https://sputnik.kg/20261108/1104772371.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Насыя алып үй салуу, ремонт кылуу финансылык көз караш менен караганда, сабатсыздык. Бул тууралуу президент Садыр Садыр Жапаров Чүй жана Кемин райондорунун... 08.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-08T13:00+0600
2026-11-08T13:00+0600
2026-11-08T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/08/1104772205_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2595d2fb97df8a906d466b3f87a3c99e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Насыя алып үй салуу, ремонт кылуу финансылык көз караш менен караганда, сабатсыздык. Бул тууралуу президент Садыр Садыр Жапаров Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Өлкө башчыга кайрылган жаран үйүн бүтүрүп алуу үчүн 10 пайыздык чен менен кредит ала албай жатканын айтып даттанган. “Кредит алып үй салганды, ремонт кылганды токтоткулачы, карызга алган акча тегеренип иштеш керек. Мисалы, 10 пайыз менен алсаң, 30 пайыз киреше алып келиши керек. Үйдү ремонт кылууга ашык акча жок болуп жатса, жылуулап алып эле жашап туруш керек. Кредит аласыңар да, кийин күрөөгө койгон ошол үйдү банкка алдырып ийип, кайра мага даттанасыңар”, - деди Жапаров. Ошондой эле президент финансылык сабатсыздыктын айынан үйүн банкка алдырган жарандар бар экенин кошумчалады.
Мамлекеттик банктардан күрөөсүз берилүүчү насыялардын суммасы 1 миллион сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков президент Садыр Жапаровдун Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Өлкө башчыга кайрылган жергиликтүү тургун сүттү кайра иштетүү ишканасын ачуу үчүн мамлекеттик банктардан 6 пайыздык чен менен насыя ала албай жүргөнүн, буга күрөөсүнүн жетишсиздиги себеп болуп жатканын айтты. Өз кезегинде министр каражаттын кайтарымдуулугу жана коопсуздугу үчүн банктардын өз талаптары бар экенин түшүндүрдү. "Күрөө боюнча айтсак, буга чейин 6 пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин акча берилчү. Быйыл бул сумманы 1 миллион сомго чыгарабыз. Мындан тышкары, пайыздык ченди 3 пайызга чейин түшүрүү пландалууда", — деди Акунбеков.
Иран ракеталарынын алыс аралыкка учушуна коюлган мурда чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий өкүлү Хосейн Мохеби билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Биз бул мүмкүнчүлүктөрүбүздү иш жүзүндө дагы көрсөтүшүбүз керек", — деп айткан ал ISNA маалымат агенттигинин кабарчысына. Мындан бир апта мурда Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеи аскер кызматкерлерине өлкөгө болгон ар кандай коркунучтарга жооп кайтаруу тапшырмасын берип, анда географиялык чектөөлөр болбошу керектигин белгилеген. Буга чейин Иран парламентинин депутаты Манучехр Моттаки эгер АКШ Иранга каршы чабуулдарын кайра баштаса, Тегеран Европада жайгашкан америкалык аскердик базаларга сокку урушу мүмкүндүгүн эскерткен.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен болгон чатакты жөнгө салууга жардам берүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды. Бул тууралуу Washington Post гезити өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШнын каржы министри Скотт Бессент Трамптын колдоосу менен Пекинге кайрылып, жаңжалды токтотуу үчүн Тегеранга таасир этүүнү өтүнгөн. Америкалык маалыматы бар аткаминердин айтымында, Кытай бул билдирүүнү иран тарапка жеткирген. Эске салсак, 28-февралда АКШ менен ИзраильИранга сокку ура баштап, Тегеран да буга чабуулдар менен жооп кайтарган. Учурда аскердик аракеттер басаңдаганы менен, жаңжал толук жөнгө салына элек жана анын кайра тутанып кетүү коркунучу сакталууда.
Насыя алып үй салуу, ремонт кылуу финансылык көз караш менен караганда, сабатсыздык. Бул тууралуу президент Садыр Садыр Жапаров Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Өлкө башчыга кайрылган жаран үйүн бүтүрүп алуу үчүн 10 пайыздык чен менен кредит ала албай жатканын айтып даттанган. “Кредит алып үй салганды, ремонт кылганды токтоткулачы, карызга алган акча тегеренип иштеш керек. Мисалы, 10 пайыз менен алсаң, 30 пайыз киреше алып келиши керек. Үйдү ремонт кылууга ашык акча жок болуп жатса, жылуулап алып эле жашап туруш керек. Кредит аласыңар да, кийин күрөөгө койгон ошол үйдү банкка алдырып ийип, кайра мага даттанасыңар”, - деди Жапаров. Ошондой эле президент финансылык сабатсыздыктын айынан үйүн банкка алдырган жарандар бар экенин кошумчалады.Мамлекеттик банктардан күрөөсүз берилүүчү насыялардын суммасы 1 миллион сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков президент Садыр Жапаровдун Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Өлкө башчыга кайрылган жергиликтүү тургун сүттү кайра иштетүү ишканасын ачуу үчүн мамлекеттик банктардан 6 пайыздык чен менен насыя ала албай жүргөнүн, буга күрөөсүнүн жетишсиздиги себеп болуп жатканын айтты. Өз кезегинде министр каражаттын кайтарымдуулугу жана коопсуздугу үчүн банктардын өз талаптары бар экенин түшүндүрдү. "Күрөө боюнча айтсак, буга чейин 6 пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин акча берилчү. Быйыл бул сумманы 1 миллион сомго чыгарабыз. Мындан тышкары, пайыздык ченди 3 пайызга чейин түшүрүү пландалууда", — деди Акунбеков. Иран ракеталарынын алыс аралыкка учушуна коюлган мурда чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий өкүлү Хосейн Мохеби билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Биз бул мүмкүнчүлүктөрүбүздү иш жүзүндө дагы көрсөтүшүбүз керек", — деп айткан ал ISNA маалымат агенттигинин кабарчысына. Мындан бир апта мурда Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеи аскер кызматкерлерине өлкөгө болгон ар кандай коркунучтарга жооп кайтаруу тапшырмасын берип, анда географиялык чектөөлөр болбошу керектигин белгилеген. Буга чейин Иран парламентинин депутаты Манучехр Моттаки эгер АКШ Иранга каршы чабуулдарын кайра баштаса, Тегеран Европада жайгашкан америкалык аскердик базаларга сокку урушу мүмкүндүгүн эскерткен. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен болгон чатакты жөнгө салууга жардам берүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды. Бул тууралуу Washington Post гезити өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШнын каржы министри Скотт Бессент Трамптын колдоосу менен Пекинге кайрылып, жаңжалды токтотуу үчүн Тегеранга таасир этүүнү өтүнгөн. Америкалык маалыматы бар аткаминердин айтымында, Кытай бул билдирүүнү иран тарапка жеткирген. Эске салсак, 28-февралда АКШ менен ИзраильИранга сокку ура баштап, Тегеран да буга чабуулдар менен жооп кайтарган. Учурда аскердик аракеттер басаңдаганы менен, жаңжал толук жөнгө салына элек жана анын кайра тутанып кетүү коркунучу сакталууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/08/1104772205_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dfaab41b5a8a7ecd7cfda66af3b0027b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио