, Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышуу үчүн барган. Бирок жаш курагы жетпегендиктен аны мелдешке катыштырбай коюшкан соң ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз багыт алган. Өспүрүмдүн жакындарынын маалыматы боюнча, ошол эле кечте, саат 19:00–20:00дөр аралыгында бала ӨКМге байланышка чыгып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Ал эми ӨКМдин маалыматына таянсак, чалуу 7-ноябрда саат 23:44тө түшкөн. Өспүрүм Адыгене капчыгайынан түшүп келе жатып адашып калганын кабарлаган. Ошол замат окуя болгон жерге беш куткаруучу жөнөп кеткен.
Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында быйылкы жылдагы акыркы веложүрүш өттү. Мэриядан билдиришкендей, миңдей велосүйүүчүлөр менен бирге иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев катышты. Анда алар 5,4 чакырым аралыкты басып өтүштү. Веложүрүштүн мара сызыгы “Газпром — балдарга” дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоо комплексинин алдында белгиленди. Шаар жетекчисинин айтымында, учурда Бишкек шаарында 77 чакырым веложол курулган. Бирок толук кандуу велосипед инфраструктурасын түзүү үчүн дагы бир топ иштерди аткаруу зарыл.
Израилдин президенти Ицхак Герцог парламенттик шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун негизги атаандашы болгон оппозиция лидери Гади Айзенкотко өкмөт түзүү мандатын тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал эми Айзенкот өзгөчө кырдаал шартындагы өкмөт куруу ниетин билдирип, ага еврей мамлекетинин мүнөзүн колдогон, бардык жарандар үчүн милдеттүү аскер кызматын жактаган жана ХАМАСты террордук уюм деп тааныган партияларды чакырарын айтты. Эске салсак, 27-октябрда Израилдин 120 орундуу парламентине өткөн шайлоодо бир дагы саясий блок 61 мандаттан турган көпчүлүк добушка ээ боло алган эмес. Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы баштаган башкаруучу коалиция 53 мандат алса, Айзенкоттун оппозициялык блогу 48 мандатка ээ болгон. Араб партияларынын тизмеси 19 мандат менен үчүнчү орунду ээлеген. Шайлоодон соң президент парламенттин босогосунан өткөн бардык фракциялар менен кеңешме өткөрдү. Анын жыйынтыгында жалпы 67 мандатка ээ болгон партиялар Герцогго министрлер кабинетин куроону Айзенкотко тапшырууну сунушташкан.
Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды. Мамлекет башчынын Чүй облусунун Москва районунун жашоочулары менен жолугушуусунда Ак-Торпок айылынын тургуну кайрылып, кайнатасынан калган үйдүн документтери жоктугунан аны өзүнө каттата да, жаңы курулуш жүргүзө да албай жатканын билдирген. Президент жооптуу кызматкерлерге мындай учурларда жарандардын турак жайын документтештирип берүүнү тапшырды. Мындан тышкары, өлкө башчы совет мезгилинен бери жашап келе жаткандарга аталган үйлөрдү жеке менчикке арзан баада сатуу талабын койду.ӨКМ куткаруучулары 15 жаштагы Амир чалгандан кийин эле издөө иштерине дароо киришкен. Бул тууралуу министрлик билдирип, "Ала-Арча" жаратылыш паркында 7-ноябрда жоголуп кеткен 15 жаштагы баланы издөө кечигип башталган деген маалыматтарды четке какты. Эске салсак, өспүрүм 7-ноябрда саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып, Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышуу үчүн барган. Бирок жаш курагы жетпегендиктен аны мелдешке катыштырбай коюшкан соң ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз багыт алган. Өспүрүмдүн жакындарынын маалыматы боюнча, ошол эле кечте, саат 19:00–20:00дөр аралыгында бала ӨКМге байланышка чыгып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Ал эми ӨКМдин маалыматына таянсак, чалуу 7-ноябрда саат 23:44тө түшкөн. Өспүрүм Адыгене капчыгайынан түшүп келе жатып адашып калганын кабарлаган. Ошол замат окуя болгон жерге беш куткаруучу жөнөп кеткен.Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында быйылкы жылдагы акыркы веложүрүш өттү. Мэриядан билдиришкендей, миңдей велосүйүүчүлөр менен бирге иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев катышты. Анда алар 5,4 чакырым аралыкты басып өтүштү. Веложүрүштүн мара сызыгы “Газпром — балдарга” дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоо комплексинин алдында белгиленди. Шаар жетекчисинин айтымында, учурда Бишкек шаарында 77 чакырым веложол курулган. Бирок толук кандуу велосипед инфраструктурасын түзүү үчүн дагы бир топ иштерди аткаруу зарыл.Израилдин президенти Ицхак Герцог парламенттик шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун негизги атаандашы болгон оппозиция лидери Гади Айзенкотко өкмөт түзүү мандатын тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал эми Айзенкот өзгөчө кырдаал шартындагы өкмөт куруу ниетин билдирип, ага еврей мамлекетинин мүнөзүн колдогон, бардык жарандар үчүн милдеттүү аскер кызматын жактаган жана ХАМАСты террордук уюм деп тааныган партияларды чакырарын айтты. Эске салсак, 27-октябрда Израилдин 120 орундуу парламентине өткөн шайлоодо бир дагы саясий блок 61 мандаттан турган көпчүлүк добушка ээ боло алган эмес. Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы баштаган башкаруучу коалиция 53 мандат алса, Айзенкоттун оппозициялык блогу 48 мандатка ээ болгон. Араб партияларынын тизмеси 19 мандат менен үчүнчү орунду ээлеген. Шайлоодон соң президент парламенттин босогосунан өткөн бардык фракциялар менен кеңешме өткөрдү. Анын жыйынтыгында жалпы 67 мандатка ээ болгон партиялар Герцогго министрлер кабинетин куроону Айзенкотко тапшырууну сунушташкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104788577_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_20c6c5c7a9c8520db878eafd4a2c5fe3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио