https://sputnik.kg/20261109/1104781495.html
Айыл чарба ИДПнын 8,4 пайызын түзөт. Кыргызстандын агрардык экономикасы кандай түзүлгөн?
Айыл чарба ИДПнын 8,4 пайызын түзөт. Кыргызстандын агрардык экономикасы кандай түзүлгөн?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ИДПсынын түзүмүндө кызмат көрсөтүү тармагы 48,7 пайызды, өнөр жай 18,4 пайызды, курулуш 9,1 пайызды, ал эми айыл чарба 8,4 пайызды түзөт. Бул... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T09:04+0600
2026-11-09T09:04+0600
2026-11-09T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104781325_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3d75e63a6d37204845ad7ec5486ec2d7.jpg
Айыл чарба ИДПнын 8,4 пайызын түзөт. Кыргызстандын агрардык экономикасы кандай түзүлгөн?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ИДПсынын түзүмүндө кызмат көрсөтүү тармагы 48,7 пайызды, өнөр жай 18,4 пайызды, курулуш 9,1 пайызды, ал эми айыл чарба 8,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика, менеджмент жана ишкерчилик кафедрасынын профессору, окумуштуу-экономист, экономика илимдеринин доктору Акасбек Абдурашитов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан келечекте агрардык багыттан акырындап алыстап, өндүрүштү өнүктүрүшү керек.
“Өнүккөн өлкөлөрдө кызмат көрсөтүү секторунун ИДПдагы үлүшү 65–70 пайыздан жогору. Бизде ИДПнын түзүмүн алганда, кызмат көрсөтүү тармагы биринчи орунда турушу жана анын үлүшү мындан да жогору болушу керек. Ал эми өлкөдө айыл чарбанын үлүшү салыштырмалуу чоң. Дүйнөлүк көрсөткүчтөр боюнча бул тармактын ИДПдагы үлүшү орто эсеп менен 2–5 пайызды түзөт. Кыргызстан агрардык өлкө катары таанылып келет. Бирок келечекте бул багыттан акырындап алыстап, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жогорку кошумча нарк жараткан продукция чыгарууга басым жасаган өлкөгө айланышыбыз керек. Айыл чарбасынын ИДПдагы азыркы үлүшүн ушул деңгээлде кармоо туура болот. Учурда айыл чарба өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Азыр өлкө дан эгиндерине болгон ички керектөөнүн 97 пайызын, кант кызылчасынын 92 пайызын, картошканын 99 пайызын, жашылчанын 98,5 пайызын, эттин 96 пайызын, сүттүн 99,4 пайызын жана жүндүн 99 пайызын өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздайт”, — деди Абдурашитов.
Экономист бүгүнкү күндө айыл чарба тармагы негизинен жеке фермерлердин жана дыйкан чарбаларынын ишмердүүлүгүнө таянарын кошумчалады.
Кыргызстандын ИДПсынын түзүмүндө кызмат көрсөтүү тармагы 48,7 пайызды, өнөр жай 18,4 пайызды, курулуш 9,1 пайызды, ал эми айыл чарба 8,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика, менеджмент жана ишкерчилик кафедрасынын профессору, окумуштуу-экономист, экономика илимдеринин доктору Акасбек Абдурашитов билдирди.Анын айтымында, Кыргызстан келечекте агрардык багыттан акырындап алыстап, өндүрүштү өнүктүрүшү керек.“Өнүккөн өлкөлөрдө кызмат көрсөтүү секторунун ИДПдагы үлүшү 65–70 пайыздан жогору. Бизде ИДПнын түзүмүн алганда, кызмат көрсөтүү тармагы биринчи орунда турушу жана анын үлүшү мындан да жогору болушу керек. Ал эми өлкөдө айыл чарбанын үлүшү салыштырмалуу чоң. Дүйнөлүк көрсөткүчтөр боюнча бул тармактын ИДПдагы үлүшү орто эсеп менен 2–5 пайызды түзөт. Кыргызстан агрардык өлкө катары таанылып келет. Бирок келечекте бул багыттан акырындап алыстап, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жогорку кошумча нарк жараткан продукция чыгарууга басым жасаган өлкөгө айланышыбыз керек. Айыл чарбасынын ИДПдагы азыркы үлүшүн ушул деңгээлде кармоо туура болот. Учурда айыл чарба өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Азыр өлкө дан эгиндерине болгон ички керектөөнүн 97 пайызын, кант кызылчасынын 92 пайызын, картошканын 99 пайызын, жашылчанын 98,5 пайызын, эттин 96 пайызын, сүттүн 99,4 пайызын жана жүндүн 99 пайызын өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздайт”, — деди Абдурашитов.Экономист бүгүнкү күндө айыл чарба тармагы негизинен жеке фермерлердин жана дыйкан чарбаларынын ишмердүүлүгүнө таянарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104781325_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c7877a47fc47b9316978c111d4340618.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Айыл чарба ИДПнын 8,4 пайызын түзөт. Кыргызстандын агрардык экономикасы кандай түзүлгөн?
09:04 09.11.2026 (Жаңыртылды: 09:16 09.11.2026) Коноктор
Акасбек Абдурашитов, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика, менеджмент жана ишкерчилик кафедрасынын профессору, окумуштуу-экономист, экономика илимдеринин доктору